«Ал-Жазира» сайтында басылып чыкканмакалага раддия

342
0

2014-жылы 8-июнда «ал-Жазира» сайтында «Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык жана ИШИМ минхажы негизиндеги Халифалык» аттуу макала басылып чыкты. Макала шейх Юсуф Курзаий жетекчилик кылган Мусулман Уламаларынын Эл аралык Союзунун вице-президенти доктор шейх Ахмад Райсунийдин калемине таандык. Ал макалада мындай дейт: «Шарият бизге Халифалык, же Исламий Халифалык, же Халифалык мамлекети делген нерсени эч качан фарз кылган эмес, мындай Халифалыктын же мамлекеттин белгилүү бир формасын же көрүнүшүн тикелөө бизге фарз эмес, биз жетекчибизди – халифа, башкаруубузду – Халифалык деп атоого буйрулган эмеспиз».

Биз төмөндө Халифалыктын акыйкатын, шаръий өкүмүн жана аны тикелөөнү фарз кылган далилдерди ачыктап өтөбүз:

Халифалык – исламий шарият өкүмдөрүн тикелөө жана исламий даъватты дүйнөгө алып чыгуу үчүн дүйнөдөгү бүткүл мусулмандардын жалпы жетекчилиги. Ал имамдыктын дал өзү, анткени, имамдык жана Халифалык бир маанини билдирет. Ушул эки сөз сахих хадистерде келген, алардын эч бири бирер шаръий нусуста т.а. Китеп жана Сүннөттө бири-бирине тескери мааниде келген эмес, Китеп жана Сүннөт гана шаръий нусус болуп эсептелет.

Бир халифа тикелөө бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга фарз. Аллах мусулмандарга фарз кылган бардык фарздар сыңары бир халифаны тикелөө эч кандай ыктыярга да, экиленүүгө да орун калтырбаган катъий буйрук болуп эсептелет, аны тикелөөдө суздук кылуу эң чоң күнөөлөрдүн бири болуп, ал үчүн Аллах катуу азапка кириптер кылат.

Халифалыкты тикелөө бардык мусулмандарга фарз экендигинин далили Куръан, Сүннөт жана сахабалардын ижмасында камтылган.

Куръандан далил: Аллах Таала Расулуллах Aды мусулмандар ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүүгө катъий буйруду. Аллах Таала Өз Расулу Aга мындай деди:

«Демек, адамдар ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын жана сага келген Акыйкаттан жүз үйрүп, алардын нафсине ээрчибе!»                                                     [5:48]

«Алардын арасында Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын көңүл кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият болгун»                                                        [5:49]

Эгер, Расулуллахка жолдонгон хитаб (кайрылуу) – ал заттын өзүнө гана таандык далил келбеген болсо – Үммөткө жолдонгон хитаб болуп эсептелет. Бул жерде андай далил жок, ошондуктан, бул хитаб бардык мусулмандарды ушул өкүмдү тикелөөгө үндөгөн хитаб саналат. Халифалыкты тикелөө өкүм жана бийликти тикелөөдөн башка нерсени түшүндүрбөйт. Мындан тышкары, Аллах Таала мусулмандарга бийлик ээлерине итаат кылууну фарз кылган, бул болсо мусулмандар үчүн бийлик ээси болушунун шарттыгына далалат кылат. Аллах Таала мындай дейт:

«Эй момундар, Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга о.э. өзүңөрдөн болгон (мусулман) бийлик ээлерине моюн сунгула»                                                                                      [4:59]

Аллах жок кишилерге итаат кылууну буйрубады,андыктан, бул аят бийлик ээлерин тикелөө зарылдыгына далалат кылат. Бул буйрук мандуб да эмес, мубах да эмес, аныгында, фарз, себеби, Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм жүргүзүү фарз. Аллах Таала бийлик ээлерине итаат кылууга буюруу менен бирге аларды тикелөөнү да буйруду. Бийлик ээсин тикелөө менен өз-өзүнөн шаръий өкүмдү тикелөө да келип чыгат, ал эми, аны тикелөөдөн баш тартуу менен шаръий өкүмдү зая кетирүү келип чыгат, ошондуктан аны тикелөбөөдөн арам т.а. шаръий өкүмдү зая кетирүү келип чыккандыктан аны тикелөө фарз болуп калат.

