БыйылТашкенттегиИслам университетине кирүүнү каалган жаштаргасынакүчүн күтүлбөгөн суроолорберилди. Суроолор төмөнкүдөй көрүнүштө түзүлгөн болуп, берилгенжооптордон абитуриенттердин диний жактарын жана коомдогуадамдар менен болгон алкаларын билип алууга шарт түзүлөт.
Абитуриенттердин айтымында, сынактын суроолору аларды ыңгайсыз абалга кептеп койгон. Анткени, алар туура жоопту айта турган болсо, окууга өтүүдөн үмүтүн үзүүгө жана кийинки “допроско” катышуусуна туура келет. Эгерде саясатка ылайыктап жооп берсе акыйдасына зыян жетет.
Мисалы, суроолордун бири: “Бүгүнкү күндөгү аялдарга жана кыздарыбызгахижаб керекпи?” -деген суроо. Эгерде бул суроого “жок, керек эмес” деп жооп берсе, Куранга тескери сүйлөгөн жана Аллахтын фарздарынын бирин четке каккан болот. Булболсо ошолабитуриенттин кафир болушуна себеп болот. Эгерде “албатта хижаб керек” десе, биринчиден саясатка каршы чыккан болот. Анданкийин болсо: “Сен муну кайдан билесиӊ? Сага кимдер үйрөткөн? Ушундай деп айта турган дагы кимдерди билесиӊ?” -деген суроолорго жооп беришикерек болот.
О.э. окууга өтүүнү каалаган абитуриенттер “Исламий агымдардын кайсыларын билесин?” деген суроого да жооп бериши керек. Бул суроо да абитуриенттердин башын катырган. Анткени “жок, бирөөнү да билбеймин” деп жооп берсе, бул таптакыр акылга туура келбейт. Өзбекстан өкмөтү азыркы абитуриенттер төрөлгөндөн бери диний агымдар жөнүндө сайрап келет. Бул суроого канткенде “билбеймин” деп жооп берүүгө болот? Эгерде бирөө жарымын билемин деп жооп берсе, анда башы балээге калды дей бер. Андан кийин: “Кайдан билесин? Канчадан бери билесин? Кимдерди тааныйсыӊ?” – деген ж.б. суроолор берилет.
Айтылышынча, бул суроолорго дүйнөсүн да, акыретин да күйдүрбөй турган жоопторду табуу мүмкүн экен. Ал үчүн абитуриенттер ушул университеттин эксперттери тарабынан жазылган китептерге кайрылышы керек.