Дастуруңар адамзатты кул кылуучу кайрыилахий конституция эмес, Китеп жана Сүннөт

424
12

Эй Тажикстан мусулмандары!

Дастуруңар адамзатты кул кылуучу кайрыилахий конституция эмесКитеп жана Сүннөт

6-ноябрь Тажикстан конституциясынын күнү. Бул дата материалдык идеология негизине курулган кудайсыз Советтер Союзу кулаган соң 1994-жылы Тажикстан калкына зордоп тыгыштырылды. Бул конституцияда динди турмуштан бөлүү идеологиясына негизделген республикалык түзүм кабыл алынып, президент калкты инсан тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарга ылайык башкарат.

1994-жылы президент Эмамали Рахмон президент болуп шайланды жана 20 жылдан бери ушул мансапты ээлеп келүүдө. Эмамали Рахмон Советтер Союзу доорунда коммунисттик партиянын жогорку окуу жайларында коммунисттик принциптер негизинде тарбия көргөн. Бул окуу жайлар марксисттик ленинизм материалдык философиясынын таалими негизинде партия жетекчилерин жетиштирип чыгарган.

Тажикстан калкы Исламга байыртадан итикад кылып келет. Бул өлкөгө коммунисттер кирип келгенден тартып, мусулмандар көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү, бирок, бул кыйынчылыктар аларды дининен кайтара албады. Советтер Союзунун кулашы артынан адамдар эркин дем тартып, Исламды үйрөнүүгө ылдам аракет кыла баштады, жаңы-жаңы мечит жана медреселер ачылды, ал тургай, жаштар орто мектептерде да Куръанды үйрөнө башташты. Шаар көчөлөрү исламий кийимдерди кийген муслима аялдарга толуп-ташты. Бирок, бул көпкө созулбады…

Эмамали Рахмон бийликке келиши менен мусулмандардын турмушу өтө оорлошту, Исламга даъват кылгандар дагы куугунтукталып, камакка алынып, кыйноого салына турган, өлтүрүлө турган болду жана бул нерселер Эмамали Рахмондун тогут режиминде кадыресе абалга айланды. Адамдардын турмушу жакырчылык даражасына жетип, алардын миллиондогону оокат издеп өлкөлөрүнөн чыгууга мажбур болушту, ар жылы Тажикстанга алыскы өлкөлөргө жумуш издеп барган жарандардын көптөгөн денелери кайтып келүүдө, өлкөдө калган аялдар, балдар жана кары-картаңдар болсо ачкалык жана ызгар сууктан азап тартышууда.

Эй Тажикстан мусулмандары!

Тогут конституция күнүн майрамдоо – үлкөн күнөө. Бардык мусийбаттарыбызга улуу Исламыбыздын өкүмдөрү негизинде жашабай жатканыбыз себеп болууда. Исламдагы башкаруу түзүмү исламий акыйдага негизделип, Аллах Азза ва Жалла мыйзам чыгаруучу болот, ал эми, мусулмандардын халифасы аким болот.

Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَآ أَنزَلَ اللَّهُ وَلاَ تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِن تَوَلَّوْاْ فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَن يُصِيبَهُم بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيرًا مِّنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ﴾

«Алардын арасында Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын көңүл кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият бол! Эгер(сенин өкүмүңдөн) баш тартышса, билип кой, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү мусийбат жеткирүүнү каалоодо. Албетте, адамдардан көптөрү фасыктар»                                                                                    [5:49]

 Эй Тажикстан мусулмандары!

Шек-күмөнсүз, бул турмуштагы мусийбаттардан жана кордуктардан, Акыреттеги оор азаптардан кутулушубуздун жалгыз жолу – Халифалык мамлекетин тикелөө. Ошондуктан, биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, силерди Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолду тутуучу Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Расулубуз Aдын тарыйкаты боюнча биз менен биргеликте аракет кылууга чакырабыз. Ушул мамлекет Аллахтын Китеби жана Расулу Aдын Сүннөттөрү менен өкүм жүргүзөт, Аллахтын Өзү жардамчы болсун!

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

12 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here