Сүннөттөн далил: Имам Муслим Нафиъ жолунан риваят кылат: Мага Ибн Умар мындай деди: Мен Расулуллах Aдын мындай дегенин укканмын:

«مَنْ خَلَعَ يَدَاً مِنْ طَاعَةٍ لَقِيَ اللهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ لاَ حُجَّةَ لَهُ، وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Кимде-ким итааттан баш тартса кыямат күнү Аллахка хужжаты жок абалда жолугат. Кимде-ким мойнунда байъат жок абалда өлсө жахилият өлүмү менен өлүптүр».

Бул жерде Набий A бардык мусулмандын мойнунда байъат болушун фарз кылды жана мойнунда байъатсыз көз жумган адамды динсиз абалда өлдү деп сыпаттады. Байъат бир гана халифага берилет. Расулуллах ар бир мусулмандын мойнунда байъат болушун фарз кылды, бирок, ар бир мусулман түздөн-түз халифага байъат беришин фарз кылган жок. Ар бир мусулмандын мойнунда байъат болушу т.а. ар бир мусулмандын байъатын кепилдеген халифанын бар болушу фарз. Анткени, халифанын бар болушу ар бир мусулмандын мойнунда байъатты бар кылат, ал амалда байъат кылабы же кылбайбы, айырмасы жок. Ошондуктан, бул хадис ар бир адамдын жеке өзү халифага байъат беришинин фарздыгына эмес, халифа шайлоонун фарздыгына далил. Расулуллах A мусулмандын мойнунда байъат болбогон абалда өлүшүн т.а. мусулмандын жеке өзү байъат бербешин эмес, мойнунда байъат болбошун каралады. Набий Aдан риваят кылынат:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ فَتَكْثُرُ. قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: فُوا بِبَيْعَةِ الأوَّلِ فَالأوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бану Исраилге пайгамбарлар саясат кылышчу. Качан бир пайгамбар көз жумса, артынан башка бир пайгамбар келет эле. Менден кийин болсо пайгамбар болбойт. Халифалар болот жана алар көбөйүп кетишет. Ошондо: Бизге эмнени буюрасыз? – дешкенде, айтты: Биринчисинин, биринчисинин гана байъатына бапаа кылгыла жана алардын акыларын өзүлөрүнө бергиле, анткени Аллах алардан жаранды кандай башкарганы жөнүндө сурайт».

Ибн Аббас риваят кылат, Расулуллах A мындай дейт:

«مَنْ كَرِهَ مِنْ أميرِهِ شَيْئًا فَلْيَصْبِرْ عَلَيْهِ، فَإنَّهُ لَيْسَ أحَدٌ مِنَ النَّاسِ خَرَجَ مِنَ السُّلْطانِ شِبْراً فَماتَ عَلَيْهِ إلاَّ ماتَ مِيتَةً جاهِلِيَّةً»

«Ким амиринин бирер нерсесин жактырбаса, ага сабыр кылсын, анткени бирер киши султанга каршы чыккан абалда көз жумса динсиз абалда өлөт». (Имам Муслим риваяты).

Бул хадистерде Расулуллахтан мусулмандарга валийлер башчылык кылышы о.э. халифа калкан коргоочу экени кабар кылынган. Расулуллах имам-халифаны калкан деп сыпатташы халифанын бар болушу пайдалуу т.а. талап экенин көрсөтүүдө. Себеби, Аллахтан жана Расулунан келген кабар каралоону өз ичине алган болсо, бул тыйылууга үндөгөн талапты т.а. кайтарууну түшүндүрөт. Эгер, мактоону өз ичине камтыган болсо, аткарууга үндөгөн талапты түшүндүрөт. Эгер, талап кылынган амалды аткаруудан шаръий өкүм келип чыкса же андан тыйылуудан шаръий өкүмдү зая кетирүү келип чыкса, бул талап катъий болот.

