Суроо:
Маалымат агенттиктери акыркы күндөрдө Америка самолёттору Ирак түндүгүндө ИШИМ (Ирак жана Шам Ислам Мамлекети) уюмунун кээ бир объектилерине абадан чабуулдарды ишке ашырганы жөнүндө кабар таркатты… Обама жана кээ бир америкалык жооптуулардын «бул иш инсанийлик үндөөлөрүнө ылайык жана массалык кыргын жүз беришинен тынчсызданып ишке ашырылды» деген сөздөрү о.э. ушул сыяктуу кеп-сөздөр пайда болду. Акыйкатта болсо, Сирияда мындан да катуураак жана ырайымсызыраак кыргындар болду, бирок, Америка аралашпады. Ал тургай, Ирактын өзүндө да Анбар жана Фаллужа кыргындары болду, ошондо да Америка аралашпады. Бул болсо, төмөкүнү түшүндүрөт, инсанийлик үндөөлөрү жана ушул сыяктуу даабалар Америка самолётторунун Ирак түндүгүндө чабуулдарды ишке ашырышын актоочу ишенимдүү себеп эмес. Муну окуяларды күзөтүүдөн түшүнүп алууга болот… Суроо төмөнкүдөй: Эгерде бул түшүнүк туура болсо жана тиги даабалар бул чабуулдардын негизги себеби болбосо… анда, эгерде мүмкүн болсо, сиздин жүз берген окуяларга тиешелүү саясий талдооӊузга ылайык өзүӊүз көрүп жаткан чыныгы себепти баян кылып беришиӊизди суранамын. Аллах сиздерге жакшылыкты тартууласын.
Жооп:
1 – Ооба ушундай, сиздин «инсанийлик үндөөлөрү чыныгы себеп эмес» деген талдооӊуз туура. Анткени, Американын иштерин жана аралашууларын күзөтүп турган адам инсанийлик үндөөлөрү Америкадан өтө эле алыста экендигин көрөт. Муну Американын Ирак жана Афганистанда кылган кылмыштары айтып турат… Муну Абу Гурейб жана Гуантанамо камактарындагы кыйноолор айтып турат… Муну Американын Мьянма менен болгон алакалары айтып турат. Мьянмадагы мусулмандарга каршы ишке ашырылган ушунча кыргындар, кырсыктар жана массалык кыргындарга карабастан, Америка Мьянма өкмөтүнө зыян жеткире турган чара бул жакта турсун, ал тургай, бул өкмөттүн тынчын ала турган чараны да колдонбоду… Тескерисинче, Америка Мьянма менен экономикалык алакаларын ого бетер күчөттү… Американын бул жааттагы кылмыштарын эсептеп чыгуу үчүн том-том барактар керек болот.
2 – Америка Иракты 2003-жылы басып алгандан бери Иракты бөлүнүп кетүүгө даярдоодо. Ушундай максатта Бреммер тайпачылык, мазхабчылык негизинде иштеп чыккан конституция тайпалар жана мазхабдарга үлүштөрүн бере турган болду… Бул үлүштөрдү республика президентине, парламент төрагасына жана премьер-министрге бөлүп берди. Премьер-министр аткаруу бийлигине ээ болгондуктан жана Бреммер аны мазхабчылык негизиндеги мансап кылып койгондуктан, демек премьер-министрлик мансабы башка катмарларга карата карасанатай жана фитна козгоочу мансап болду… Абал ушунчалык даражага чейин жетип барды дейсиӊ, натыйжада Ирак чындыгында эле түндүк чыгыштагы күрттөргө, батыш жана түндүктөгү суннийлерге жана түштүктөгү шиаларга бөлүнүп калды. Багдад болсо ушул бөлүнүүлөр ортосунда болуп калды…
3 – Конституция долбоорунун өзү да региондордон турган федералдык башкаруу болушун жана региондордун ыйгарым-укуктары күчтүү болушун айтып турат. Демек, Америка Иракты үч регионго бөлүп таштоо үчүн шарттарды даярдоого жетишти. Ар бир регион өз проблемаларын өзү чечип гана калбастан, балким чатакташкан башка регионго чыгып отурбастан өзүнүн ичинде да өз ара жаӊжалдаша турган болот. Америка мына ушундай жолду карманды. Америка 2011-жылы Ирактан аскерий күчтөрүн алып чыгып кеткенден кийин Иракта тартипти сактап тура турган коопсуздук келишимин даярдаган болсо да, бирок, коопсуздукту Иракты бөлүп таштоону камсыздоо мазмунунда, өзү түшүнө турган көрүнүштө белгиледи. Мына ошол келишим боюнча региондорду борбор менен бир алсыз байламта байланыштырып тура турган болду. Америка бул келишимди келечекте, эгерде колунан келсе, Иракты бүтүндөй бөлүп таштоо жолунда ташталган кадамдар катары иштеп чыкты. Демек, Америка коопсуздукту мына ушундай түшүнөт т.а. регион катмарларынын өзүнө-өзү карасанатайлык кылышы гана эмес, балким бир региондун башкасына карасанатайлык кылышы да деп түшүнөт.
