КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ТАЖИКСТАН АЙМАКТАРДЫ ӨЗ АРА АЛМАШТЫРЫШЫ МҮМКҮН

295
0

Кыргызстан менен Тажикстан делегацияларынын мүчөлөрү Душанбе шаарында 12-13-майда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик мамлекеттик чегарасында жайгашкан айрым аймактарды алмаштыруу мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшүштү. Бул жөнүндө Кыргызстандын чегараларды делимитациялоо боюнча атайын комиссиясынын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

  Анын айтымында, Кыргызстан аймагында да, Тажикстан аймагында да эксклавдар бар. К.Искандаровдун билдиришинче, бул аймактарды алмаштырган күндө эки мамлекеттин жарандары алар кайсы мамлекеттин жараны болсо ошол аймакка көчүрүлөт.

Искандаров: “Азыркы учурда Тажикстандан Кыргызстанга 3 миӊ 877 адамдан турган 881 үй-бүлө о.э. Кыргызстандан Тажикстанга 100 адамдан турган 30дан ашпаган үй-бүлө көчүрүлөт”, – деди.

Ал кошумчалап: “Учурда айрым аймактарды алмаштыруу маселеси эки мамлекеттин өкүлдөрү тарабынан талкууланып жатат”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here