ХИЗБУТ-ТАХРИР АМИРИ ААЛЫМ, ШЕЙХ АТО ИБН ХАЛИЛ АБУ РОШТАНЫН ФЕЙСБУК ТАРМАГЫНЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ БЕРГЕН СУРООЛОРУНА ЖООПТОРУ

426
3

Haitham Alamourдун биротоло төрөбөй турган кылып коюу боюнча өткөрүлө турган операциялар жөнүндөгү суроосуна жооп

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух

Фазилаттуу шайхыбыз, менде жооп берүү ушунчалык зарыл болгон бир медициналык суроо бар. Мен врачмын, аялдар ооруканасы жана төрөтканада иштеймин, ал жерде түйүлдүктүн же аялдын өмүрүнө коркунуч пайда болсо кесарево (курсагын жарып баланы алуу) операциялары кылынат.

Кээ бир түйүлдүктөр аялдар кош бойлуулук маалында ушунчалык оор боло турган оорулардан азап тартышат, мындай абал аларды кош бойлуу болбостукка, же эӊ эле жок дегенде 3-4 жыл кош бойлуу болуудан сактанууга мажбур кылат. Ошондуктан, бул аялдар кош бойлуу болууга жол бербей турган каражаттардан пайдаланууга мажбур болушат. Бирок, кээ бир аялдарга бул каражаттар узагыраак убакыт кош бойлуу болбой туруу жаатында пайда бербейт, натыйжада алар бири-бирине жакын убакыттарда кош бойлуу болуп кала беришет. Бул болсо, алар бири-бирине жакын убакта көп кесарево операцияларына дуушар болгону үчүн алардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Аялдар арасында омурткасында кемирчек барлары да бар, өтө көп кан кете тургандары бар. Натыйжада врачтар аял кош бойлуу болбосун үчүн фалоп каналын (трубаны) бүтүндөй жаап таштоо жолун карманууга мажбур болушат. Аялдар арасында ооруканага келип өзүнүн кош бойлуу болушу мүмкүн эместигин, кош бойлуу болууга жол бербей турган каражаттарды колдоно албастыгын, ошондуктан фалоп каналын бүтүндөй жаап таштоону каалай тургандыгын дааба кылуу абалдары көбөйүп кетти. 32 жаштагы жана 36 жаштан ашпаган аялдар бар. Бул аялдар адис врачтан фалоп каналын бүтүндөй жаап таштоо үчүн өзүн кесарево операция кылууну сурап катуу туруп алышат.

Суроо төмөнкүдөй, аялдын абалын анын кош бойлуулук баскычтарында күзөтүп бара турган жана кош бойлуулук аялда оор болуп жатканын көрүп «фалоп каналын бүтүндөй жаап коюу операциясын кылуу зарыл» деген чечим кабыл ала турган мына ошол врач жөнүндөгү шаръий өкүм кандай? Текшерип отурбастан аялдын сөзү менен – эгерде аялдын айткандары анык болбосо – операция кылган врач жөнүндөгү өкүм кандай?

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух

Кош бойлуу болууга убактылуу жол бербестик – азл кылуу жөнүндөгү белгилүү далилдерге ылайык – жаиз болот…

Ал эми, кош бойлуулукка бүтүндөй жол бербестик жана бүтүндөй төрөбөс кылып коюу арам. Мисалы, кош бойлуу болууга бүтүндөй жол  бербей турган, наслды (тукум улоону) үзүп коё турган дарыларды колдонуу, кош бойлуу болууга бүтүндөй жол бербей турган жана наслды үзүп коё турган хиррургиялык операцияларды кылуу арам. Мындай кылуу таптакыр жаиз эмес. Анткени, буга бычып коюу өкүмү туура келип калат, ушул өкүмдүн астына кирип, бычып коюу өкүмүн алат. Анткени, мындай дарыларды колдонуу – кудум бычып коюу наслды үзүп койгону сыяктуу – наслды үзүп коёт. Бычып коюудан ачык нахий (кайтаруу) келген. Саъд ибн Абу Ваккастан мындай дегени риваят кылынган: «Расулуллах A Усман ибн Мазъундун өзүн бычып алышын четке какты, эгерде ага уруксат бергенде биз да албетте өзүбүздү бычып алат элек». Мутафаккун алайх. Усман ибн Мазъун Набий Aдын алдына келип: «Я Расулуллах, мен бойдоктук машакаттуу болуп жаткан адаммын, мага өзүмдү бычып алышыма уруксат берсеӊиз, – деди. Ошондо Пайгамбарыбыз: Жок, бирок сен көп-көп орозо карма, – деди». Башка лафз менен келген хадисте болсо Усман ибн Мазъун: «Я Расулуллах, мага өзүмдү бычып алышыма уруксат бересизби? – деди. Пайгамбарыбыз: Аллах бизге анын ордуна ханиф улуу рухбандык (рохибдик)ти кылып берди, – деди». Анастан болсо мындай дегени риваят кылынды: «Набий A бизди үйлөнүүгө буюруп жана тарки дүйнөчүлүктөн катуу кайтарып: Мээримдүү, көп балалуу болуу үчүн үйлөнгүлө, анткени мен кыямат күнүндө (башка) үммөттөргө силердин көптүгүӊөр менен сыймыктанамын, – деп айтчу». Бул хадисти Ахмад чыгарды.

