Танзиланы жоолук салынганы себептүү сабакка киргизишпеди

364
0

 Кыргызстан республикасынын Баткен областына караштуу Кадамжай шаарында жайгашкан №17 – мектепте үчүнчү класстын окуучусу болгон Абидин кызы Танзиланы жоолук салынганы себептүү сабакка киргизишпеди.

 Танзиланын мектепке келишине мектеп директору жана окуу иштери боюнча директордун орунбасары (завуч) тарабынан тыюу салынган, кийинчерээк класс жетекчиси да окуучу кыздын укугун чектөөгө жана мектеп жетекчилиги тарабынан коюлган талапты аткарууга мажбур болгон.

Мектеп жетекчилиги жоолук салынууга уруксат берүүчү документ талап кылышкан. О.э. алар окуучу кыз телефон аркылуу үй тапшырмаларын алып турушу мүмкүн экендигин айтышкан. Бирок, 10-апрелден 17-апрелге чейин мугалимдер Танзилага эч кандай үй тапшырмасын беришпеген.

22-апрель күнү болсо, ата-энелер чогулушу өткөрүлдү. Ал чогулушта мектеп директору Николай Сопуев, окуу иштери боюнча директордун орунбасары Майсара Бөрүбаев о.э. Танзиланын класс жетекчиси Дилсаз Турсункуловалар өздөрүнүн бул аракеттерине түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here