ПАЛЕСТИНА ҮЧҮН БИРДЕН-БИР ЧЕЧИМ ХАЛИФАЛЫК

306
0

Хизбут-Тахрир Түркия вилаяты Израилдин Газа секторуна уюштурган чабуулун каралап демонстрация өткөрдү. Израилге наалаттар айтылган демонстрация өтө көпчүлүк адамдын катышуусунда болуп өттү.

Түркиянын Фатих жомесинде окулган жума намазынан кийин чоӊ жолду толтуруп “Саражхана” проспектин карай жолго чыккан мусулмандар Америка менен Израилге наалаттарды айтышты. Такбирлер жаӊырыгы астында өткөн демонстрацияда бардык мусулмандар бир ооздон “Палестина үчүн бирден-бир чечим Халифалык” деген ураандарды айтып жатышты. Демонстрацияга “Yeni Akit” газетасынын журналисти Ахмад Варол жана изилдөөчү журналист Хамза Эр жардам көрсөтүштү.

“Саражхона” проспетинде өткөрүлгөн демонстрацияда Хизбут-Тахрирдин активдүү жигиттеринин бири Махмуд Кар басма сөз баянатын окуп берди. Басма сөз баянатында АКШ менен Израилге наалаттар айтылып, Газа окуясы Ислам өлкөлөрүндөгү акимдер тарабынан сөз жүзүндө каралап коюлгандыгы сынга алынды.

“Эй мусулмандар! Биз бул чабуулдарга каршы сүкүт сактагандарды катуу сындайбыз. Колунан иш келбестиги анык болуп туруп, бирок бир ооз каралап коюууга да жарабагандарды сынга алабыз. Оозу менен сүйлөп коюп, иш жүзүндө аткарбагандарды сынга алабыз. Армияларын казармаларында кармап туруп, террорист Израилдин жүрөгүнө коркуу салбаган коркокторду сынга алабыз. Мусулмандардын кандарына булганган кафирлердин колдорун бекем кармаган кимселерди сынга алабыз. Мармара шейиттерин арзыбаган тыйынга компенсацияга саткандарды сынга алабыз. Мусулмандардын алгачкы кыбыласы болгон Аксаны басып алган яхудийлер менен разведка боюнча келишим түзгөндөрдү сынга алабыз. Израиль менен түзүлгөн аскерий жана экономикалык келишимдерди бекер кылбагандарды сынга алабыз. Израиль элчиканасы жана консулдугунун мамлекетте беймарал иштешине мүмкүнчүлүк түзүп берген мамлекет жетекчилерин сынга алабыз. Палестинада сионист яхудий вужудуна чегин көрсөтүп койбогон жетекчилерди сынга алабыз”, – деп айтылат басма сөз билдирүүсүндө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here