Президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен иштөө бөлүмүнүн эксперти Кубанычбек Абакировдун кабар беришинче, Коргоо кеңешинин жумушчу тобу бир айдын ичинде дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясы боюнча сунуштарды кабыл алат.
Анын айтымында, жумушчу топ 15-апрелден 25-апрелге чейин Кыргызстандын бардык аймактарында жаңы документтин долбоорун талкуу кылуу үчүн тегерек столдорду уюштурду. Ал: “Ар түрдүү сунуштар чыкты. Мисалы, Оштун эли “дин мамлекеттен ажыратылган” дегенге анык түшүндүрмө берүүнү сурашты. Жалал-Абадда болсо, мечиттерде азандын микрофон аркылуу айтылышына нааразы болушту”, – деди Кубанычбек Абакиров.
Туркистон:
Россиянын талабы негизинде Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүп жаткан Кыргызстан бийлиги Өзбекстан режими колдонгон иштерди кайталап жатат.
Өзбекстан бийлиги да Исламга каршы күрөшүн баштаган убактарда мечиттерде микрофон аркылуу чакырылып жаткан азан “элдин тынчтыгы жана бейпилдигине” тоскоолдук кылгандыгы жана “карапайым калк мечиттердеги микрофондорду алып таштоону талап кылып жаткандыгы” шылтоосу менен мечиттерде микрофон аркылуу азан чакырылышына тыюу салган болчу.
Өзбекстан мусулмандары мечиттерде азандын микрофон аркылуу чакырылышына тыюу салынып жаткандыгын кадимкидей эле бир иш катары кабыл алышкандыгы себептүү о.э. бул ишке эч кандай каршылык билдиришпегени себептүү, кийинчерээк расмий бийлик ак топу кийүүгө, сакал коюуга жана муслималар хижабына каршы күрөшүн баштаган болчу.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан бийлиги да дал мына ошол иштерди кылууга аракет кылууда. Ал үчүн болсо, эӊ оболу карапайым калктын жана мусулмандардын көз-кулактарын мындай ишке көнүктүрүүгө умтулууда. Мусулмандар бүгүн мына ушул кеп-сөздөрдү кайдыгер кабыл алышса жана буга эч кандай каршылык билдиришпесе, эртеӊки күнү өкмөт мечиттерде микрофон аркылуу азан чакырылышына оӊой эле тыюу салып коёт жана өзүнүн бул ишин “элдин талабы” катары баалайт. Андан кийин болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстандын кээ бир шаарларында күзөтүлүп жаткан сакал жана хижабга каршы күрөшүн кеӊири көлөмдө ишке ашыра баштайт.
Ошол себептен улам, Кыргызстан мусулмандары расмий бийлик Ислам жана мусулмандарга каршы баштаган о.э. акырындык менен күчөтүп бара жаткан күрөштү бирер-бир диний жамаат же кыймылга каршы күрөш деп эсептебеши керек. О.э. бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып мындай иштерге каршы турушу керек. Болбосо, Кыргызстан мусулмандарынын башына да Өзбекстан мусулмандарынын абалы түшүп, бийик айтылган азанды угуу бир арзууга айланып калат.