Хизб-ут-Тахрир-Индонезиянын кадырлуу Ислам уламаларына жана лидерлерине жолдогон кайрылуусу

437
0

2014-жылы 6-7-сентябрь күндөрү Индонезияда өткөрүлгөн уламалар жолугушуусунун жыйынтыктоочу конференциясындагы Хизб-ут-Тахрир-Индонезиянын кадырлуу Ислам уламаларына жана лидерлерине жолдогон кайрылуусу

 Кадырлуу, азиз улама боордошторго:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!

Аллах Субханаху айтат:

«Албетте Аллахтан пенделери арасында уламалар коркушат»                              [35:28]

Расулуллах A мындай дейт:

«الْعُلَمَاءُ وَرَثَةُ الأَنْبِيَاءِ»

«Уламалар пайгамбарлардын мураскорлору» (Абу Давуд жана Тирмизий Абу Дарда Gдан риваят кылышкан).

Аллах Таала таква, пакиза уламаларга берген мына ушундай жогору даражаңар себептүү биз силерге кайрылуу жасоону чечтик, силер да, биз да Аллах жолунда жаманатты кылуучуунун жаманаттысынан коркпой акыйкатты айткан ошол заттардан болсок ажеп эмес.

Кадырлуу уламалар!

Уламалар илимде, амалда, ыйманда жана позицияларда пайгамбарлардын мураскорлору болуп эсептелет. Бирок, бүгүнкү күндүн уламалары кайда?! Пайгамбарлардын мураскорлору кайда?! Пайгамбарлар дирхам же динарды мурас кылып калтырбаган, алар шаръий илимди, амалдарды жана бекем позицияларды мурас кылып калтырган. Мусулмандардын кечеги улуу уламалары үлкөн илими жана кеңири көлөмдүү фикхтери менен гана наам калтырган. Алардын доорунда уламалар жана фукахалар абдан көп болгон. Кечеги күндүн улуу уламалары өз заманында туш келген маселелерге карата карманган позициялары жана күрөшү менен белгилүү болушкан.

Өз доорунда Абдуллах ибн Аббас хаварижтерге каршы күрөштү, Саид ибн Жубайр Хажжажга каршы күрөштү, Суфян Саврий Харун ар-Рашидден келген катты «бул кат залимден келди» деп, колу менен кармабады, досторунун бирине каттын артына: «Харунга, амирул муъмининге эмес, … сен мусулмандардын малын өз нафсиң менен бөлүштүрүүнү ыраа көрдүң, андыктан, залимсиң жана мен сага каршы күбөлүк беремин», – деп жооп жаздырды. Абу Ханифа халифа Мансурдун саясатына таптакыр ыраазы болбоду. Бир күнү Абу Ханифа камакка кармалып турганда энеси ага: «Нуман уулум, сага илим таяктан жана камактан башка пайда алып келбеди, бул, илимден баш тартышың үчүн жетиштүү», – дейт. Ошондо Абу Ханифа: «Энеке, эгер дүйнөнү каалаганымда ага жетишмекмин, бирок, мен Аллах илимди сактаганымды жана илим менен кошо өзүмдү кыйроого таштабаганымды билишин кааладым», – деп жооп берет. Ахмад ибн Ханбал Куръандын махлуктугу маселесине каршы күрөштү, Из Ибн Абдуссалам мамлуктарды сатып жиберди, Ибн Таймия монголдорго каршы жихад кылды… ж.б.у.с.

Бул – кечеги күндүн мусулман уламаларынын айрым позициялары. Бүгүнкү күндүн мусулман уламалары кайда калды?! Үммөттүн учурдагы маанилүү маселелерине карата кандай позицияда турасыңар?! Газзалийдин «Жарандын бузулушу падышалардын бузулушу менен, падышалардын бузулушу уламалардын бузулушу менен болот» деген сөздөрү кайда калды?! Аллах Тааланын:

«Албетте, аны адамдарга ачык баян кыласыңар жана жашырбайсыңар»                [3:187]

деген сөзүн унуттуңарбы?! Эмнеге тигил саткын акимдердин жардамчылары жана куралдары болуп калдыңар?! Акыйкатка жардам бербесеңер, батылды тыйбасаңар, маъруфка буйруп, мункардан кайтарбасаңар, акимдерди тергеп-тескебесеңер, мындай илимиңерден жана барлыгыңардан эмне пайда?!

