Кыргызстанда электр энергиясынын таӊкыстыгы себептүү 123 миӊ абоненттин электр менен жылытуу системасы үзүп коюлат. Бул тууралуу энергетика жана өнөржай министрлиги билдирди.
Кыргызстандын энергетика жана өнөржай министри Осмонбек Артыкбаев маалымат жыйынында: “123 миң абоненттин электр менен жылытуучу системасы ноябрь айынан баштап беш айга үзүп коюлат. Биз абоненттерден ушуга карап даярдык көрүүнү жана башка жылытуучу каражаттарга өтүүнү суранабыз”, – деп билдирүү берди.
Энергетикалык кризис себептүү Кыргызстан биринчи жолу кошуна мамлекеттен электр энергиясын сатып ала баштады. Энергетика жана өнөржай министрлиги таркаткан билдирүүгө ылайык, 1600 000 киловаттык электр энергия таӊкыстыгын толтуруу үчүн Тажикстандан электр энергиясы сатып алынган.
Сатып алынган өлчөм электр энергиясындагы таңкыстыкты каптабай тургандыгын айтып өткөн министр Артыкбаев: “Мындан мурда Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын сатат эле. Эми болсо өзүбүз Казакстандан сатып алуудабыз. Бул арада 128 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алдык. Мындан тышкары, дагы 500 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алабыз жана кийинки жылы кайтарып беребиз”, – деди.
Кыргызстанда бир жылда иштеп чыгарылуучу 14 миллиард киловатт электр энергиясынын 90%ы гидроэлектростанция аркылуу иштеп чыгарылат. Өкмөт өкүлдөрүнүн билдиришинче, электр энергиясынын чоӊ бөлүгүн иштеп чыгаруучу Токтогул электростанциясында суунун запасы азайып кеткен. Ошол себептен улам электр энергия 1 600 000 киловаттка аз чыгарылууда. Керектөө даражасы болсо иштеп чыгарууга караганда көптүк кылат.
Кыргызстанда чоӊ 17 Гидроэлектростанция иштеп турушуна карабастан, элди электр энергия менен камсыздоонун көлөмү азайып бара жатат. Электр энергиясы боюнча адис Расул Умөталиев өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карабастан, энергетикалык кризис дагы эки-үч жылга улана тургандыгын билдирди. Умөталиевдин айтымында, энергетика министрлиги электр менен жылытуу системаларын үзүп коюу жана электр энергиясынын баасын көтөрүү менен проблеманы чече албайт.
“Быйыл кыш айларында мамлекеттин түндүк аймагында 35-40%, түштүгүндө болсо 20-25% электр таӊкыстыгы жүз берет. Акыркы төрт жылдын ичинде суудан туура эмес пайдалануу мамлекетте энергия таӊкыстыгына себеп болду”, – дейт адис.
Өкмөттүн суу азайып кетиши себептүү энергия тартыш болууда, – деген даабасын четке каккан Умөталиев: “Табигый суу азайбайт. Тескерисинче, туура эмес иштетилет. Быйыл жай мезгилинде Токтогул суу сактагычынан 300 миллион кубометр суу Казакстандын түштүк аймагындагы талааларды сугаруу үчүн бекерге жумшалды. Суу эч качан бекерге жумшалбашы керек”, – деп баса белгиледи.