ТҮРКИЯ ИЗРАИЛДИ СЫНДАДЫ, А БИРОК, АЛАКАЛАР ОРДУНДА

309
0

Түркия президенттигине талапкер о.э. учурда Түркиянын премьер-министри болуп турган Режеп Таййиб Эрдаган Түркиянын Бурса шаарындагы “Көкдара” майданында уюштурулган митингде сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө Израилдин Газага болгон чабуулун каралап, Палестинадан келип жаткан жаман кабарлар дал ушул рамазан айында жүз берип жаткандыгын айтып өттү.

“Террорчу мамлекет Израиль бир нече күндөрдөн бери Газаны бомбалоодо. Эми болсо кургактыктан чабуулга өттү. Акыркы апталарда көпчүлүгү жаш балдардан жана аялдардан турган 240тан ашуун мусулман шейит кылынды. Эки миңден ашуун мусулман жарадар болду. Израиль чабуул кылып мектептерди, ооруканаларды, мечиттерди аёосуз талкалоодо. Жакынкы Чыгышта жырткычтык чабуулдар уланып жаткандыгына карабастан, дүйнө эли унчукпай карап турат, Ислам өлкөлөрү да унчукпай күзөтүп турат. Кээ бирөөлөр биздин Газа үчүн добушубузду чыгарышыбыздан да катуу тынчсызданып жатышат. А бирок, биз Түркия мамлекетибиз. Биз Усман, Орхан жана Баязиддин неберелерибиз. Бардыгы унчукпай тура берсин, биз унчукпай турбайбыз”, – деди премьер-министр.

Эрдаган дүйнөдөгү кээ бир жетекчилер “Израиль коргонуу укугунан пайдаланып жаткандыгы” жөнүндө берген билдирүүлдү да сынга алды.

Эрдаган: “Израиль тарабынан эч ким өлгөн эмес. Өлгөндөрдүн бардыгы палестиналыктар болгон соӊ бул кандай коргонуу укугу болушу мүмкүн. Учурда 240тан ашуун өлүк бар, алардын арасында жаш балдар, карылар жана аялдар бар. Муну коргонуу укугу деп кантип айта аласыӊар. Муну карагыла, Палестинадан Ракета атылганда абада зыянсыз кылынат имиш жана эч ким өлбөйт имиш. Булардын бардыгы оюн. Булардын бардыгы жалган. Жаӊы крестүүлүк жүрүшүнүн астында турабыз. Бул өтө чоӊ ката жүрүш. Менин Батышка кайрылып айтарым: Бул туура жандашуу эмес. Бул жандашуу эртеӊки күнү силерди да кекиртегиӊерден алат”, – деди.

Түркиянын премьер-министри БУУ жана Европа биримдиги сыяктуу таасирдүү уюмдарга да кайрылуу жолдоду.

“Бул жерден мындай деп кайрыламын: Эй Европа союзу, эмне үчүн унчукпай турасыӊар? Мисирге, Иракка, Сирияга унчукпай карап турдуӊар. Палестинада адамзаттын кадыр-баркы тебеленүүдө, эмнеге унчукпай турасыӊар? Бул жерден туруп БУУдан сураймын: Дагы канчага чейин унчукпай карап турасыӊар? Эмне, палестиналык балдар бала эмеспи? Палестиналык аялдар аял эмеспи? Эй адам укуктарын коргоочу уюмдар, дагы качанкыга чейин “жашынмак” ойнойсуӊар? Израилдик бир депутат аял чыгып “бүтүндөй палестиналык энелер өлүшү керек” деп жатат. Израиль парламентиндеги түшүнүк мына ушундай. Дүйнөдөн бир жооп уктуӊарбы? Дүйнө унчукпай карап турса да, биз унчукпай карап турбайбыз. Ислам өлкөлөрү Палестинага артын салышса да биз артыбызды салбайбыз. Тарых бизге ушуну буюрат. Ата-бабаларыбыз Усман, Орхан бизден ушуну күтөт. Колубуз менен, тилибиз менен эч нерсе кылбасак да, дилибиз менен акыйкатты айтууну улантабыз. Бул да ыймандын эӊ алсыз даражасы”, – деди Эрдаган колунан эч нерсе келбестигине ишара кылып.

