КАЗАКСТАН МАЖЛИСИ ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШ БОЮНЧА ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН МАКУЛДАДЫ

326
0

Казакстан парламенти шаршемби күнү болуп өткөн кезектеги жыйынында “Экстремизм жана терроризмге каршы күрөш маселелери боюнча Казакстан республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында”гы мыйзам долбоорун макулдады.

 Мажлистин коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча комитетинин төрагасы Мавлон Ашимбаев: “Мыйзам долбоорунан көздөлгөн негизги максат экстремизм жана терроризмге каршы күрөш тармагында мамилелерди тартипке салып туруучу мыйзамчылыкты өнүктүрүүдөн турат. Мыйзам долбоору менен жарандык сот иштерин жүргүзүү, жер кодекси о.э. дагы башка бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилет”, – деди.

Туркистон: Россия тарабынан ар кандай эл аралык мыйзам жана өлчөөлөрдү теӊсинбестен Крымдын аннексия кылып алынышы Казакстан президентинин тынчтыгын бузуп койду. Анткени, Казакстандын Россия менен чектеш болгон түндүк жактагы аймактарында орус тилдүү жарандар көпчүлүктү түзөт жана Россия каалаган убакта “өз жарандарын коргоо” шылтоосу менен ал жерде да башаламандыктарды келтирип чыгарышы жана өзү каалаган убакта бул аймактарды да “референдум” жолу менен кошуп алышы мүмкүн. Бул болсо, Назарбаев үчүн жакшы эмес. Ошол себептен улам, Назарбаевдин демилгеси менен Казакстандын кылмыш кодексине жаңы-жаңы өзгөртүү жана кошумчалар киргизилүүдө.

 Мындан бир аз мурда т.а. 7-апрель күнү КазакстандынКылмыш кодексине өзгөртүү киргизилген болчу. Жаңы кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, эми Казакстандын аймактык бүтүндүгүн мыйзамсыз өзгөртүүгө болгон чакырыктар үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы белгиленет.

“Кылмыш кодекси долбооруна, сепаратисттик аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну өз ичине алган жаңы берене киргизилди. Казакстан республикасынын аймактык бүтүндүгүн мыйзамсыз т.а. конституцияга тескери көрүнүштө өзгөртүүгө болгон чакырыктар б.а. дезинтеграция (бүтүн аймакты бөлүктөргө бөлүү) кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуучу аракеттер деп эсептелет”, – деген болчу жаңы мыйзам долбооруна комментарий берген Баш прокуратуранын башкаруу департаментинин башчысы Арман Аяганова.  

  Кийинчерээк 7-май күнү дагы бир мыйзам долбоору кабыл алынды. Жогорудагы мыйзам долбоору боюнча эми Казакстанда “ызы-чуу көтөрүү” жана “башаламандыктарды” келтирип чыгаруучу жалган кабарларды атайылап таркатканы үчүн эркинен ажыратуу жазасы киргизилди.

 Эгерде таркатылган жалган кабар себептүү коомдук тартип бузулса, же зыян жеткирилсе, анда айыптуу адамга эӊ төмөнкү айлык акынын 1000 эсе өлчөмүндө штраф салынат, бул болсо, дээрлик эки миллион тенге дегени. Эгерде жалган кабар өз ара тил бириктирип алган топ тарабынан таркатылса, анда иш бир топ олуттуу болуп – фитначыларды жети жылга чейин камак жазасы күтөт. Эгерде кылмыш өзгөчө кырдаалда же массалык иш-чаралар маалында болгон болсо, анда айыптуулар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

 Бул эки мыйзам долбоорунун артынан 4- июнь күнү дагы бир мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам долбоору боюнча эми өкмөткө каршы пикир билдирген, же Аллахка ыйман келтирип, Аллоҳ түшүргөн мыйзамдар негизинде жашамакчы болгон “экстремист жана террористтерди” дагы да кеӊири жана күчтүү көрүнүштө куугунтуктоо о.э. узак мөөнөткө камакка таштоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here