Айып пулдан өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүнө өтүү: Россия коопсуздук кызматына беш суроо

256
0

2014-жылы 22-августта Челябинск облусундагы Россия тергөө комитети дүйнөлүк саясий хизб эсептелген Хизб-ут-Тахрирдин алты мүчөсү үстүнөн алып барылган тергөө жараяны аягына чыкканын кабарлады. Алардын ар бири Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 282.2 беренесине ылайык «экстремисттик уюмдун аракетин уюштуруу» менен айыптуу деп табылды.

2014-жылы 21-августта Казань шаардык сотунда кылмыш иши боюнча кезектеги сот жараяны болуп өттү. Анда да Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү кылмыш кодексинин 282.2 беренесине ылайык «экстремисттик уюмдун аракетин уюштуруу» айыбы айыпталды.

Ханты-Мансийск автономдуу округунун тергөө комитетинин интернет сайтында маалымдалышынча, үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Нижневартовскто жашаган Хизб-ут-Тахрир мүчөсү 52 жаштагы Олег Сахновский үстүнөн да кылмыш иши ачылган. Сот аны Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 282.2 беренесине негизделип, тыюу салынган уюмда аракет алып барганы үчүн айыптуу деп таап, 6 айлык түзөтүү жумушуна жана 50 миң рубль көлөмүндө айып пул төлөөгө өкүм кылды.

Баса белгилөө зарыл, жогоруда Россия Федерациясынын бул үч округунун ар биринде тергөөдө да, сотто да Хизб-ут-Тахрир экстремисттик уюм деп каралган жана Хизб мүчөлөрү кылмыш кодексинин негизинде өкүм кылынган. Бирок, буга таң калуунун кажети жок, анткени Хизб аракети Россияда тыюу салынгандан бери анын мүчөлөрү терроризмге каршы күрөш алкагында өкүм кылынып келүүдө. Таң калычтуусу, Россиянын күч органдары соңку кездерде башка кызматтарга карата сезилерлик даражада өзгөчө аракеттене баштады…

2014-жылдын июнь айынан тартып, Россия жана чет элдик маалымат каражаттарында Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү террористтик уюмдун мүчөлөрү катары камакка алынганы кабарлана баштады, алты мусулман Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 205.5 беренесине ылайык террористтик уюмду түзүү айыбы менен өтө кооптуу рецидивист катары айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Ушулардан көрүнүп тургандай, алар Россияда Хизб мүчөлөрүнө коюлган экстремизм аттуу расмий айыпка кошумча, терроризмди да жабыштырышты. Алардын ортосундагы айырма өкүм мөөнөтүнүн абдан алыстыгы т.а. өмүр бою эркинен ажыратылышы. Мисалы, мурунку мыйзамсыз өкүмдөр көбүнчө айып пул салуу жана көзөмөлдө кармап турууга чектелген болсо, кийинки өкүмдөр дал ошол айыптоолор негизинде болсо да, бирок өмүр бою камак жазасына өзгөрдү. Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү мурункудай Хизб мүчөсү экенин моюнга алышы менен, мурункудай тинтүү учурунда Хизб адабияттары табылышы менен о.э. мурункудай Исламга даъват кылуу менен кудум экстремисттер, террористтер, жада калса, козголоңчу жана ыңкылапчылар катары өкүм кылына турган болуп калды. Мында Хизб-ут-Тахрир аракети даъват аракетине гана чектелгенин тастыктаган бир катар расмий документтерге да этибар беришпеди!

Россия маалымат каражаттарынын Хизб-ут-Тахрирге карата мамилесине этибар берсеңер, оболу жана ачык-айкын ушунун күбөсү болосуңар, журналисттер өздөрү бул мыйзамды колдонуудагы мындай кескин карама-каршылыктарды көрүп таң калышууда. Маалымат каражаттары Хизбдин терроризмде айыпталышы артынан аны террористтик партия дешке мажбурланган, кийин экстремизмге каршы күрөш беренеси негизинде ага экстремизм айыбы коюлган соң, бардык журналисттер Хизбди «экстремист» деп атоого мажбур болушту! Ошондуктан, биз көп абалдарда маалымат кызматкерлери жаңылышуудан этият болуп, Хизб-ут-Тахрирди «тыюу салынган уюм» деп атоого аракет кылып жатышканына күбө болуудабыз.

Урматтуу журналисттер!

