Саясий хизб эсептелеген Хизб-ут-Тахрир исламий мабдага таянат. Хизб Түркияда өз аракетин өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынан тартып баштаган. Халифалык мамлекетин тикелеп исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн пикирий жана саясий иш-аракеттерди алып барып жаткан Хизб-ут-Тахрир Түркияда да тыюу салынган. Хизб жигиттери ушул иш-аракеттер себептүү кысымга алынды. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү үстүнөн чыгарылган алты айлык эркинен ажыратуу өкүмү 2000-жылдын акырына келип 15 эсеге көтөрүлүп 7,5 жылга жетти.
Хизб-ут-Тахрир – дүйнөлүк саясий хизб. Ал өз аракетин дээрлик бардык исламий жерлерге, 50дөн ашуун мамлекетке жайган. Хизб рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн иш-аракет алып барууда. Рошид Халифалык бардык мусулмандарды Аллах Таала түшүргөн өкүмдөр менен башкарат о.э. Исламий Үммөттү 13 кылым бою бекем тургандай бир жетекчи башчылыгында кайра бириктирет. Халифалык мамлекети Исламды бүткүл дүйнөгө нур жана хидаят рисалаты катары көтөрүп чыгат. Хизб-ут-Тахрир өзүн Үммөттөн жогору коюу ыкмасына таянбайт, тескерисинче, ал ушул Үммөттүн ажырагыс бөлүгү, ошондуктан, Үммөт ичинде жана аны менен биргеликте иш алып барат, Үммөттүн колдоосуна жетишүүгө о.э. ага жетекчилик кылууга аракет кылат. Хизб жалаң гана пикирий жана саясий иштерди алып барат, куралдуу иш-аракеттерге таптакыр таянбайт. Ошондуктан, дүйнөдөгү, дос да, душман да 60 жылдан ашуун доордон бери өз аракетин улантып келе жаткан Хизб-ут-Тахрир карманган бул бекем негизди жакшы билет. Хизб-ут-Тахрирди «террорчу» деп, жигиттерин «террорчулар» деп жарыялаган кимселер да же мына ушундан келип чыгып өкүмдөрдү чыгарып жаткан кимселер да муну абдан жакшы билишет. Алар мажбурлоо жана жасалмалуулук менен тыгыштырылган бул сөздөрдүн жалган экенине башкалардын алдында күбө. Ошентип, бул айыптоолор укуктук саналышынан көрө көбүрөөк саясий болуп эсептелет.
Түркия 1960-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки болуп өткөн өзгөрүүлөрдү үлкөн демократия жана үлкөн эркиндикке карай ташталган кадам деп эсептейт. Бирок, Хизб-ут-Тахрирге келгенде мунун бүтүндөй тескериси болууда. 1960 жана 1980-жылдагы төңкөрүштөрдөн кийин мамлекеттик коопсуздук сотторунда чыгарылган токтомдор ортосунда о.э. демократиялык өкмөттөр жана жарандык соттор өкүм жүргүзгөн жылдары чыккан токтомдор ортосунда карама-каршылыктар бар. Төңкөрүш конституцияларынан жана мыйзамдарынан келип чыккан өзгөртүүлөргө, көптөгөн соттук реформаларга, Европа Союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирилген мыйзамдарга карабастан, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн сот иштеринде адилетсиздик жана акы-укуктарды тебелөө уламдан улам күчөп барууда.
2000-жылдын башында Хизб-ут-Тахрир жигиттери 3 жылга эркинен ажыратылган болсо, учурга келип бул жаза – «терроризм» аныктамасы өзгөргөнүнө карабастан, негизсиз айыптоолор жана акы-укукту тебелеген көптөгөн иликтөө иштери себептүү – эки эседен жогору көтөрүлдү. Азыркы мыйзамдарда Хизб-ут-Тахрир жигиттерин жазага тартуу боюнча эч кандай берене жок экенине карабастан, жүздөгөн кишилер миң жылга эркинен ажыратылды: 500дөн ашуун киши жалпысынан 1828 жыл камак жазасына өкүм кылынды.
Катаалдашып бара жаткан бул өкүмдөрдүн себептеринин бирин ушул жыйынтыктоочу айыптоодо камтылган: «Жада калса, Хизб-ут-Тахрир демонстрацияларынын эч биринде же Хизб максатында зомбулук жок экени анык болсо да, анын максатында зомбулук бар. Демек, өз мыйзамдуулугун калктан алган демократиялык түзүмдү кулатуу мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө үчүн бул зомбулукту токтотуу зарыл. Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрирди террорчу партия деп кароо керек». Генералдык прокурор Аппеляциялык сотко кайрылып мындай деди: «Бул партиянын максаты Халифалык мамлекети тикеленгенден кийин насраний мамлекеттерди жихад аркылуу Халифалык мамлекетине кошуу үчүн куралдуу күрөш алып баруу экендиги аныкталды». Ушул таризде Хизб-ут-Тахрир «террорчу хизб» деп таанылды жана анын жигиттерине укукка таптакыр туура келбеген өкүмдөр чыгарылды.
