ПАРЛАМЕНТ СПИКЕРИ РАСМИЙ САПАР МЕНЕН КЫТАЙГА БАРДЫ

299
0

Парламенттик делегацияга башчылык кылып жаткан Жогорку Кеӊештин спикери Асылбек Жээнбеков расмий сапар менен Кытай Эл республикасында жүрөт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул тараптар ортосунда дипломатиялык алакалар орнотулгандан бери Кыргызстан парламенти жетекчисинин Кытайга болгон биринчи расмий сапары болуп эсептелет.

  Иш сапар маалында Асылбек Жээнбеков Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын (парламент) төрагасы Чжан Дэцзян менен жолугушат. Кыргызстан жана Кытай парламенттери ортосундагы кызматташтык туурасындагы меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө. О.э. Кытай Эл республикасынын мамлекеттик кеӊешинин мүчөсү Ян Цзечи менен да жолугушат.

Мындан тышкары парламенттик делегация Кытайдын бир катар адыӊкы мамлекеттик корпорациялары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here