ЗУЛФИЯ АМАНОВА АЗАТТЫККА ЧЫГАРЫЛДЫ

346
0

Аллахтын каалоосу менен шейиттик даражасына жетишкен боордошубуз Аманов Хамидулланын кайраттуу кызы Зулфия Аманова 20-май күнү камактан чыгарылды. Муслима карындашыбызга карата колдонулган баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылды. Ош шаардык сотунун кезектеги жыйыны 27-май, саат 15:00гө белгиленди.

Муслима карындашыбыз Аманова Зулфия бекемдиги жана залимдин алдында акыйкат сөздү айтуудан коркпостугу менен бардык мусулмандарга үлгү болду. Биз Улуу Аллахтан бул карындашыбызды мындан кийин да Өз коргоосу астында сакташын, Өзүнүн акыйкат жолунан адаштырбастыгын жана бүтүндөй акталып чыгууга жеткиришин сурайбыз.

Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрү бул муслима карындашыбызды коргоо үчүн уюштурулган кампанияда активдүү катышкан, өз дубасы жана тилектештиги менен салымын кошкон бүт дүйнөдөгү бардык мусулмандарга ыраазычылык билдирет. О.э. сиздерди Аллах Өзүнүн бейиши жана нусраты менен сыйлашын сурап калат.

Аманова Зулфияны коргоо үчүн уюштурулган жогорудагы кампания Расулулла с.а.в. айткан“Момундарды бир туугандыкта бир дене сыяктуу экендигин көрөсүӊ.Эгерде денеде бирер мүчө ооруп калса, андагы башка мүчөлөр уйкусуздук жана ысытма менен ага шерик болушат”. (Бухарий жана Муслим риваяттары) деген сөздөр канчалык акыйкат экендигин жана эгерде мусулмандар Аллахтын ыраазылыгы жолунда бир максаттын айланасында биригишсе эмнелерди кыла алышын дагы бир жолу көрсөтүп турат.

А бирок, мусулмандар өздөрү жетишкен бул натыйжа менен чектелип калбашы керек. Тескерисинче, мусулмандарды эле эмес, балким бүтүндөй адамзатты капиталисттик түзүм алып келген балээ жана мусибаттардан куткаруучу Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда да ушундай бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып аракет кылышыбыз керек. Мына ошондо гана Аллах Таала мусулмандарды Өзүнүн чыныгы нусраты менен сыйлайт о.э. мурда болгону сыяктуу келечекте да бүтүндөй адамзат үчүн хидаят шам чырагы болгон Ислам динин рахмат жана магфират катары көтөрүп чыгууга жетишебиз. О.э. мойнубузга Аллах Субханаху Таала жана пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. тарабынан жүктөлгөн өтө чоӊ милдетти аткарууга жетишебиз. Мунун сыйлыгы болсо бул дүйнөдө азиздик, акыретте болсо Аллахтын ыраазылыгы болот.

Азиз мусулмандар, Кыргызстанда иш-аракет жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир сиздерди мындан эки жылдай мурда Пакистандын күч түзүмдөрү тарабынан уурдап кетилген жана бүгүнкү күнгө чейин кайда экендиги анык болбогон Хизбут-Тахрирдин Пакистандагы расмий сүйлөөчүсү Навид Батты азат кылуу үчүн башталган кампанияда да активдүү катышууга чакырат.

Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылынган хадисте: Расулулла с.а.в.: “Ким бир момундун дүйнөлүк бир кыйынчылыгын арылтса, Аллах Таала анын Кыяматкүнүндөгү кыйынчылыктарынын бирин арылтат. Кимкыйналган адамга жеӊилдик жеткирсе, Аллах Таала ага дүйнө жана акыретте жеӊилдик берет. Ырасында, пендебоордошунун жардамында болгон соӊ, Аллах Таала анын жардамында болот …”. (Муслим риваяты)

Абдурахман Адилов

Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here