4 – Ошондуктан, эгерде суннийлердин проблемалары өздөрүнүн региону алкагында гана калса, же күрттөрдүн проблемалары өздөрүнүн региону алкагында гана калса, же шиалардын проблемалары өздөрүнүн региону алкагында гана калса, Багдад болсо үч регионго карай кеткен жана үчөөнү алсыз байламта менен байланыштырып туруучу жол болуп кала берсе, анда бул жерде коопсуздукка зыян жетти деген нерсе болбойт, арийне Американын аралашуусуна шылтоо калбайт… Ушуга ылайык, демек эгерде бир регион башкасына кол салса, анда муну Америка коопсуздукка зыян жетүү деп билет да, ошол коопсуздук келишимин шылтоо кылып дароо аралашат. О.э. эгерде бирер регион борбор Багдадга кол салса Америка муну да коопсуздукка зыян жетиши деп эсептейт да дароо аралашат… Америка Ирак менен түзүлгөн коопсуздук келишими боюнча жалаӊ күрттөр үчүн өз алдынча бир регион болгон кезде да ушундай кылды… Мына ошондон кийин Америка акыркы жылдарда калган региондорду: суннийлер жана шиалар регионун да иш жүзүндө даярдай баштады… Бул болсо, суннийлер менен шиалар ортосунда бири-бирине катуу жек көрүүнү ойготуучу көрүнүштө душмандыкты пайда кылуу үчүн өзүнчө бир ыпылас даярдыкты талап кылат эле. Ушундай максатта Америка куурчагы болгон Малики мазхабчылык фитнасы менен өзгөчө айырмаланып турду. Ал башкаларга карасанатайлык кылып алардын каарын козгоду. Натыйжада региондорго бөлүп таштоо үчүн шарт пайда болду. Малики бул ролду ийгиликтүү аткарды. Анткени, Малики суннийлер менен күрттөр ортосуна душмандык уругун септи. Натыйжада, Ирактын бөлүнүп кетиши көптөгөн адамдардын талабына айланып калды… Малики бул душмандыкты пайда кылууга жана региондорго бөлүнүп кетүү үчүн чөйрө даярдоого жетишти. Ал Америка Маликиге жүктөгөн негизги милдет болчу. Ушул жийиркеничтүү милдетти ишке ашырышы үчүн Америка Маликини премьер-министр кылып койгон эле… Ошондуктан, Америка өз каалоосуна жетишкен окшойт. Анткени, Малики Ирактагы адамдар ортосунда душмандык чөйрөсүн даярдоого жетишти жана анын ролу аяктады. Ошондуктан, бир аз оор басырык өкмөткө муктаждык пайда болду. Бул өкмөт душмандык чөйрөдөн пайдаланып, региондор же аймактардын ишин аларды өз жерлеринде иш жүргүзө турган кылып коё турган көрүнүштө тартипке салат, бул аймактар борбор менен федерация деп аталып жаткан бир мамлекет сымал нерседе алсыз байламта менен байланышып турат… Ошентип, Маликинин ролу аяктады жана өзүнүн кожоюну Америка тарабынан, ал тургай, Иран тарабынан да айдала турган, каралана турган болуп калды. Малики бул куугунтукту күтпөгөн окшойт. Анткени, ал Америкага жана анын кызыкчылыктарына ушунча кызмат кылгандан кийин о.э. Иран жана анын талаптарына ушунча кызмат кылгандан кийин айдалып кетишин күтпөгөн эле. Ошондуктан, ал ызасынан күйүп-жанып ачууланды… Эгерде ал акылдуу болгондо, анда ал үчүн булар күтүлбөгөн иш болбойт эле. Анткени, малайлар өз ролун толук аткарып болгондон кийин алар жолдун четине ыргытылат. Кээ бирлерин кожоюндары ташсыз жолго ыргытып аларга «сый-урмат» көрсөтүшсө, кээ бирлерин таштары оркоюп чыгып турган жана денелеринин тамтыгын чыгара турган таштак жолго ыргытышат…!