Түркистон:

Эрдаган Палестина жөнүндө кызууланып сүйлөп  жаткан болсо да, бирок, иш жүзүндө Израиль менен аскерий жана экономикалык алакаларын ар дайымкыдай эле улантууда. Мусулмандар Израиль мамлекетинин элчиканасынын айланасында чогулуп “сионист элчилиги жабылсын” деп талап кылышына карабастан, Израиль элчиканасы Түркияда ишмердүүлүгүн беймарал улантууда. Ал тургай, ага бирер зыян жетпесин үчүн түрк полициячыларынан жандуу дубал уюштурулган.

Эрдагандын бул сындоочу сөздөрү жаӊыргандан кийин, изилдөөчү журналист Себат Лочинэр Израиль менен Түркия ортосундагы аскерий жана соода алакалар көлөмүн ачыктады.

Изилдөөчүнүн ачыкташынча, Түркия жана Израиль мамлекети ортосундагы достук алакалар өтө жакшы жүрүп жатат. 2002-жылы т.а. Режеп Таййиб Эрдагандын “Адилет жана өнүгүү” партиясы бийликке келген жылы Израиль-Түркия ортосундагы соода алакалардын көлөмү 1,2 миллиард долларга барабар болчу. Бул цифра 2011-жылга келип 4 миллиард долларга жетти. Т.а. Израил-Түркия ортосундагы сооданын көлөмү 2011-жылга келип 300%дан көбүрөөкө көтөрүлдү.

Эки мамлекет ортосунда Давос кризиси, Мармара кыргыны жана башка оозеки чатактар жүз беришине карабастан, алардын ортосундагы сооданын көлөмү 2013-жылы да токтободу. Тескерисинче, 5 миллиард долларга жакындап калды. 2013 жылы Түркиянын Израилдеги капиталы 1,3 миллиард долларлык 147 долбоорду түздү. Израилдин Түркиядагы капиталы болсо 4 миллиард доллардан ашып кетти.

Изилдөөчүнүн айтымында, Түркия жана Израиль бири-бирин катуу сынга алышына карабастан, ортолорундагы аскерий келишимдерди да бекер кылган эмес. Сирияда башталган ички согуштардан кийин Түркия менен Израиль түрдүү тармактарда алакаларды орнотту. Түрк компаниялары Жакынкы чыгыш базарына кирүү үчүн Сириянын ордуна Израиль линиясынан пайдалана башташты. Ушуга ылайык, түрк кемелери алгач Израиль портторуна токтоп, андан кийин товарларын Иордания жана Булуӊ мамлекеттерине жеткирет.

Ошол эле учурдаИзраиль газын алгач Жайхунга алып келип, андан кийин Түркия аркылуу Европа базарына алып чыгуу жөнүндөгү кабарлар маалымат каражаттарына сызылып чыкты. Анда айтылышынча, Израиль газын Түркиянын эң чоӊ компанияларынын бири болгон “Зорлу Холдинг” компаниясы Түркияга алып келет.

“Зорлу Холдинг” компаниясынын жетекчиси Зорлу мырзанын билдиришинче, Давос жана Мармара сыяктуу чатактарга карабастан, Израиль менен кызматташуу Түркия тарабынан да, Израиль тарабынан да эч кандай кыйынчылыкка дуушар болгон эмес.

 “Газаны бомбалаган Израиль самолётторунун күйүүчү майлары да Түркиядан кеткендиги акыркы күндөрдө маалымат каражаттарында сызылып чыккан башка кабарлар арасынан орун алды. Демек, Израиль менен Түркия ортосундагы алакалар өз жолу менен жүрүп жатат. Ар ким өз пайдасы үчүн убара, башка нерселер кызыктырбайт. Газада жана Батыш Жээкте болсо кыргындар уланууда. Кырдаал ушундай болушуна карабастан, Түркия Израиль менен соода жана башка алакаларын үзгөн эмес. Бирер чектөө да койгон эмес. Учурдагы саясаттардан көрүнүп тургандай, Израилге карата айтылган сөздөргө тескери көрүнүштө Түркия аны менен жакшы алакаларды орноткон мамлекет болуп эсептелет. Ушундай улана турган болсо, келечектеги 10 жылда эки мамлекет ортосундагы сооданын көлөмү 20 миллиард доллардан ашып кетиши мүмкүн. Мындай кырдаалда ар түрдүү саясий сөздөр өзүбүздү-өзүбүз алдоо гана болот”, – деп жазды изилдөөчү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here