Өзбекстанда интернеттен пайдалануучу пункттар жана интернет провайдерлерге карата талаптар күчөп барууда

359
0

Өзбекстанда интернеттен пайдалануучу пункттар жана интернет провайдерлерге карата талаптар күчөп барууда. Интернет провайдерлерге “кардарлар коопсуздугун камсыздоо” үчүн күзөтүүчү камераларды орнотуу милдети жүктөлдү.

Өзбекстандагы Байланыш, маалымат жана телекоммуникация технологиялары мамлекеттик комитетинин 28-марттагы токтомуна ылайык, жалпы пайдалануу пункттарында интернет кызматын көрсөтүү тартиби туурасындагы мыйзамга өзгөртүү киргизилди.

“Норма.уз” басылмасы кабар беришинче, өзгөртүүлөр коммерциялык негизде интернет кызматын көрсөтүп жаткан интернет провайдерлерге тиешелүү. Айрыкча, жалпы пайдалануу пункттарына карата талаптар көлөмү кеӊейтилди. Мындан кийин жогорудагы пункттарды көп кабаттуу үйлөрдүн подвалына жана жарым подвал бөлүмдөрүндө иштетүүгө катуу тыюу салынды.

Ошону менен менен бирге, зарыл болгон техникалык жабдыктардан тышкары, интернет кызматын көрсөтүп жаткан интернет-провайдерлер жалпы пайдалануу пункттарында “кардарлар коопсуздугун камсыздоо” үчүн видеокамераларды да орнотуусу шарт болот.

Мындан тышкары, 31-марттан баштап күчүнө кирген жаңы тартипке ылайык, интернет-провайдерлерден видеокамералар жардамында “кардарлар коопсуздугун камсыздоо” менен биргеликте алар кирип жаткан вэб баракчалар жөнүндөгү маалыматтарды 3 айга чейин сактап туруу талап кылынат.

 Туркистон:

Акыркы жылдарда эл аралык уюмдар тарабынан “интернет душманы” деп сындалып келе жаткан Өзбекстанда көптөгөн көз карандысыз маалымат агенттиктеринин сайттарына тосук коюлган. Расмий бийлик мындай тосуктарды коюу аркылуу дүйнөдө жана Өзбекстанда жүз берип жаткан окуялардан калктын альитернативдүү жол менен маалымат алышына жол бербестикке аракет кылууда. Бул аркылуу расмий бийлик агымга каршы сүзүүгө жана өз калкын калкын саясий жактан дагы да караӊгы кылууга умтулууда.

 Өзбекстанда иш жүргүзүп жаткан “көз карандысыз жана эркин” ММКлар болсо маалыматтарда жалаӊ гана бир тараптуу жана расмий бийлик тарабынан уруксат берилген теманы гана ачыкташы мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстан телевидениеси жана басма сөзү Сирияда, Борбордук Африкада же Украинада жүз берген окуялар жөнүндө бир ооз да кабар бербеди. Себеби, бул кабарлар бийликтегилер жана өзгөчө Каримов каалабаган темалар түркүмүнө кирет.

 Эгерде Өзбекстандагы расмий ММКнын кабарларын көрсөӊүз же окусаӊыз, анда жалаӊ гана президент “жетекчилигинде жүргүзүлүп жаткан акылдуу саясат”тын күбөсү болосуз. Чет өлкөлүк кабарларда болсо, Кытайда панда балалуу болгондугу же Батыш мамлекеттеринин биринде куткаруучулар мышыктын баласын канализациядан чыгарып алгандыгы жөнүндөгү “укмуштуудай” окуялар кабар кылынат.

 Расмий бийлик интернет кафелерге видеокамералар орнотулушун “кардарлар коопсуздугун камсыздоо” менен актоого аракет кылып жаткан болсо да, түпкүлүгүндө, мында диктатор бийлик өз коопсуздугун кепилдөөнү максат кылган. Эгерде расмий бийлик чындап эле өз калкынын коопсуздугун ойлогондо ар жылы муктаждыктан Россияга жумуш издеп чыгып, ал жерде скинхеддер колунан курман болуп жаткан миӊдеген бейкүнөө жарандарынын тагдырына кыпындай болсо да көӊүл бурат болчу. А бирок, Каримовдун бирден-бир кайгысы өз бийлигин мүмкүн болушунча узагыраак сактап калуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here