Кала берсе наслды бүтүндөй үзүп коюу Шореънин насл жана төрөгөндү үйлөнүүдөн көздөлгөн негизги максат кылып койгонуна да тескери келет. Аллах Таала адамдарга милдет кылып мындай деди:

 «Аллах силер үчүн өзүӊөрдөн жуптарды жаратып, жуптарыӊардан силер үчүн балдарды, неберелерди пайда кылды»                                                                                            [16:72]

Ошондуктан, демек бүтүндөй төрөбөс кылып коюу операциялары эркек жана аялга арам.

Ал эми, эгерде аял кош бойлуу болсо жана ишенимдүү адис врачтар «түйүлдүктүн курсакта калышы энеге өлүм коркунучун пайда кылат» деген чечимге келишкен болсо, анда түйүлдүктү түшүрүп жиберип, эненин өмүрүн куткарууга уруксат берилет. Анткени, Ислам өмүрдү куткарууга даъват кылган…

Ал эми аялдын өзүнүн оорулуу экендиги, ошондуктан кош бойлуулук өмүрүнө коркунуч туудурушунан коркушу жөнүндөгү сөздөрүнө келсек, ал чындыктан алыс болгон сөз. Анткени, оорулуу абалында кош бойлуу болгон жана кош бойлуулукту улантып соо-саламат бала төрөгөн жана Аллах сак-саламаттык неъматын берген канчалаган аялдар бар… Ошону менен бирге – азыр гана айтып өткөнүбүздөй – аял кош бойлуу болсо да, бирок, ишенимдүү, адис врачтар «кош бойлуулуктун уланышы эненин өмүрүнө да, түйүлдүктүн өмүрүнө да өлүм коркунучун туудурат деген» чечимге келишкен болсо ошондо гана түйүлдүктү түшүрүү жаиз болот.

Ушуга ылайык, демек бүтүндөй төрөбөс кылып коюу арам. Ошондуктан, аялды кош бойлуулук маалында дабалоо матлуб (зарыл болгон) иш. Эми эгерде ишенимдүү, адис врачтар бул түйүлдүк аялдын өмүрүнө да, түйүлдүккө да өлүм коркунучун пайда кылат деген чечимге келишсе анда кош бойлуулук маалында аялдын өмүрүн сактап калуу да матлуб иш болот. Мындайда түйүлдүктү түшүрүү жаиз. Ал эми аялдын талабы боюнча кош бойлуулукка бүтүндөй жол бербестик үчүн дарылоо арам.

Врачтар бул ишке жеӊил карабашы керек о.э. кош бойлуулуктун жана оорунун диагнозун коюуда бар болгон билимдерин ишке салышы керек… Анткени, бул аманат, ошондуктан, врач буга катуу амал кылышы, акыретин дүйнөнүн бир матасына – бул мата канчалык даражага жеткен болбосун – сатып жибербеши керек.

«Акырет алдында бул дүйнө матасы өтө аз нерсе го?!»                                            [9:38]

Сөзүмдүн аягында мен жубайларга наслды көбөйтүүнү жана перзенттерин жакшы тарбиялоого катуу көӊүл бурууну насаат кыламын. Анткени, Расулуллах A кыямат күнүндө алардын көптүгү менен сыймыктанат. Байхакий сунан кубродо Абу Умама Gдан мындай дегенин чыгарды: Расулуллах A:

«تَزَوَّجُوا فَإِنِّي مُكَاثِرٌ بِكُمُ الْأُمَمَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ…»

«Үйлөнгүлө, анткени мен кыямат күнүндө үммөттөргө силердин көптүгүӊөр менен сыймыктанамын…», – деген. Ушуга окшош хадисти Хаким да эки сахих мустадракта Маъкил ибн Ясор I анхудан, Баззор болсо өзүнүн муснадында Анас Gдан чыгарган о.э. башкалар да чыгарган.

Аллах Субханаху солих эркектер жана солиха аялдарды дос тутат.

Боордошуӊз                                                                                                 23-ражаб, 1435-х.

Ато ибн Халил Абу Рошта                                                                              22-май, 2014-м.

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here