Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери Кубат Оторбаев, Султан Жумагулов, Венера Жуматаева, Султан Каназаров о.э. “АКИпресс” жана “К-ньюс” сайтынын башчылары менен мамлекеттик резиденцияда болуп өткөн жолугушуу маалында президент Алмазбек Атамбаев кошуна мамлекеттер жана алардын жетекчилери менен болгон мамилелерге да токтолуп өттү. Өзбекстан газ бербей жаткандыгына, Казакстан бензинди өткөрбөй жаткандыгына о.э. чегара проблемалары жана кошуна мамлекеттер менен болгон мамилелерге көӊүл бурду.
“Мен эч качан Нурсултан Назарбаев жана Ислам Каримов алдында тизе бүкпөймүн. Акаев жана Бакиев алардын алдына жүгүрүп барышат эле. Ашып кетсе эки жылдан кийин Каримов… Ошондон кийин биз чегара проблемаларын чечебиз. Биз алар менен теӊ ата сүйлөшөбүз”, – деди кызууланып кеткен Атамбаев.
Туркистон:
Мурдагы Советтер союзу доорунда да экономикасы анчалык эле жогору болбогон, жалаӊ гана мал чарбасына жана тамеки жеткирип берүүгө адистешкен Кыргызстан республикасынын экономикасы “эгемендүүлүк”төн кийин бүтүндөй оор абалга түшүп калды. Мындан тышкары, алгачкы эки президент маалында тууганчылык жана тааныш-билиштиктин күчөшү өлгөндүн үстүнө көмгөн болду. Эгемендүүлүктөн кийин Кыргызстан экономикасы Кытайдан алып келинген товарларды кошуна республикаларга экспорт кылууга (реэкспортко) негизделип калды.
Кийинки жылдарда экономиканы дагы кайрадан мамлекеттин көзөмөлүнө кайтаруу үчүн Путин жүргүзгөн диктатордук саясаттын натыйжасында Россиянын оор жана жеңил өнөржайы дүйнөлүк базардан бүтүндөй артта калып кетти. Россияда иштеп чыгарылган продукциялар, ал тургай, СНГ мамлекеттеринде жана ички базарларда да атаандаштыкка жарабай турган абалга келип калды. Ошондуктан , Путин азыркы дүйнөлүк системанын бир бөлүгүн тартып алмакчы болууда.
Ушундай максатта Путин Евразия экономикалык союзу, Бажы биримдиги сыяктуу уюмдарды ойлоп таап бул аркылуу чегараларды бекемдеп, кичинекей бир система пайда кылууну жана аны өзү үчүн эгинзарга айландыруу планын иштеп чыкты. Путин ойлоп тапкан бул план ишке аша турган болсо өзүнүн мурдагы колониялары болгон бул өлкөлөрдүн сырьёлору Россияга барып ал жерден даяр продукция болуп кайтышы күтүлөт. Бул продукциялар ал тургай Кытай продукциялары менен да атаандаша алуучу сапатка ээ болбогондуктан, тыштан кирген продукцияларга чоӊ өлчөмдө салык салынат, кээ бирлерине болсо бүтүндөй тыюу салынат. Бул Россиянын ыктыяры жана демилгеси менен ишке ашырылат. Ал Кыргызстандын жер жана аба аркылуу бүтүндөй айлана-чегарасынан кирүүчү продукцияларды көзөмөлүнө алат. Мунун натыйжасында болсо реэкспортко негизделген Кыргызстандын экономикасы бүтүндөй изден чыгып кетет.
Ошол себептен улам Атамбаев Бажы биримдигине кирүүнү ар түрдүү жолдор менен создуктуруп келе жатат, а бирок, Путин башчылыгындагы Россия өкмөтү да ар түрдүү басымдар аркылуу Кыргызстанды уюмга мүчө болууга мажбурлап келе жатат. Тажикстан менен болгон чегара проблемалары, Өзбекстан менен газ проблемасы о.э. Казакстан аркылуу Кыргызстанга келип жаткан күйүүчү май продукцияларынын чектеп коюлушу да Россия тарабынан уюштурулуп жаткан басымдардан башка нерсе эмес.
Бүгүнкү күнгө келип көрөрүн көрүп, жашарын жашап болгон Өзбекстан жана Казакстан президенттеринин тезирээк өлүшү Атамбаев үчүн бардык проблемалардан кутулуунун бирден-бир жолу болуп көрүнүп жатат окшойт. Атамбаевдин “ашып кетсе эки жылдан кийин Каримов…” деп айтышына да мына ошол үмүтү себеп болуп жаткандыр.