5 – Жогоруда айтылгандарга ылайык, демек Америка суннийлер регионунда уруулар, ИШИМ, баасчылар жана накшбандийлер ортосунда жүз берген кандуу окуяларды коопсуздукка зыян жетүү деп эсептебеди. Ушунча кыргындарга карабастан, аларды мындай деп эсептебеди. Ырасында бул кыргындар жаӊжал жана өз ара кырды-бычак согуштар бир региондун ичинде жүз берген соӊ, Америка аларды мындай деп эсептебейт… Америка ИШИМдин 2014-жыл, 10-июнда Мосулга чейин, же Тикритке чейин, же башка жерлерге чейин жетип келишинде да эч кандай коопсуздукка зыян жетүүнү, массалык кыргынды жана инсанийликке карасанатайлыкты көрбөдү… Анткени, бул өз ара кырды-бычак согуштар бир региондо болду… Бирок, Америка ИШИМдин жана башка сунний жамааттардын Багдадга жакындашып калганын жана ага болгон коркунучун коопсуздукка зыян жетүү деп эсептеди. Ошондуктан, ал Багдаддагы элчиканасына коопсуздук боюнча эксперттерди жиберди. Муну Псаки 2014-жыл 16-июнь күнү айтты. Багдаддагы Америка элчиканасы фитналар уясы катары дүйнөдөгү эң чоӊ элчикана болуп эсептелет. Бул фитналар «ашканасында» адамзатка карасанатайлык кылуу үчүн ыпылас ыкмалар жана булганыч каражаттар «бышырылат»… Ошондон кийин Америка 2014-жыл, 31-июнда Багдадга кошумча 300 аскерди о.э. бир топ вертолёт жана учкучсуз самолётторду жиберди. Пентагон америкалык аскерлерди Багдад аэропортундагы коопсуздук имараттарына жайгаштырууга токтом кылды. Пентагондун расмий сүйлөөчүсү адмирал Жон Кирби Ирак борбору Багдаддагы Америка элчиканасы, анын инфраструктуралары жана Багдад эл аралык аэропортунун коопсуздугун жакшылап камсыздоо үчүн 200гө жакын аскер Иракка келгендигин о.э. кошумча 100 аскер «коопсуздук жана камсыздоо жардамын көрсөтүү үчүн» Багдадга жолго чыгышы тууралуу чечим кабыл алынгандыгын айтты… Булардын бардыгы мына ошол уюмдардын Багдадга жетип келишине бөгөт коюу үчүн кылынган коркутуучу ишаралар болду. Ошондуктан, бул уюмдар артка чегинип, Багдадга каршы чабуулдар токтоду… Акыйкатта болсо, Малики жана анын күчтөрү ушундай бир алсыз абалда эле дейсиӊ, мына ошол уюмдардын Багдадга жетип келип максаттарына жетишүүсү өтө эле оӊой болуп калган болчу. Бирок, бул уюмдар Американын коркутуучу ишараларын олуттуу кабыл алышып, артка чегиништи…!
6 – Ошентип, демек Американын Ирактагы окуялар жүз беришин тартипке салууга тиешелүү тартип-эрежелерин бузуу Американын назарында адамдык укуктарды бузуу, массалык кыргындан тынчсыздануу орду жана «кызыл сызыктардан» өтүп кетүүчү коопсуздукка зыян жетүү болуп эсептелет… Бирок, Америка ишке ашырып жаткан кыргындар, ал дарыя кылып агызып жаткан кандар, адамзат, бак-дарак жана тоо-таштарды кыйроого учуратышы – ырасында бул кыргындар жана кылмыштар Америка кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып жаткан соӊ о.э. анын жийиркеничтүү пландарын ишке ашырып жаткан соӊ – буга кирбейт… Ушуга ылайык, демек ИШИМдин суннийлер регионуна кол салышы жана Курдистан регионуна коркунуч туудура турган көрүнүштө жакындашып келгени Американын назарында коопсуздукка зыян жетүү, адам укуктарын бузуу жана массалык кыргын болду. Муну Обама «Нью-Йорк таймс»тын ал менен 2014-жыл, 9-августта болгон маекте ага Ирак түндүгүнө самолёттор чабуулдары менен аскерий аралашуу жөнүндө берген суроосуна жооп берип жатып айтты. Обама: «Каршыӊда массалык кыргын жүз бериши мүмкүндүгүнөн тынчсыздана турган жана биздин ал жерде бар болуп турушубузду каалабай турган кандайдыр бир мамлекет пайда боло турган шарт пайда болсо… демек, мындай кылуу сага зарыл болуп калат», – деди. Обама муну Сирияда жардыруучу бочкалар менен ишке ашырылып жаткан катуу жана ырайымсыз кыргындар жүз берип жаткан