О.э. бул хадистерде мусулмандарга саясат жүргүзгөн халифанын болушу да айтылган. Бул болсо ушул халифаны тикелөө талап кылынып жатканын түшүндүрөт. Дагы бул хадистерде мусулмандын султанга каршы чыгышынын арамдыгы айтылган, бул да мусулмандын султанды тикелөөнү т.а. фарз өкүмүн алышын түшүндүрөт. Арийне, Расулуллах A халифаларга итаат кылууну жана андан Халифалыкты талашкан кимсени өлтүрүүнү буйруду. Бул да халифаны тикелөөгө о.э. андан Халифалыкты талашкан бардык кимселерди өлтүрүү аркылуу анын Халифалыгын коргоого үндөгөн буйрукту түшүндүрөт. Имам Муслим риваят кылган хадисте Набий A мындай дейт:

«وَمَنْ بَايَعَ إِمَامًا فَأَعْطَاهُ صَفْقَةَ يَدِهِ وَثَمَرَةَ قَلْبِهِ فَلْيُطِعْهُ إِنِ اسْتَطَاعَ، فَإِنْ جَاءَ آَخَرُ يُنَازِعُهُ فَاضْرِبُوا عُنُقَ الآخَرِ»

«Кимде-ким чын дилден имамга байъат берсе колунан келгенче ага итаат кылсын. Эгер, башка бирөө келип, анданимамдыкты талашса, анын мойнуна кылыч менен ургула».Демек, имам-халифага итаат кылууга үндөгөн буйрук аны тикелөөгө үндөгөн буйрук саналат, андан Халифалыкты талашкан кимсени өлтүрүү буйругу ар дайым бир халифанын болушу туурасындагы катъийликке карина болот.

Сахабалар ижмасынан далил: Сахаба Gлар Расулуллах A дүйнөдөн кайткан соң бир халифаны тикелөө шарттыгына ижма кылышкан. Оболу Абу Бакрды халифа кылууга ижма кылышты, ал көз жумган соң Умарды, ал көз жумган соң Усманды, ал көз жумган соң Алини халифа кылууга ижма кылышты. Сахабалардын халифаны тикелөө жөнүндөгү ижмасы Расулуллах A көз жумган соң ал затты жерге берүүнү кечиктиришип, халифа шайлоо менен алек болушканынан да тастыкталган. Акыйкатта болсо, өлгөн адамды жерге коюу фарз болчу, аны жууп кепиндеп жерге бериши шарт болгон кишилер башка иш менен алек болушу арам эле. Расулуллах Aды жууп кепиндеп жерге берүү менен алектениши шарт болгон сахабалардын бир бөлүгү халифа шайлоо менен убара болушту, калган бөлүгү буга сүкүт кылышты жана муну четке кагууга да, сөөктү жерге көмүүгө да кудуреттүү болушуна карабастан, ушул кечиктирүүгө шерик болушту. Натыйжада, сөөктү жерге берүүдөн көрө халифаны шайлоо маанилүү экендигинин ижмасы келип чыкты. Булкачан халифа шайлоо сөөктүжерге берүүдөн да зарыл болгон абалда гана болот.

Мындан тышкары, бардык сахабалар бүт жашоосунда халифа шайлоонун зарылдыгына ижма кылышкан, халифа катары талапкерлерди тандоодо гана ар пикирде болушуна карабастан, Расулуллах Aдын тирүү кезинде да, көз жумгандан кийинки хулафаи рошидиндер доорунда да халифаны тикелөөдө таптакыр ар пикирде болушпаган, ошондуктан сахабалардын ушул ижмасы халифаны шайлоонун фарздыгына ачык-айкын күчтүү далил болуп калды.

