АФГАНИСТАНДА ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫ ЖАРЫЯ КЫЛЫНДЫ

335
0

Афганистан борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы финансы министри Ашраф Ганини мамлекеттин жаңы президенти деп жарыя кылды.

Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмад Юсуф Нуристани: “Көз карандысыз шайлоо комиссиясы доктор Ашраф Ганини Афганистан президенти деп жарыя кылат”, -деди.

Афганистан телевидениеси аркылуу 21-сентябрь күнү түз эфирде көрсөтүлгөн ырасымда Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла келишимге кол койгондон кийин бири-бирин кучактады.

Ошондон кийин сөзгө чыккан Хамид Карзай Гани менен Абдулланы куттуктап, Афганистанда “тынчтык жана бейпилдик” өкүм сүрүшүнөн үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Афганистанда президенттик шайлоонун биринчи баскычы апрель айында, жыйынтыктоочу баскычы болсо июнь айында болуп өткөн эле.

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла экөө теӊ шайлоодо жеӊип чыкканын дабаа кылышкандан кийин, зомбулук жана улуттук бөлүнүү пайда болушунун алдын алуу максатында БУУ менен АКШ биримдик өкмөтүн түзүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Кожоюндары сызып берген сызыктан бир карыш да четке чыга албай турган “акимдер” Афганистан өкмөтүн экиге бөлүп алышты. Эми президенттик милдетти Ашраф Гани аткара турган болсо, аткаруу иштерин Абдулла Абдулла жүргүзө турган болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here