Кадырлуу улама боордоштор!

Жер жүзүндө шарият өкүмдөрүн колдонуу жана Халифалыкты тикелөө диндин эң чоң важибдеринен болуп, көпчүлүк уламалар макулдашкандай «Ад-Дин би аз-Зарура» т.а. ар бир мусулман билиши шарт деп таанылган. Газзалий мындай деген: «Падышалык менен дин – эгиздер: дин – булак, султан – анын сакчысы, эмненин булагы болбосо, ойрон болот, эмненин сакчысы болбосо, жоголот». Ошондуктан, Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуу Хизб-ут-Тахрирге гана фарз эмес, бүткүл мусулмандарга, алардын катарында, уламаларга да фарз. Ким мында суздук кылса күнөөкөр болот.

Кадырлуу уламалар, Халифалык – фарз, Роббиңердин убадасы жана Набийиңер Aдын башараты. Аллах Субханаху мындай убада кылган:

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу)заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул(убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кимселер»                                 [24:55]

Расулуллах A мындай башарат берген:

«تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا عَاضًّا، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ».

«Силердин араңарда Аллах каалаганча пайгамбарлык уланат. Кийин Аллах каалаган убакта аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин зордукчул падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. КийинАллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлыкминхажы негизинде Халифалык болот. Кийин Пайгамбар A сүкүт кылды». (Имам Ахмад Хузайфадан риваят кылды).

Кадырлуу уламалар!

Биз ушул үч максатка жетүү үчүн бул кайрылууну силерге жолдоп жатабыз:

Биринчи: силер адамдарга жол көрсөтүүчү жана насаат кылуучу болгула. Алар Аллахтын каарына дуушар болбошу үчүн аларга бузгунчу түзүм болгон илманий капиталисттик түзүмгө сүкүт кылуу кооптуу экенин ачыктап бергиле;

Экинчи: адамдарга жол көрсөтүүчү жана насаат кылуучу болуп, өлкөбүз үчүн чыныгы пайдалуу болгон бирден-бир чечимди, Роббиден түшкөн түзүмдү т.а. Пайгамбарлык минхажы негизинде туура жолду тутуучу Халифалык түзүмүн көрсөтүп бергиле;

Үчүнчү: Имам Бухарий Набий Aдан ушул хадисти иштеп чыккан:

«لاَ يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يُحِبَّ لِأَخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ»

«Боордошуң өзү үчүн жакшы көргөн нерсесин боордошуна ыраа көрмөйүнчө момун боло албайт».

Биз да силерге жакшылык каалайбыз, мына ушундай улуу фарзды т.а. Халифалык мамлекетин тикелөө фарзын аткарууда бизге шерик болушуңарды каалайбыз. Халифалык жок болгондуктан бүгүнкү күндөгү ачуу чындыкты башыбыздан өткөрүп жатабыз. Андыктан, уламалар арасынан ким биринчилерден болуп бул улуу фарзды аткарууга киришет? Таква, пакиза аалым бул ишке акылуураак жана ылайыктуураак, ал бардык жакшылык иштерде биринчи сапта турушу керек. мындан улам, биз, силер, уламаларды бардык майданда Халифалыкты тикелөөгө, биз менен ушул жалпы жакшылыкта бирге болууга чакырабыз, биз Аллахтын нусраты келишине жана Халифалык таңы кайра атышына бекем ишенебиз.

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!

 Хизб-ут-Тахрир Индонезия

   29-шаввал, 1435-х.

   25-август, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here