ТАТАРСТАН МУСУЛМАНДАРЫНА ЖАРДАМ БЕРҮҮ КАМПАНИЯСЫНА КОШУЛГУЛА!!!

2014-жылдын январь айынын акырларынан баштап Путин башчылыгындагы Россия өкмөтү Татарстандагы мусулмандарга карата кыйноолор, камакка алуу, тинтүү, уурдап кетүү иштерин дагы да жырткычтык ыкмада, жаңы күч менен массалык көрүнүштө баштап жиберди. Өкмөттүн мындай жийиркеничтүү иштери көптүгүнөн, ал тургай алардын эсебине жетүү кыйын болуп калды. Залим өкмөт Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүндө Татарстан менен эле чектелбеди, тескерисинче мындай күрөштөр Россиянын башка региондорунда да кеӊири масштабда жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Нижнекамск жана Чистопол шаарларындагы камактарда 2013-жылдын декабрь айындагы абалдан кийин зулумга учураган жана камалган ондогон мусулмандар негизсиз түрдө жатат. Аларды түрдүү кыйноолор менен кыйнап жатышат. Ошол мусулмандардын кээ бирлеринин омурткалары, кээ бирлеринин кабыргалары, кээ бирлеринин болсо буттары сындырылган. Бир боордошубуздун жыныстык мүчөсү күйдүрүлгөн.

Бул залим өкмөт ошону менен эле чектелип калбастан, жакындары, жубайлары жана перзенттерин коргоо үчүн чыккан тууган-уруктарын да куугунтуктап о.э. кысым көрсөтүп, эч бир негизсиз эле үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп жатышат.

Чеченстанда он миӊдеген мусулмандардын канын ичип тойбогон канкор Путин эми өзүнүн жийиркеничтүү пландарын Татарстанда ишке ашырууга аракет кылууда.

2014 – жылдын январь айынын экинчи жарымында Татарстандын дээрлик бардык шаарларында, Казан, Нижнекамск, Елабуга, Н.Челна, Альметьевск, Нурлат, Чистопол, Азнакаеволордо мусулмандардын үйлөрүндө эч кандай негизсиз текшерүүлөр өткөрүлдү. Мындан тышкары башка шаарларда да ыймандууларга каршы түрдүү соттук процесстер жана кылмыштык иштер козголууда. Россия өкмөтү мусулмандарга каршы күрөштү массалык түрдө баштоо үчүн 2013-жылдын 30-декабрь күнү Волгоградда жардыруу иштерин өзү уюштурду жана бул жардыруу ишинде Россияда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир жамаатына жабыштырууга аракет кылды.

2014-жылдын 20-январында Татарстан ички иштер министри А. Хохорин мамлекетте болуп өткөн жардыруулар жана табылган бомбалар жөнүндө сүйлөп жатып: “ …Биз баарыбыз ФСБ менен биргеликте, бар болгон күчүбүздү бир жерге топтоп, ушул кылмыштарды уюштургандарды, өзгөчө “Хизбут-Тахрир” жамаатынын мүчөлөрүн кармап, аларды сот алдында жоопко тартышыбыз керек. Бир да кылмышкер жоопкерчиликтен кутулбашы керек,” – деди.

Россия өкмөтү Татарстанда мусулмандарга каршы зулумдарын күчөткөн азыркы убакта мусулман боордошторубуз бизди жардамга чакырып, бизден жардам күтүүдө.

Расулуллах с.а.в.: “Момундар бири-бирине камкордук кылууда кудум бир дене сыяктуу. Эгерде денедеги бир мүчө ооруп калса, калган мүчөлөр уйкусуздук жана ысытмалоо менен ага шерик болушат”, –  деген. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Эй Борбор Азиядагы мусулмандар!

Аллах жолунда Татарстан мусулмандарды коргоо үчүн тургула!

ВКонтакте, Одноклассники, Facebook жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыӊар аркылуу төмөнкү: “Кыйноолор токтотулсун!”, “Жасалма кылмыштык иштер токтотулсун!”, “Кыйноолорго тиешеси барлар жазалансын!”, “Мусулмандарды кордоого жол жок!” – деген чакырыктарды колдоп-кубаттагыла.

Биз өз аракеттерибиз, кылып жаткан дубаларыбыз менен Татарстанда зулум көрүп жаткан мусулмандарга жардам берүүгө аракет кылалы!

Аллах Тааала айтат:

Эгерде алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам берүү мойнуӊарда ”   [8:72]

turkistonkg

Recent Posts

Айт намазы аянтта окулбайт

Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…

3 hours ago

Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…

3 hours ago

Рамазан айында итикаф

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 hours ago

Кадыр түн

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Кадыр түн Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

3 hours ago

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы?

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…

1 day ago

Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago