Бийлик өлкөнү дагы электр энергия кризисине алып кирүүдө, ошондуктан, Диляр Жумабаевди адамдардан четтетти

358
0

Диляр Жумабаев Аскар Акаев о.э. Курманбек Бакиев доорунун соңку жылдарында өлкөдө жасалма түрдө жүзөгө келтирилген энергетика кризисине каршы саясий күрөш алып барган бирден бир саясатчы болгон. Бакиев тобу да, Атамбаев тобу да өлкөнү энергетика кризисинен чыгаруу, Кумтөрдү улутташтыруу жана алтындар Канадага ташылып кетишине жол бербөө сыяктуу убадалар аркылуу бийликке келишкен. Жада калса, алар Ноокат окуясы боюнча мусулмандардын камакка алынышын каралап, «ла илаха иллаллох дегени үчүн адамдарды камакка алуу акылга сыябы» деп таң калуусун билдиришкен, өздөрүн мусулмандардын колдоочусу катары көрсөтүшкөн. Бирок, калктын талаптарын аткарууда алардын бири да Диляр жетишкен нерсеге жетише албады. Тескерисинче, алар аны камакка алууда жана зулум өткөрүүдө бири-биринен озунушту…

Дилярды бир нече жолу камакка алышты, уулап өлтүрүүгө урунушту, үй-бүлөсүн бир нече жыл электрсиз калтырышты. Диляр бийликтин кысымдарына жана куугунтуктарына карабастан, адамдарга адилет кылынышын талап кылууну токтоткон жок. Кийин, ага миллион сом пара сунушташты, бул да оңунан чыкпаган соң, анын талаптарын аткарууга мажбур болушту.

2014-жылдын башынан тарта Кыргызстанда дагы күтүлүп жаткан энергетика кризисинин белгилери көрүнө баштады. 13-сентябрда кудум кооптуу кылмышкерди колго алуу үчүн келишкендей, Дилярдын үйүнө чүмбөт кийген жана баштан аяк куралданган коопсуздук күчтөрү бастырып кирип, ага зомбулук менен чабуул кылып, камакка алышты. Биз бул жөнүндө мурунку баянатыбызда кеңири баяндаганбыз.

Диляр Жумабаевдин камакка алынышы мамлекет саясаты менен байланыштуу көрүнөт. Анткени, Кыргызстан бийлиги өзүнүн «чийки» саясаты менен али кыш келбей жатып, өлкөнү кризиске кириптер кылды. Россия менен электр энергиясы жана газ боюнча келишимдерди түзүп, өлкөнү абдан кыйын абалга салып койду. Бул да жетпегендей, Кытай жана Афганистан сыяктуу бир нече мамлекеттерге электр энергияны экспорттоо жөнүндө келишимдерди түздү… Бул режим чет мамлекеттерди электр менен камсыздап, өз калкын күч колдонуп бастырууга урунууда!

Белгилүү болгондой, Диляр Хизб-ут-Тахрир мүчөсү катары бул сыяктуу окуяларга, адилетсиздиктерге унчукпай карап тура албаган, ошондуктан алар аны калктан «изоляциялашты».

Эй боордоштор!

Биз силерге кайрылып, ар бир мусулман өз өлкөсүндө Кыргызстан бийлигине басым өткөрүүнү суранабыз.

Бүткүл куфр дүйнөсү Исламга каршы биригүүдө. Мусулмандар тартып жаткан зулум, адилетсиздик жана репрессияларга каршы эч бир эл аралык мекеме, уюм аракетке келбеди, алар эч качан аракетке келбейт, алар өлкөбүздөгү кумсалардын гана камын ойлойт. Репрессияга кабылган мусулмандарды жада калса адвокаттар да коргоодон коркот. Ошондуктан, биз силерге кайрылып жатабыз, анткени, силер жана биз момун катары бир дене, бир жанбыз. Андыктан, ар бириңер мүмкүнчүлүгүңөр жетишинче өлкөңөрдөгү Кыргызстан элчиликтерине, адам укуктары уюмдарына, эл аралык донор уюмдарга басым өткөрүшүңөр керек. Анткени, Кыргызстан бийлиги башка мамлекеттердин көз жумуп турушунан пайдаланып о.э. донор мамлекеттерден алган каражаттарды кайда сарптаганы туурасында отчёт берүү үчүн Ислам жана мусулмандарга каршы түрдүү иш-аракеттерди колдонууда. Расулуллах A мындай деген:

«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلُ الْجَسَدِ؛ إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»

«Мусулмандардын бири-бирине мээрими, ырайымы жана камкордугу кудум бир дене сыяктуу, ушул дененин бир мүчөсү ооруп калса, калган бардык мүчөлөрү да ушул мүчө үчүн ысытмалап, кам көрүп чыгат» (Имам Муслим риваяты).

Россия, Кытай сыңары ири мамлекеттердин басымы менен Диляр жана Хизбдин жигиттери, аялдары эч кандай негизсиз камалууда, Европа болсо материалдык жактан жардам берип бийликтин бул сыяктуу иш-аракеттерин колдоп жатканын көрсөтүүдө.

Алар Хизб-ут-Тахрирди Кыргызстандагы Үммөттөн бөлүп коюшмакчы, ушул аркылуу кудум Өзбекстан сыяктуу, Үммөттүн зулум жана репрессияга каршы күрөшүүсүн токтотмокчу болушууда.

Хизб расмий чөйрөлөр үчүн кудум тамакка тыгылган сөөк сыяктуу болду. Хизб Кыргыз режими алдында адамдардын акысы тартып алынышына, өлкө байлыктары талап-тонолушуна жол бербеген тоскоолдук болуп турат. Бүгүн ушул Хизбдин шарапаты менен режим да, башка ири мамлекеттер да өлкөнү беймарал талап-тоной албай калды. Андыктан, алар өлкөдөгү мусулмандар режим тарабынан репрессия кылынышына жана кыйноого салынышына көз жумууда.

Эй Кыргызстан калкы!

Эсиңерде болсун, бийлик башыңарга түшкөн кыйынчылыктарды жана кризистерди көрмөксөн болуп келди, жада калса, өзүнүн пайдасын ойлоп силерди зыян тарттырды. Эстегиле, алар силерге электр төлөмү үчүн бир аз убакыт берүүгө да ыраазы болушкан жок. Бүгүн болсо, учурдагы абалды шылтоолоп аларды колдошубузду, алардын абалын туура түшүнүүбүздү сурашууда! Силерди кайдыгерлик, экономикага маани бербөө, ысырапчылык, коррупция, өз милдетин аткарбоо сыяктуу илдеттерге малынгандыгынан улам ушул абалга салган бийлик бааларды жогорулатышына мүмкүнчүлүк берүүбүздү о.э. кыш мезгилин газ жана электрсиз өткөрүп, эч кандай каршылык көрсөтпөшүбүздү сурашууда.

Ал эми, Диляр Жумабаев сыяктуу коргоочуларыбыз болсо камакка алынууда же сүргүн кылынууда! Ушул таризде расмий бийлик өз кылмышын эч бир тоскоолдуксуз беймарал ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк жана шарт жаратып алууда… Ошондуктан, катардагы адамдардын укугун тынбай коргоп келген Дилярга жардам берүү ар бир мусулмандын вазыйпасы.

«Эгер, алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам кылуу силердин мойнуңарда»     [8:72]

Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү төрагасы

Расмий сайт: https://hizb-turkiston.net

Электрондук почта: webmaster@hizb-turkiston.net

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here