Силер өзүңөргө да, Россия атайын кызматынын адамдарына да ушул беш суроону бергиле:

  • Эгер, Хизб-ут-Тахрирди террористтик партия деп эсептеп жаткан болсоңор, анда, Россияда же башка бирер мамлекетте бул партиянын мүчөлөрү жасаган бирер зомбулук актысын көргөнсүңөрбү?
  • Эгер, Хизб-ут-Тахрирди террористтик партия деп эсептеп жаткан болсоңор, анда, эмнеге он жыл ичинде Хизб мүчөлөрү оор кылмышкер катары каралбастан, аларга болгону айып пул гана салынып келди?
  • Эгер, силер Хизб-ут-Тахрирди террористтик партия деп эсептеп жаткан болсоңор, анда, эмнеге Россиядагы бардык адам укуктары уюмдарынын активисттери жана көз карандысыз эксперттер Россия бийлиги тарабынан Хизбге коюлган «экстремисттик партия» деген аталыш мыйзамсыз экенин о.э. Хизб мүчөлөрүнө каршы жалган айыптар коюлуп жатканын баса белгилеп келишүүдө?
  • Эгер, Хизб-ут-Тахрирди террористтик партия деп эсептеп жаткан болсоңор, анда, эмне үчүн Россия биринчилерден болуп Хизбге «экстремисттик партия» деген айыпты койду? Баарына белгилүү болгондой, бул партия 50дөн ашуун мамлекетте аракет алып барат, Орто Азия мамлекеттери гана расмий түрдө анын аракетине тыюу салган.
  • Эгер, силер Хизб-ут-Тахрирди террористтик партия деп эсептеп жаткан болсоңор, анда, эмнеге анын мүчөлөрүнө Европа, Америка, Түркия, Индонезия, Ливан, Австралия, Судан, Иордания, Палестина жана башка ондогон мамлекеттерде аракет алып барышына жол ачылды? Акыйкатта болсо, Хизб Россиядан айырмаланып, исламий өлкөлөрдөгү диктаторлук режимдерди кулатуу үчүн реалдуу саясий аракет алып барат.

Хизб аракетинен иш жүзүндө кабардар болгон адам укуктары активисттери, журналисттер жана эксперттер айткан ушул сөздөргө кулак салып көргүлө. Алар Хизб-ут-Тахрирге бүтүндөй баш ийбейт, аларды Хизбге тарапкер деп айыптоо кыйын, анткени, алар Хизбдин пикирий позициясына да, саясий көз карашына да кошулушпайт:

  • 2012-жылы 12-ноябрда журналист жана коомдук ишмер Максим Шевченко Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн Москва жана анын областтарында кеңири көлөмдө камакка алынышы артынан «Вести ФМ» радиосуна берген интервьюсунда мындай деди: «Ушунусу абдан маанилүү фактор, Хизб-ут-Тахрир партиясында Халифалык туурасындагы пикирлерге тынчтык жолу менен чакырылат… Дүйнөнүн эч бир жеринде бул Хизб террористтик акт жасаганы тастыкталбаган».
  • Москвадагы «Memorial Human Rights Center» борборунун «Россияда исламий экстремизм боюнча кылмыш иштерин жасалмалаштыруу» аттуу программасынын башчысы Виталий Пономарев. Ал токсонунчу жылдардан бери Хизб-ут-Тахрир аракети үстүндө изилдөө алып барганын айтып, бул Хизб саясий уюм болуп, өзүнүн саясий максатына жетүүдө эч кандай зомбулук колдонбойт дейт. Бул борбор Россияда репрессияга учураган Хизбдин көпчүлүк мүчөлөрүн саясий туткун деп баалайт.
  • «Сова» маалымат жана талдоо борборунун төрагасы Александр Верховский да соттор тарабынан Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата террорчулук айыптары коюлушуна мыйзамсыз деп карайт.
  • «Жарандык кызматташтык» төрагасы Светлана Ганнушкина 2003-жылы 14-февралда Россия Федерациясынын Жогорку соту Хизб-ут-Тахрирди эч бир далилсиз террористтик уюмдардын тизмесине киргизген деп баса белгилейт.

Биз бардык көз карандысыз журналисттерди жана коомдук ишмерлерди өз жоопкерчилигине моюн сунууга жана коопсуздук кызматтарына жалган сөздөрдү таратууда жардам бербөөгө чакырабыз, мусулмандарды итикады себептүү репрессия кылып жаткан Россия бийлигинин мындай репрессиячыл саясатына, катуу куугунтуктоосуна жардам бербөөнү талап кылабыз!

 Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here