Украинанын Донецк шаарында россиячыл жикчилдер шаардын аэропортун басып алгандан бери Украина аскерий операциялары үзгүлтүксүз уланууда.
Россиячыл жикчилдер маалымат бюросунун берген билдирүүсүнө ылайык, эки күнгө созулган операцияда 100гө жакын киши өлүп, өтө көптөгөн адамдар жарадар болушкан. Бул тууралуу жикчилдердин жетекчилеринин бири Денис Пушилин маалымдады.
Пушилин өлгөндөрдүн 50 чактысы “Донецк улуттук коргонуу күчтөрүнө” караштуу куралдуу күчтөрдөн экендигин, калган 50 чакты адам болсо карапайым жарандардан экендигин ачыктады.
Оор куралдар ишке салынган согушта Украина аба күчтөрү вертолёттор менен аймакты бомбалаганы айтылууда.
Бул тууралуу билдирүү берген Россия президенти Владимир Путин “Украина аскерийлери жазага татыктуу иштерин тезинен токтотушу керек” деп баса белгиледи.
Украина аскерийлери шаардын борборун көздөй бара жаткандыктан, жикчилдер жолдорго тосмолорду орнотушкан. Кум толтурулган мүшөктөр менен тосмо жасаган жикчилдер күйүүчү майларга толтурулган бөтөлкөлөр менен куралданганы көӊүл бурууга арзыйт.
Акыркы жетип келген кабарга ылайык, бир күнгө созулган кагышуудан кийин Украина аскерийлери аэропортту көзөмөлүнө алышкан. Бирок, бир топ жоготуулар бар.