Түркиядагы башка кишилер жана исламий жамааттар да ушуга окшогон чараларга кабылды. Демек, эгер маселе Ислам жана мусулмандарды камтыса, эски Түркия менен азыркы Түркия ортосунда эч кандай айырма жок. Бул республика тарыхындагы токтобой келе жаткан мусулмандардын укугу тебелениши жана зулум жеткирилиши эски кемелчи концепциясынын илманий менталитетинен, фитнага тил бириктирүүдөн (армияга коюлган айыптоо) жана бүгүнкү күндө жайылган «параллель мамлекеттен» (Гюлен жамаатын айыптоо) айырмаланбайт. Демократиялык мыйзамдар, реформалар, демократиялык өзгөрүүлөр узак убактан бери мусулмандарга терс таасирин тийгизип келди. Ушуну да эске алуу зарыл, бул жаатта ири күчтөрдүн өлкөбүзгө карата коркутуулары жана саясаттары маанилүү роль ойноодо. Бирок, Халифалык мамлекети сыяктуу улуу кубаттын исламий жерлерде – Аллахтын уруксаты менен – тикелениши азыркы режимдердин күнү бүтүшүнөн, геосаясий эсептер жана тең салмактуулуктардын өзгөрүшүнөн дарек берет о.э. колонизаторлук жолун кыйратат.
Бул жөнүндө биз Ражаб Таййиб Эрдаган республика президенти болуп шайлангандан кийин түзүлгөн Ахмад Давуд углу башчылыгындагы жаңы өкмөткө кайрылабыз. Судьялар жана прокурорлор жогорку кеңешинин шайлоолору алдында турган бардык судьялар жана прокурорлорго кайрылабыз. Бул өлкөгө, анын калкына, бардык жарандык коомдорго жана Исламга, Исламий Үммөткө жан тарткан маалымат каражаттарына да кайрылабыз. О.э. биз Исламий Үммөттүн ажырагыс бөлүгү болгон Түркиядагы боордошторубузга кайрылабыз жана алардын баарынан бул зулумга «ТОКТО» деп айтышын суранабыз.
Эй жаңы өкмөт! Умар G: «Адилет – башкаруунун негизи» деп айткандай Исламды жашоодо колдонуу менен гана адилеттик орнойт. Бирок, Хизб-ут-Тахрир жигиттери үстүнөн пикири жана саясий иштери үчүн катаал жазалар чыгарылууда. Акыйкатта болсо, ал өз максатына эч кандай зомбулук иштерин колдонбостон жана таянбастан жетишүүгө аракет кылып жатат. Ошондуктан, мындай катаал өкүмдөрдү чыгаруу анык зулум жана акы-укукту тебелөө болуп эсептелет. Ошондуктан, силердин жаңы иш баштаган жана «Жаңы Түркия» деген ураанды көтөрүп чыгып жаткан өкмөтүңөр бул зулумга тезинен чек коюшу керек же эч болбогондо укукту ээлерине кайтарып бериши керек. Силердин өкмөтүңөр силерге жана «параллель мамлекетке» каршы даярдалган төңкөрүш планына каршы күчтүү жана бекем позицияда тургандай Ислам жана мусулмандардын укугу тебеленишине каршы да ошондой позицияда турушу керек эмеспи? Эгер, Эсеп Күнү жөнүндө ойлосоңор, силер миллиондогон адамдардан жоопкер акимдер катары мына ушундай позицияда турушуңар керек эмеспи?
Эй соттор жана судьялар! Адилет менен өкүм чыгаргыла. Аллах Таала айтат:
«Бир коумду жаман көрүшүңөр силерди адилетсиздикке тартпасын!» [5:8]
Анткени, силер кабыл алып жаткан ар бир токтом жөнүндө Аллах алдында сураласыңар жана жоопкер болосуңар, бул токтомдор Кыямат күнүндө өзүңөргө каршы мусийбат болот. Полиция жана атайын кызматтар тарабынан силердин сотуңарга берилген отчёттор Хизб-ут-Тахрир азыркы формасында зомбулукка таянбашын, ошондуктан азыркы мыйзамдарга ылайык ага террорчу уюм деп баа берүү таптакыр мүмкүн эместигин анык көрсөтүп турат. Силер укук тармагындагы эксперттер даярдаган Хизб-ут-Тахрир жөнүндөгү илимий колдонмолор менен да таанышып чыккансыңар. Ко-ош, ушунча нерселерге карабастан, айыпсыз кишилер үстүнөн – өзүңөрдүн ынсабыңарга карабастан, кандайдыр бир саясий буйруктарга жана басымдарга моюн сунуп – жаза өкүмдөрүн чыгарышыңар адилеттикпи? Силерге зордоп тыгыштырылып жаткан нерселер каршысында ийилбешиңер жана чыгарган актоо токтомдорунда бекем турушуңар шарт эмеспи?
