Хейгел: АКШ кургактыктан согушка кирбейт

243
0

АКШнын коргоо министри Чак Хейгел жакынкы убакта АКШ армиясы эч кандай согушка кирбестигин ачыктады. АКШ коргоо министри бул жөнүндө Вашингтондо уланып жаткан АКШ аскерий батальонунун конференциясында айтып өттү.

АКШ армиясынын акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат       берген Хейгел жакынкы убакта Америка армиясы согушка кирбестигине басым жасады. Хейгел өз сөзүндө президент Барак Обаманын АКШ армиясы туурасындагы убадаларын эскертип өттү. Обама АКШ армиясынын Ирак жерлеринде кургактыктан согушуусу же Сириядагы согуштарда катышуусу сыяктуу жаңы согуштарга жөнөтүлбөстүгүн билдирген эле.

АКШ коргоо министри Чак Хейгел: “Сирия жана Ирактагы стратегиябыз мындай, согуш майданындагы аскерий күчтөр жергиликтүү калктан болушу керек. Биз аларга жардам беребиз, аларды колдойбуз жана аскерий машыгуудан өткөрөбүз. Бул террорчуларды (мужахиддерди) алсыратып, жок кылуу үчүн эң жакшы жол эмес, а бирок, бул терроризм (Ислам) жана экстремизм (Исламий аракет) үстүнөн женишке жетишүү үчүн улантуу мүмкүн болгон  жападан-жалгыз жол”, – деди.

Ошол эле убакта АКШ жана анын коалициясы Сирия жана Ирактагы мужахиддерге каршы чабуулду “Ички чечим” деп атагандыгын жарыя кылды. АКШ борбордук күчтөрү командачылыгы берген билдирүүгө ылайык, “Ички чечим” операциясы 8-августтан бүгүнкү күнгө чейин болуп өткөн чабуулдарды да жана мындан кийинки чабуулдарды да өз ичине алат.

Туркистон:

Шам аймагына куфр аскерлеринин киргизилиши исламий кыймылдарды бириктирип жиберет. Хейгел билдирүүсүндө, “бул терроризмге каршы күрөштүн эң жакшы жолу эмес, тескерисинче, жападан-жалгыз жолу” дегенде, АКШ исламий согушкерлер менен согушуп жаткан жок, ал Ислам дүйнөсү менен согушуп жатат деген нерсени тымызын моюнга алды. Аларды жөө аскерлерди алып кирүүдөн тосуп жаткан нерсе, эгерде алар жөө аскерлерин алып кирсе анда бул нерсе мусулмандарды Ислам идеологиясынан балкып чыгуучу Шаръий өкүмдөргө амал кылууга үндөп, бир байрак айланасында бириктире баштайт. Ошондуктан, ал мусулмандарга каршы мусулмандарды гана багыттоого мажбурбуз демекчи болууда. Бирок, убагы келип алар албетте мусулмандар менен бетме-бет келишет. Ал эми ал күндө алар дээрлик жеӊилип калган болушат. Ал күндө мусулмандар Ла илаха иллаллах, Мухаммадур расулуллах калимасына бекем байланып алган болушуп, кафирлер арабыздан бирер чыккынчыны ишке сала албай калышат. Исламды саясий мабдаъ деп түшүнүп, куфр саясаттарына алданбай коюшат. Бул чыныгы жеңиш болот. Жогорудагы жана дагы ушуга окшогон миӊдеген билдирүүлөрдү саясий аӊ-сезим менен окуй алган адам ушул маанилерди түшүнө алат. Ошондуктан, Хизбут-Тахрир Исламды өз Фикрат жана Тарыйкаты менен Мабда (система) катары көтөрүп чыгып, сүннөткө ылайык мындан башка аракеттер максатка алып бара албайт деп катуу ишенет. Ал “Исламды бийик кылуу үчүн ар бир кыймылдын өкүлдөрү бир болуп, ар бир аракеттерибизди исламий мафкура негизинде гана алып барышыбыз, үммөт катары бизди жеңишке алып барат” дейт. Хейгел да кудум мына ошонун тескерисин айтууда. Анын тынчсыздануусу да, үммөттүн өздүгүнө кайтуу жараянын тездетип жиберүүдөн, аны ойготуп жиберүүдөн эитяттыкка чакырууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here