2-октябрь күнү Кыргызстан парламенти Бажы биримдигине кошулуу боюнча мыйзам долбоорунун биринчи пакетин көрүп чыкты.
Парламенттин жыйынына катышкан экономика министри Темир Сариев: “Биз Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер менен бажы төлөмдөрүнөн Кыргызстанга канча пайыз бөлүнүшү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, – деди.
Анын айтымында, Кыргызстанга бажы төлөмдөрүнөн жыл сайын 8 миллиард сомго жакын киреше түшөт. Бажы биримдигинде болсо жалпы чогулган төлөмдөрдөн ар бир мамлекет үчүн үлүш ажыратып коюлган. Бүгүнкү күндө чогулган жалпы бажы төлөмдөрүнөн Россия 87,97 пайыз, Белорусия 4,7 пайыз, Казакстан болсо 7,03 пайыз үлүш алат.
Экономика министри “Кыргызстан Бажы биримдигине кошулгандан кийин бул тартип өзгөрөт. Учурда биздин үлүшүбүз канча болушу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал эми айтуу мүмкүн болгон нерсе, Бажы биримдигине кошулгандан кийин кандай болгондо да азыркыга караганда көбүрөөк кирешеге ээ болобуз. Жоготуу болбойт. Бирок, салыктарды да чогултуу керек болот”, – деди.
Туркистон:
Кыргызстан өкмөтү Бажы биримдигине мүчө болуп кирүүнүн акысына Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагында Кыргызстандан барган мигранттардын жеӊилдетилген шарттар негизинде жүрүшүн жана өнөржайды өнүктүрүүгө жардам берүүнү каалап жатат.
Кыргызстан өкмөтүнүн мындай талаптары бул уюмдун негиздөөчүсү болгон Россиянын кызыкчылыктарына туура келбегендиктен расмий Бишкек менен келишим түзүүгө шашылбай жатат. Анткени, Россиянын Бажы биримдигин түзүүдөн негизги максаты бүгүнкү күндө заманбап талаптарга жооп бере албай калган продукциялары үчүн жаӊы базар пайда кылуудан турат. Жалпы бажы жыйымдарынан бөлүнө турган үлүш канча болушуна карабастан, бул жердеги негизги көӊүл Кыргызстанды экономикалык колония кылууга каратылган.