Эй жарандык коом уюмдары жана маалымат каражаттары!Силер «Акыйкатты айтпай сүкүт сактаган кимсе – дудук шайтан» экендигин жакшы билесиңер. Андыктан, силер акы-укуктардын тебеленишине каршы олуттуу мамиледе болушуңар керек эмеспи? Силер макамыңар жана иш алып барып жаткан вазыйпаңар себептүү ушундай каршы мамилени билдиришиңер керек! Силер өзүңөр көтөрүп чыгып жаткан «динге, же тилге, же түскө, же мазхабга, же мабдага бөлбөстөн, баарына бирдей кароо» деген принципке ылайык иш кылышыңар керек эмеспи? Башкаларга караганда силер жүздөгөн айыпсыз кишилер болбогур шылтоолор, айыптоолор жана негизсиз, туура эмес жүйөлөр менен миңдеген жылдарга эркинен ажыратылган учурда, бул адилетсиздиктин курмандары ушул кишилердин үй-бүлөлөрү, перзенттери жана достору болуп жаткан учурда акы-укуктардын тебеленип жатканы жөнүндө көбүрөөк айтышыңар керек эмеспи?
Эй калыс мусулмандар! Силер зулумга ыраазы болуп унчукпай туруу да зулум экенин жакшы билесиңер. Хизб-ут-Тахрир силерден жана силер менен бирге, перзенттериңер, ага-инилериңер жана жакындарыңар Хизб менен бирге аракет кылышууда. Силер Хизб-ут-Тахрир террорчу хизб эместигине жана анын мүчөлөрү да террорчулар эместигине күбөсүңөр. Эң катаал жазаларга жана ырайымсыз мамилеге кабылып жаткан Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата позицияңарды белгилешиңердин жана күбөлүктөрдү беришиңердин убагы келбедиби?
Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты – Аллахтын уруксаты менен – 2014-жылдын 18-сентябрынан тартып «Хизб-ут-Тахрирге каршы соттук куугунтукка ТОКТО деп айткын» аталышында кампания уюштурат. Бул кампаниядан Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы чыгарылып жаткан жана бардык муфаккир мусулмандарга каршы чыгарылып жаткан залим өкүмдөргө жана акы-укуктарды тебелөөгө чек коюу көздөлгөн. Калктын аң-сезимин жогорулатуу жана бул зулум каршысында унчукпай турбоо максатында ушул кампания алкагында басма сөз конференциялары, жолугушуулар, маалымат каражаттарынын аракеттери жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.
Биз албетте бул түзүмдөн адилетти үмүт кылбайбыз, Ислам өкүмдөрүн колдонуунун натыйжасы гана адилеттик болуп эсептелет. Ошондуктан, кайсы жерде болбосун Ислам турмуштун бардык тармактарында толук колдунулбаса адилетке негиз салуу таптакыр мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз азыркы режимден акы-укуктарды тебелеген адилетсиздиктен жана мыйзамсыз иш-аракеттерден баш тартууну гана үмүт кылабыз. Бул бардык адамдардын – алар кайда болбосун – кадыресе укуктары!
Хизб-ут-Тахрир түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 60 жыл бою дүйнөнүн бир канча мамлекеттеринде зулумдун бардык түрлөрүнө, укуктарды тебелеп-тепсөөгө, мыйзамсыз чараларга учурады. Хизб саясий репрессиядан тартып кыйноолорго чейин, камакка алуулардан тартып өлтүрүү, шейиттикке чейинки бардык кыйынчылыктарды тартты. Ошого карабастан, Хизб түзүлгөндөн бери таянган негиздерден, тарыйкатынан о.э. максатынан кыпындай да чегинбеди жана таптакыр чегинбейт дагы. Дүйнөдөгү эч бир күч, же тогут, же диктатор Хизб-ут-Тахрирди коркута албады, багытынан буруп жибере албады жана таптакыр буруп жибере албайт дагы. Хизб – Аллахтын уруксаты менен – өз багытында Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети күчтүү, азиз Аллахтын жардамы менен жакынкы, тез күндөрдө тикеленгенге чейин бекем турат. Халифалык – Аллах Тааланын убадасы жана Расулуллах Aдын башараты!
Хизб-ут-Тахрир Түркия вилаяты
20-зул-каъда, 1435-х.
15-сентябрь, 2014-м.