АФГАНИСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ТАЛИБАН ЖАНА ХИЗБУТ-ТАХРИРДИ СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

334
0

  “Agence France-Presse” басылмасынын кабар беришинче, Афганистандын жаңы шайланган президенти Ашраф Гани Ахмадзай өзүнүн саясий атаандаштары болгон Талибан кыймылын жана Хизбут-Тахрир саясий партиясын тынч сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды.

Президент Ашраф Гани Ахмадзай: “Биз өкмөттөгү атаандаштарыбызды, айрыкча, Талибан менен Хизбут-Тахрирди саясий сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырабыз”, – деди.

21-сентябрь күнү Афганистандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы Ашраф Гани Ахмадзай президенттик шайлоодо жеӊип чыккандыгын жарыя кылып, 29-сентябрь күнү болсо жаңы президенттин ант берүү ырасымы болуп өткөн эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here