АКШ ИРАН МЕНЕН АЛАКАЛАРЫН БЕКЕМДӨӨДӨ

367
0

Иран менен АКШ ортосунда соода-өнөржай палатасы түзүлө тургандыгы жарыя кылынды. “Мехр” маалымат агенттигинин кабар беришинче, бул тууралуу эл аралык Иран соода-өнөржай палатасы көмитетинин башкы катчысы Мухаммад Хусайн Бехкиш билдирген.

Билдирүүдө айтылышынча, мейли Израиль буга катуу каршылык көрсөткөн болсо да эки мамлекет ортосундагы соода алакаларды бекемдөө максатында Иран менен Америка ортосунда ортоктош соода-өнөржай палатасы түзүлөт.

Хусайн Бехкиш берген билдирүүдө: “Өткөн жылы президент Хасан Роухани БУУнун Нью-Йорктогу жыйынына катышып Иранга кайтып келгенден кийин Иран-АКШ ортосундагы ортоктош соода-өнөржай палатасы түзүлүшүнө катуу тапшырма берилди жана өз ишмердүүлүгүн баштады. Бул ишмердүүлүк маалында АКШ комитети ыӊгайлуулуктар менен камсыздап, Израиль болсо жолубузду тосууга аракет кылды. А бирок, Иран комитетинин катуу аракети себептүү соода-өнөржай палатасын түзүү келишимине жетишилди”, – деп айтылат.

Иран бажысы чыгарган отчётто айтылышынча, акыркы беш айлык маалыматка ылайык, АКШга болгон экспорттун көлөмү 207 миӊ долларды түзгөн болсо, импорттун көлөмү 50 миллион 500 миӊ долларга барабар болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here