Тажикстандын ички иштер министрлиги таркаткан кабарга ылайык, Душанбе шаарында сентябрь айында болуп өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинде коопсуздукту толук камсыздоо үчүн Тажикстан өкмөтү мүмкүнчүлүгүндө болгон бардык чараларды ишке салууда.
Кабарда: “2014-жылдын сентябрь айында Душанбе шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйыны болуп өтөт. Бүгүнкү күндө ошол иш чара болуп өтүп жаткан маалда коопсуздукту камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүү өтө маанилүү”, – деп айтылат.
19-август күнү Тажикстандын Ички иштер министри Рамазан Рахимзада иш сапары менен Кытайга барган жана Кытайдын Жамааттын коопсуздугу министри Го Шенкун менен жолугушуп кайткан эле.
Ички иштер министрлиги таркаткан кабарда айтылышынча, Тажикстандын ички иштер министри болуп өтүүчү саясий иш чаранын коопсуздугун камсыздоо боюнча мүмкүнчүлүктө болгон бардык чаралар көрүлүп жатканын баса белгилеп өттү. Министр башчылыгында республиканын бардык укук коргоо түзүмдөрүнөн турган Ылайыкташтыруучу штаб түзүлгөн. Жогорудагы штаб коомчулуктун коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн чараларды көрүүдө о.э. аткарылган иштер туурасында ар күнү өкмөт башчыга отчёт берүүдө.
Тажикстандын борборунда 1-августтан баштап коопсуздук чаралары күчөтүлгөн жана паспорттук көзөмөл боюнча иш чаралар өткөрүлүүдө. ШКУ саммити өткөрүлүүчү аймакка жакын жайгашкан адамдар көп чогулуучу жерлер, көчөлөр, аймактар күчөтүлгөн көзөмөлгө алынган.
Август айынын аяк чендеринен баштап Тажикстандын бардык күч органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат кылышат.