ДАГЫ БИР МАЛАЙ ТАШТАНДЫГА ЫРГЫТЫЛДЫ

347
0

Ирактын премьер-министрлиги мансабынан баш тартпай, жабышып туруп алган Малики ашыкча басымдарга туруштук бере албастан артка чегинүүгө мажбур болду. Ички жана тышкы басымдар артынан Малики өз мансабын Ирак президенти тарабынан өкмөттү түзүү милдети жүктөлгөн Хайдар Абадиге өткөрүп берүүгө көндү.

Ирак президенти Фуад Масум Маликинин ордуна шиалар союзунун талапкери болгон Абадиге жаӊы өкмөттү түзүү милдетин жүктөгөн эле. А бирок, Малики болсо ушул кезге чейин президенттин бул токтомун моюнга албастыгын билдирип келе жаткан эле.

Акыркы күндөрдө Маликинин маалымат катчысы Али Мусавий бир билдирүү чыгарып, Малики мамлекеттин конституциясын бузгандыкта айыптап Ирак президентинин үстүнөн жазган доо-арызын кайтарып ала тургандыгын билдирди.

“Малики жана Абади биргеликте телевидениеге чыгышат. Малики Ирак президентинин үстүнөн жазган доо-арызын кайтарып алат жана жаңы премьер-министрди колдоп-кубаттайт”, – деди Мусавий билдирүүсүндө.

Ошондон кийин Малики Ирак телевидениесинен чыгып, премьер-министрликтен отставкага кеткендигин жана мындан кийин да премьер-министр болуу даабасынан чегингендигин билдирди.

Малики башында премьер-министрлик мансабын тапшырбай катуу туруп алган эле. А бирок, мамлекет тышкарысынан жана ичкериден келген басымдардан улам мансабын тапшырууга мажбур болду. Маликинин артка чегинишине Америка жана Ирандын таасири күчтүү болгондугу айтылууда. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иракта тынч жол менен бийлик алмашуунун убагы келгендигине басым жасап, Маликинин премьер-министрликтен чегинишин “маанилүү жана мактоого ылайыктуу чечим” деп сыпаттады. Акыркы жолу Ирандын диний жетекчиси Хоманайи да жаңы премьер-министр Абадини колдогон билдирүү берген эле.

Туркистон:

Ливия президенти Каззофий, Ирак президенти Саддам, Мисирдин мурдагы президенти Мубарак жана кийинкиси Мурсий… жана башка тарыхта өткөн чыккынчы жетекчилерибиздин тагдыры, кантип эле Малики, Карзай жана башка өз кезектерин күтүп турган исламий өлкөлөрдүн жетекчилеринин көздөрүн ачпаса. Алар куфр кызыкчылыктары үчүн керек болгондо гана алар тарабынан сыйланышат.

Маликинин да миссиясы аяктады. Ал Суннийлер, Шийалар жана Күрд улутунун арасындагы абалды курчутуп берди. Эми кырдаалды тынчтык жолу менен чиелештирүү процесси башталат. Бул болсо, Маликинин АКШ кеӊеши менен алып барган бардык иштерин каралоо, бардык проблемаларды ага жабыштыруу сыяктуу айла-амалдар менен жүргүзүлөт. Ошондуктан, жаңы бийлик дагы ошол АКШнын кеӊеши боюнча Малики менен болгон алакаларды атайылап бузуп, ал жүргүзгөн иштерге тескери багытта иш алып барат.

Эмдиги багыт Иракты үчкө бөлүү негизинде уюштурулуп, Маликинин туура эмес саясаты натыйжасында изден чыгып, аймактардын өз алдынча, борборго байланбастан иш жүргүзүп жаткан саясаттарын тартипке салуу негизинде болот. Бул болсо, ар бир аймактын проблемаларын өзүнүн жергиликтүү проблемаларын эсепке алган абалда чечимди кабыл алууга мажбур кылат. Натыйжада ар бир аймакта, өз мазхабы же улуттук көз караштарынан катуу таасирленген карама-каршылыктарды келтирип чыгарат. Жаңы өкмөттүн милдети, ушул проблемаларды тынч жол менен чечүү максатында, аларды бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү чечимин кабыл алуудан жана ушул аймактарга жаңы мамлекеттер деген эл аралык мыйзамдуу түс алып берүүдөн турат. Ушунчалык да күнөөкөр болушабы бул акимдер. Бирок, Пайгамбарыбыз С.А.В: “Силер кандай болсоӊор,үстүӊөргө ошондой акимдер келет”, – деген. Т.а. биз мазхабчылык жана улутчулдук сыяктуу чалгытуучу позицияларды куфр тарабынан бизге сиӊдирип келе жаткан пикирий багыттарды жок кылып, ушул пикирий багыттардан таасирленип бири-бирин өлтүрүп  жаткан аракеттерди токтопосок, куфр биздин ушул алсыз тарабыбыздан пайдалана берет. Ал бизди бөлүктөргө бөлүп таштап, ал тургай, ар бирибизге куралдарды берип, бири-бирибизди өлтүрүүгө багыттайт.

Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрир бүт дүйнөдөгү мусулмандарга:  Ислам жана куфр гана бар экендигин, Ислам дайын, андан тышкарыдагы бардык нерсе андан эместигин уктуруп келет. Эгерде биз турмушубуздун бардык тармагын исламийлештирип албасак, ал тургай калыстык менен Ислам кызыкчылыгын ойлоп шаръий эмес жолду карманышыбыз куфрдун кадамдарын бекемдейт. Бул болсо, бизден улутчулдук, Иран менен Саудия баш болуп таркатып келе жаткан мазхабчылык сыяктуу арам болгон иштерди таркатып, ушул пикирлер негизинде башкарып келе жаткан жетекчилерди кабыл албастыкты талап кылат. Алардын мамлекет жетекчилери, же жамааттардын жетекчилери, же жеке адамдар болушунун айырмасы жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here