бир мезгилде айтууда… Ошого карабастан, Обама Сириядагы бул кыргындарга тынчсызданбай жатат, аларды массалык кыргындар деп эсептебей жатат! Ошондуктан, Обама Сирия тогутунун кыргындарына каршы аралашпады… Бирок, ал Ирак түндүгүндө коркунуч Курдистан регионуна жакындап калганы үчүн дароо аралашты. Ошондуктан, анын 2014-жыл, 8-августтагы кайрылуусу аралашуу жөнүндө болду, анын орунбасары Байден болсо Барзоний менен байланышып ага Америка аны колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди. Мына ошондон кийин 2014-жыл, 9-август күнүнөн баштап Америка чабуулдары ишке ашты…
7 – Американын аралашуусуна негизги себеби, ИШИМ тарабынан Курдистан регионуна каршы ар кандай чабуулдарга жол бербестик. Американын Иракты эч кайсы регион башкасын басып албастан, борбор менен алсыз байламта байлап тура турган үч регионго бөлүп таштоого тиешелүү саясаты ушуну талап кылат. Демек, Америка Ирактын кандай гана формада болбосун дагы бир бүтүн мамлекет болушун каалабайт. Тескерисинче, Америка Ирактын региондорго бөлүнгөн абалда кала беришин каалайт. Бул бөлүнүү акыры Америка пландары боюнча мыйзамдуу бөлүнүүгө алып барат. Ошол эле убакта Америка бул региондордогу ички чатакты Америка аралашуусуна уруксат берүүчү коопсуздук келишимине тескери келе турган коопсуздукка зыян жетүү деп билбейт…
Чыныгы себеп мына ушундай. Мында эч кандай инсанийлик үндөөсү же массалык кыргындан тынчсыздануу деген нерсе жок… Анткени, Америка башчылыгындагы капиталисттик мамлекеттер кандайдыр инсаний же ахлакий факторго кыпындай да маани беришпейт. Тескерисинче, бул мамлекеттер назарындагы негизги маселе, ал тургай эгинзарлар тебеленип жана урук-тукум кырылып кетсе да өздөрүнүн фитналарын күчөтүү жана жийиркеничтүү пландарын үгүттөө болуп эсептелет… Колонизатор кафирлердин чыныгы кебетеси мына ушундай, алар момун туурасында убадага да, милдетке да бапаа кылышпайт. Тескерисинче, алардын колу кайда барса канга малынат. Бул колдор алардын зыянына күбөлүк берет. Алардын кылмыштарынан алардын өзүнө кыйроо болот.
8 – Сөзүбүздүн аягында айтарыбыз, кылымдар бою дүйнөгө жетекчи болуп келген Исламий Үммөттүн тогут, рувайбиза акимдер зомбулугу астына түшүп калганын көрүшүбүз өтө ызалуу. Бул рувайбизалар Үммөттүн мойнуна минип алып аны колонизатор кафирлер менен алардын малайлары өз фитналарын жана жийиркеничтүү пландарын ишке ашыра турган бир майданга айландырышты… Бул Үммөт токсон жылдан ашыгыраак убакыт мурда өз халифалыгы кулатылышына сүкүт сактап тура бергенден баштап анын үстүнө катуу мусибаттар жана балээлер жаады. Халифалыгы кулашынын натыйжасында бул Үммөттүн коргоочу калканы жана көркөм башкаруусу жок болуп кетти. Натыйжада анын башына мусибаттар жаады… Бирок, биз бул Үммөттө күбөсү болуп турган мына бул таасирдүү ойгонуу ушул ызаны жеӊилдете турган нерсе болуп эсептелет. Анткени, Үммөт бүгүн күчтүү аракетке келүүдө жана салабат менен жанданууда… Кала берсе, бул ызаны, инша Аллах, жок кыла турган нерсе даъватты жеткирип жаткан мына ушул пакиза адамдардын бар экендиги. Алар күн-түн дебестен даъватты жеткиришүүдө. Алар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелеп Исламий турмушту дагы кайрадан баштоо үчүн Аллахтын уруксаты менен пакиза, такыбалуу Хизбдин курамында иш алып барышууда. Халифалык тикеленсе Үммөт Аллах Субханахунун уруксаты менен дагы кайрадан мурдагы азиздик жана саййиддик абалына кайтат о.э. акылуу көрүнүштө адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөт болот. Бул болсо, Аллахка кыйын эмес…
«Албетте, силер анын кабарын (аз гана) убакыттан кийин билип аласыӊар» [38:88]
16-шаввал, 1435-х.
12-август, 2014-м.