Расмий сапар менен Тажикстанга келген АКШ тышкы иштер министринин Түштүк Азия жана Орто Азия боюнча жооптуу жардамчысы Ниша Десаи Бисвал АКШ өкмөтү Тажикстанга аскерий жардам көрсөтүүгө токтом кылгандыгын билдирди.
Тажикстанда жогорку даражалуу жооптуулар менен жолугушкан Бисвалдын баса белгилешинче, АКШ терроризмге (саясий Исламга), наркотикалык заттардын мыйзамсыз соодасына жана башка эл аралык кылмыштарга каршы күрөштө Тажикстандын коопсуздук кызматтарына жардам берүүгө токтом кылган.
О.э. Ниша Десаи Бисвал Душанбеде Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да жолугушту. Жолугушуу маалында эки мамлекет ортосунда саясий, экономикалык, соода жана билим берүү тармагында кызматташууга келишип алынды. Айрыкча, тараптар ортосунда регион коопсуздугу маселеси жана Афганистандагы эл аралык коалициялык баскынчы күчтөрдүн чыгып кетишинин артынан региондогу кырдаалдын туруктуулугу үчүн алдын ала көрүлүүчү иш-чаралар талкууланды.
АКШ дипломаты Афганистан баскынында жардамчы болгондугу үчүн Тажикстан президенти Эмомали Рахмонго ыраазычылык билдирди.
Туркистон: АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин аянычтуу абалдарынан пайдаланып, аларга экономикалык, саясий жана аскерий тараптардан шарттарды жаратып бере алышы мүмкүн экендигин баян кылат. Ал Россия кылып бере албай турган, өтө чоӊ өлчөмдөгү каражаттарды талап кыла турган долбоорлорду сунуштайт. Муну АКШ өзүн ээрчиген бир нече мамлекеттердин мисалында иш жүзүндө көрсөтүп бере алат.
Муну менен АКШ Тажикстанды өзү тарапка тарта албаса да, Россия менен анын ортосун бир топ убакытка алыстатып коюшу мүмкүн. Анткени, Тажикстан Россиянын басымы астындагы мамлекеттерден болуп, АКШ тарабынан көрсөтүлүүчү жардамдар аны фитналандырышы мүмкүн. Андан тышкары, Рогун ГЭСи долбоорунун ишке ашышы да АКШга байланыштуу болуп турат. Россия бул долбоорду жүргүзө албады.