УУРУСУ КҮЧТҮҮ БОЛСО, ЭЭСИ ДООГО ЖЫГЫЛАТ

407
0

Эл аралык арбитраждар чыгарган өкүмдөр Кыргызстандын “эгемендүү” кул экенин көрсөткөн көрүнүштөрдүн бири болуп калды.

Кыргызстанды кыйын абалга кептеген мындай кырдаал тууралуу юстиция министри Алманбет Шыкмаматов:

– Жалпысынан, азыр бизге карата эл аралык соттордо бир миллиард долларга жакын бааланган доо бар. Ошондой эле ар кандай өлчөмдө бизге доо койгон 9 субъект менен соттошуп жатабыз. Тилекке каршы, ал эл аралык соттордон биринин артынан бирин уттуруп жатабыз, – деп билдирип, бул чындыкты моюнга алды.

Кыргызстандын доогерлерге удаама-удаа уттуруп жатышына таң калуунун кажети жок. Анткени, эл аралык сот, анын алкагындагы эл аралык арбитраждык соттор эң оболу колонизатор кафирлердин, анан калса башка бардык капиталисттердин кызыкчылыктарын коргоп берүү үчүн түзүлөт. Анда адилеттүүлүк деген болбойт. Ал жерде акча гана ойнойт. Бирок, адаттагыдай эле, биздин атка минерлер мындай акыйкаттарды ачыкка чыгарышпайт. Атынан айтпай “тергеп”, алар жөнүндө абайлап, “кагазга ороп” сүйлөшөт.

Маселен, министр А. Шыкмаматов сөзүн минтип улады: “Акыйкат биз тарапта экенин далилдей албасак, бирок ошол эле кезде соттордун чечимин көгөрүп эле аткарбай койсок, анда эл аралык коомчулуктан чыгып калышыбыз мүмкүн. Эл аралык коомчулуктан чыгуу деген сөз экономикалык алака-катыштын буулушу деген түшүнүк. Ошон үчүн бул татаал маселе”.

Мындай сөздөр карапайым калкты адаштыруудан башка нерсе эмес. Негизи, жыгылган чабал өкмөттү эл аралык сот коомчулуктан чыгарам деп отурбай эле, аны колкодон алып, доогерге өндүрчүсүн өндүрүп берет.

Мисалы, өткөн жылы кыргыз өкмөтү “Ак кеме” мейманканасы боюнча түркиялык Sistem Muhendislik компаниясынан утулуп калды. Түркия компаниясы өзүнүн кыргыз өкмөтүнө койгон доосун 11 миллион долларга баалаган. Ошондой эле эл аралык сот – кыргыз өкмөтү аталган сумманы өз ыктыяры менен төлөбөгөндүктөн – Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын камакка алуу чечимин чыгарган.

Мына ушундай капиталисттер пайдасына чыгарылган чечимдер каршысында, бакыйган бир мамлекеттин өкмөтү каяктагы бир капиталисттин алдына чөгөлөйт.

Мына премьер Ж. Сатыбалдиев өткөн жумада “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, муну жашырган жок. Ал: “Доонун суммасы 11 миллион доллар. Соттук териштирүүлөргө кеткен 2 миллион доллар да бизге жүктөлүп отуруп, анын суммасы 13 миллионго барабар болду. Мына ошону төлөй албай, биз ал компания менен тынчтык келишимине келүүнүн жолдорун издеп жатабыз”, – деди.

Ошондой эле канадалык “Stan energy” компаниясы “Куттуу-сай-2” сейрек кездешчү металл кенине болгон укугунун жокко чыгарылышы боюнча кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген. Бул иште өкмөт 117 миллион долларлык доого жыгылган. Бирок, эл аралык соттор “адилеттигинен” үмүтү үзүлбөгөн кыргыз тарабы аталган компания инвестициялык макулдашууну аткарбаганын далилдөө боюнча башка бир эл аралык арбитражга кайрылуу чечимин кабыл алган.

Мунун натыйжасы “аңгектен качсаң, дөңгөккө” болушун бөркүңдөй көрө бер.

Бул эл аралык арбитраждар Кыргызстан сыяктуу мусулман өлкөлөрүн колонизатор кафирлерге эле эмес, арзыбас нажас мушриктерге да кул кылып койду.

Мисалы, түштүк кореялык ишкер, “Борбор азиялык корпорациянын” жетекчиси Ли Жон Бэк кыргыз өкмөтүн Москвадагы соода-өнөр жай палатасынын алдындагы арбитражга берип, утуп алды. Ал арбитраж кыргыз өкмөтүн 23 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ал эми мындай утулуулар үчүн төлөнө турган төлөм жалпы жарандар чөнтөгүнөн болору бышык.

Эми ушул орунда Үммөткө карата бир нече суроо туулат:

Эй Үммөт!

Капиталист инвесторлор менен түзүлүп жаткан келишимдердин бири да шаръий эмес. О.э. арбитраждык соттордо чыгарылган чечимдердин бир да шаръий эмес. Анда эмнеге алар алып келген чыгышыларды биз төлөшүбүз керек?

Эмне үчүн ушул чыгышаларды алардын түздөн-түз себепчиси болгон Акаев…, Бакиев…, Атамбаев…чилерге төлөтүп албайсыңар.

Эмне, эл аралык арбитраждык сотторду ыргытып таштап, шариятка жүздөнүүнүн кези келбедиби?!

Адилеттүүлүктү качанга чейин аруу Аллах тааланын алдынан эмес, нажас кафирлердин алдынан издейсиңер?..

Жеткирдикпи?!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here