КАЗАКСТАН ПАРЛАМЕНТИ РОССИЯ МЕНЕН АБАДАН БОЛУУЧУ ЧАБУУЛГА КАРШЫ БИРИККЕН КОРГОО ТҮЗҮМҮН КУРУУ ТУУРАСЫНДАГЫ КЕЛИШИМДИ ТАСТЫКТАДЫ

292
0

Казакстан парламентинин жогорку палатасынын депутаттары 15-май күнү “Россия Федерациясы жана Казакстан республикалары ортосунда аба чабуулуна каршы биргелешкен аймактык коргоо түзүмүн куруу туурасындагы” мыйзамды кабыл алышты.

  Казакстан коргоо министринин орунбасары Окас Сапаров: “Келишим күчүнө кирген күндөн баштап үч айдын ичинде түзүмдүн курамына кирүүчү аскердик башкаруу органдары, башкаруу пункту, бирикмелер жана аскерий бөлүктөр тизмеси тастыкталат. Биргелешкен аба чабуулуна каршы түзүмдү командачы башкарат. Ал коргоо министрликтердин сунушуна ылайык, эки мамлекеттин жетекчилери тарабынан дайындалат. Командачылык Алма-Ата шаарында жайгашат”, – деди.

Сапаровдун айтымында, Казакстан куралдуу күчтөрүн зениттик-ракета комплекстери менен акысыз камсыздоо бириккен коргоо түзүмүн өнүктүрүүнүн анык кадамдарынын бири болот. Бул туурасында Россия коргоо министри Сергей Шойгу Казакстанга кылган расмий сапар маалында келишип алынган болчу.

Казакстан жана Россия ортосунда аба чабуулуна каршы бириккен коргоо түзүмүн куруудан көздөлгөн негизги максат, эки мамлекет коопсуздугун жана аба мейкиндигин коргоо экендиги айтылууда.

Туркистон:

ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа Россия мамлекеттик Думасынын 2014-жыл, 13-март күнү болуп өткөн жыйынында Жамааттык коопсуздук келишми уюмунун (ЖККУ) ишмердүүлүгү боюнча отчёт берген эле.

  Ал өз сөзүндө: “Учурдагы аскерий-саясий кырдаалдын өзгөрүшү жана өнүгүшү доорунда ЖККУ түзүмдөрүн уюштуруучу аскерий мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү биринчи даражадагы зарыл милдетке айланат”,- деген эле.

  Мындан тышкары Бордюжа, ЖККУ жамааттык күчтөрүн (кошуунду) пайда кылууну улантуу, бул күчтөрдүн курамына авиация жана атайын бөлүктөрдү кошуу, жамааттык күчтөрдүн ыкчам аракеттенүүчү бөлүктөрүн заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздоо негизги милдет экендигин о.э. ЖККУ үчүн аба жана ракета чабуулуна каршы бириккен түзүмдү куруу маанилүү маселе болуп тургандыгын айтып өткөн эле.

  Бүгүнкү күнгө келип болсо, Россия бийлиги өзүнүн түштүк чегараларын дагы да бекемдөө үчүн жаӊы кадамдарды таштай баштады. Себеби, Америка башчылыгындагы баскынчы күчтөрдүн 2014-жылдын аягына чейин Афганистандан чыгарылып кетиши, Россия жана Борбор Азия мамлекеттери үчүн чыныгы проблемага айланууда. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here