Суроо:
Ассаламу алайкум! «Усули фикх» китебинде төмөнкү сүйлөм келген: «Аллах балагатка жетпеген балага жана мажнунга зекет, нафака жана камсыздоолорду өтөөнү фарз кылган, демек, ал мукаллаф (мажбурият жүктөлгөн адам) болуп эсептелет, анткени бул айрым өкүмдөр аркылуу ага жүктөлдү… деп айтылбайт. Себеби, бул фарздар балагатка жетпеген бала жана мажнундун амалына тиешелүү эмес, тескерисинче, анын малы жана зиммасына тиешелүү, малы жана зиммасы болсо таклиф орду болуп эсептелет. Мындан тышкары, каламдын көтөрүлүшү туурасында «Тээ балагатка жеткенге чейин» жана «Тээ эсине келгенге чейин» деп ачык мөөнөт көрсөтүлгөн. Анткени, бул иллетти түшүндүрөт, анын иллети кичине жашта болуу жана акылдын жоктугу, мунун мал жана зиммага тиешеси жок, демек, истисна кылынбайт». Бул жерде “малы жана зиммасы болсо таклиф орду болуп эсептелет” деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!
Сиз сурооӊузда айткан тексттеги сөздөр аралашып кетип, ачык болбой калган. «Исламий шахсия китебинин 3-бөлүгүндө да ушундай текст келген: «Аллах балагатка жетпеген балага жана мажнунга зекет, нафака жана камсыздоолорду өтөөнү фарз кылган, демек, ал мукаллаф (мажбурият жүктөлгөн адам) болуп эсептелет, анткени, бул айрым өкүмдөр аркылуу ага жүктөлдү… деб айтылбайт. Анткени, бул фарздар балагатка жетпеген бала жана мажнундун амалына тиешелүү эмес, тескерисинче, анын малы жана зиммасына тиешелүү, малы жана зиммасы болсо таклиф орду болуп эсептелет. Мындан тышкары, каламдын көтөрүлүшү туурасында «Тээ балагатка жеткенге чейин» жана«Тээ эсине келгенге чейин» деп ачык мөөнөт көрсөтүлгөн. Анткени, бул иллетти түшүндүрөт, анын иллети кичине жашта болуу жана акылдын жоктугу, мунун мал жана зиммага тиешеси жок, демек истисна кылынбайт».
Тексттеги малы жана зиммасы болсо таклиф орду болуп эсептелет деген сөздөн максат, таклиф баланын зиммасы жана малына байланган болуп, ушул экөөнө түшкөн, баланын амалына жана мажнунга байланган эмес. Эми зекеттин балагатка жеткен жана акылы ордунда болгон кишиге фарз болушу анын малы жана зиммасына гана эмес, тескерисинче, амалына да тиешелүү. Ошол себептен улам, ал малынан зекет чыгарышы т.а. зекет берүү амалын кылышы фарз болгон. Ошондуктан, ал бул амалды кылбаса күнөөкөр болот. Бирок, балагатка жетпеген баланын жана мажнундун болсо зекет берүү амалын өтөшү фарз эмес. Анткени, аларга бул жүктөлбөгөн, шарият экөөнө теӊ эч нерсени фарз кылган эмес, тескерисинче, алардын малы жана зиммасына зекетти гана фарз кылган. Анткени, экөөндө теӊ мал жана зимма бар, фарз кылынуу малдагы зекетке жана зиммадагы милдетке таандык, экөөнүн өтөө амалына таандык эмес. Ошол себептен улам, мейли, малы жана зиммасына фарз болгон болсо экөөнө теӊ зекетти берүү милдети жүктөлбөгөн. Алардын малынан зекет чыгарып берүүнү болсо валийлери же валий ордундагы адам өтөп берет. Эгерде бала жана мажнун зекетти чыгарып бербесе күнөөкөр болбойт. Анткени, алар мукаллаф эмес, ал эми, эгерде күнөө пайда боло турган болсо да, экөөнүн иштерин аткарып берүүчү адамга болот.
Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта
5-ноябрь, 2014-м.
12-мухаррам, 1436-х.