Арийне, динди тикелөө, дүйнө жана акырет иштеринин бардык тармактарында шарият өкүмдөрүн колдонуу субуту да, далалаты да катъий далил менен фарз болот. Муну бийликке ээ жетекчисиз аткаруу таптакыр мүмкүн эмес. Шаръий коидада «важибди аткаруу үчүн зарыл болгон нерсе да важиб» делген, бир халифа шайлоо ушул жактан да фарз болгон.

Бул далилдер ушуга ачык-айкын далалат кылууда, башкаруу жана бийликти тикелөө о.э. бул башкаруу жана бийликке жетекчилик кылган халифаны тикелөө мусулмандар үчүн фарз, анткени мындан башкаруу жана бийлик гана эмес, шарият өкүмдөрүн колдонуу да максат кылынган. Ошондуктан, Ислам өкүмдөрүн колдонгон, фарз катары даъват жүгүн көтөргөн халифаны тикелөө – исламий башкарууну тикелөө жана мусулмандардын кол тийгистигин коргоо сыяктуу Аллах мусулмандарга буйруган фарздардын бири болушунан тышкары сахих шаръий нусустарда тастыкталганына таптакыр күмөн жаратпаган фарз. Бирок, бул фарз мусулмандарга фарзи кифая болуп, эгер алардын айрымдары аны тикелесе, фарздык табылат да, башка мусулмандар үчүн бул фарз бекер болот. Эгер, ушул айрымдары бардык тийиштүү амалдарды аткаруу менен да аны тикелей алышпаса, ал бүткүл мусулмандарга фарзга айланат жана халифа тикеленгенге чейин эч бир мусулманга бул фарз бекер болбойт.

Халифаны тикелөө аракетинен баш тартуу мусулмандар үчүн эң чоң күнөөлөрдүн бири болот, анткени бул Исламдын эң маанилүү фарздарын аткаруудан баш тартуу болуп саналат. Аны менен гана дин өкүмдөрү колдонулат, жашоонун бардык тармагында Ислам өкүмдар болот. Ошондуктан, мусулмандар халифаны тикелөө үчүн аракет кылышпаса катуу күнөөкөр болушат.

Ахмад Райсуний бул макаласы менен Али Абдураззакты туураган көрүнөт. Али Абдураззак да өзүнүн «Ислам жана башкаруу негиздери» (1925-ж.) аттуу китебинде мындай деген: «Адилеттик үчүн айтуу керек, Ислам дини мусулмандар салттуу түрдө карманып келген Халифалыкка тиешелүү эмес. О.э. мусулмандар корккон жана улуулаган, даңктаган жана кубаттуу көрсөткөн нерсеге да тиешелүү эмес. Халифалыктын диний маселелер менен эч кандай байланышы жок. Андан тышкары, соттун да, бийлик органы жана мамлекеттик мансаптарменен байланышкан башка маселелердин да диний маселелер менен эч кандай байланышы жок. Булардын баары дин аралашпашы тийиш болгон саясий пландарга кирет. Ошондуктан, дин аларды моюнга да албайт, четке да какпайт, дин аларга буйрубаган да, алардан кайтарбаган дагы, тескерисинче, биз аларды кабыл алууда акыл мыйзамын, башка үммөттөрдүн тажрыйбаларын жана саясий эрежелерди алуубуз үчүн өзүбүздүн тандообузга койгон».

Ошондо 1925-жылы Азхар шейхинин жетекчилиги астындагы чоң уламалардын жыйналышында Абдурраззактын ардактуу улама деген наамы бекер кылынган о.э. Шаръий казылар кеңеши бир добуштан анын шаръий казылык вазыйпасын бекер кылууга, уламалар тобунан чыгарууга өкүм кылган. Андыктан, бүгүн да Ислам Уламаларынын Эл аралык Союзу Райсунийди мындай аракети үчүн эсеп-китеп кылышы керек!

Усман Баххаш

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

Дареги: ал­Мазраа- «КолумбиаЦентр» – блок б – экинчи кабатПочта кутусу14­5010телефон: 009611307594Уюлдук телефон: 0096171724043

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here