ГОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗДАРЫ: ИЗРАИЛДИ КОЛДОЙБУЗ

271
0

Голливуддун кээ бир таанымал кино жылдыздары Газада мусулман калкты жырткычтарча кыргын кылган Израилди колдой тургандыктарын билдиришти.

Газа калкын кыргын кылган Израилге берилүүчү актёрлордун жардамы туурасында “Billboard”, “Variety”, “Hollywood Reporter” сыяктуу маалымат каражаттары жана бир нече түрдүү газеталарда жарыя кылынды. Кабарларда келишинче, Арнольд Шварцнеггер, Сильвестр Сталлоне, Роген, Келси Грэммер, Жоэл, Бенджи Мэдден сыяктуу таанымал жылдыздар о.э. режиссер Иван Рейтман, жазуучу Аарона, продюсер Майкл Ротенберг жана Ави Лернер, продюссер Майкл Найман, жөндөмдүү менеджер Дэнни Суссман жана тренер Хаим Сабан сыяктуу көрүнүктүү адамдар Газаны кыргын кылууда Израилди колдоп-кубаттоо үчүн чыгарылган билдирүүгө кол коюшту.

Алар тарабынан чыгарылган жана Израилди колдой тургандыктары айтылган билдирүүдө ынсап үчүн ооруканаларды жана мектептерди бомбалоого уруксат бербестиги айтылат. А бирок, Газада кыргын кылынган миӊдеген бейкүнөө мусулмандардын, ошону менен бир катарда жаш балдардын жана аялдардын жырткычтык менен өлтүрүлгөндүгүнө көз жумулат. Т.а. алардын назарында эгерде жаш балдар мектепте болсо аларды өлтүрүү мүмкүн эмес, а бирок, алар үйүнө кайтып келген соӊ бардык үй-бүлөсү менен бирге өлтүрүш керек. Бул аркылуу дүйнөгө таанылган белгилүү жылдыздар миӊдеген мусулман калкты кыргын кылуу үчүн Израилди колдоп-кубаттап жаткандыктарын дагы бир ирет көрсөтүштү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here