Суроо:
Улуу аалым Ато ибн Халил Абу Рушта мырза, сизди Аллах Өз коргоосунда сактасын, ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух, амма баъд:
Сүткордук, уурулук, бузуку ырларды ырдоо же булардан башка арам жолдор менен табылган байлыктын, эгер, ээси тообо кылса бул байлыктын өкүмү кандай болот?
Бул туурасында хостоо барбы же бул туурасындагы өкүм бирөөбү?
Байлыктын ээси тообо кылса да байлык арам болуп кала бере турган болсо, тообо кылууну каалаган, бирок, байлыгы текке кетишинен корккон адамдар да табылат… Ошондуктан, кээ бир шайхтер айткандай, анын тообо кылышына үмүт кылып бул иш башкача чечилеби?
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух…
Аллах Субханаху ва Таала айтат:
«Эй момундар, Аллахка калыс тообо кылгыла» [66:8]
«Бирок, тообо кылып өздөрүн оңдогон жана Аллахка байланып, диндерин Аллах үчүн калыс кылган заттар – дал ошолор гана момундар менен бирге болушат. Жакында Аллах момундарга улук ажр-сооп берет!» [4:146]
Тирмизий Анастан риваят кылган хадисте Набий A айтты:
«كُلُّ ابْنِ آدَمَ خَطَّاءٌ وَخَيْرُ الخَطَّائِينَ التَّوَّابُونَ»
«Адам перзенттеринин баары каталык кылуучу. Каталык кетирүүчүлөрдүн эң жакшысы – тообо кылуучулар».
Тообо туура таризде болушу жана Аллах тообо кылуучунун күнөөсүн кечириши үчүн тообо кылуучу күнөөдөн тыйылышы, өтмүштө кылган иштерине бушайман болушу жана мындай иштерге кайра барбоого бекем чечим кабыл алышы керек. Эгер, күнөөсү бирер адамдын акысына тиешелүү болсо зулум көргөн бул адамдын укугун кайтарышы жана анын кечиришине жетишүүсү шарт кылынат. Эгер, анда уурулук же баскынчылык менен тартып алган байлык болсо, байлыкты ээсине кайтарышы жана шаръий жактан ыплас жол менен табылган нерседен кутулушу важиб. Себеби, арам жол менен байлык табуунун акыбети кооптуу. Ахмад Абдуллах ибн Масъуддан риваят кылган хадисте Абдуллах ибн Масъуд айтат: Расулуллах A айтты:
«…وَلاَ يَكْسِبُ عَبْدٌ مَالاً مِنْ حَرَامٍ… إِلاَّ كَانَ زَادَهُ إِلَى النَّارِ»
«Эгер, пенде арамдан байлык тапкан болсо, бул байлыгы анын тозоко даярдаган азыгы болот» Тирмизий Каъб ибн Ужрадан риваят кылган хадисте Расулуллах A Каъбга мындай деди:
«يَا كَعْبَ بْنَ عُجْرَةَ، إِنَّهُ لاَ يَرْبُو لَحْمٌ نَبَتَ مِنْ سُحْتٍ إِلاَّ كَانَتِ النَّارُ أَوْلَى بِهِ»
«Эй Каъб ибн Ужра, тозоко акылуу болгон эттен тышкары, арамдан азыктанган эт чоңойбойт».
Бул адам колунда арам байлык калып, кантип тообо кылышы мүмкүн?! Бул, тообо эмес, тескерисинче, жамандыктын уландысы. Ошондуктан, ага тообо кылууну, шаръий жактан арам жол менен ээ болгон байлыгынан кутулууну, уурдаган же тартып алган байлыкты ээсине кайтарууну, алардан жана Аллах Тааладан кечирим суроону насаат кылгын. Аллах Субханаху ва Таала ырыскы берүүчү, күч-кубат ээси жана кудуреттүү. Эгер Аллах Субханаху ва Таала кааласа бул дүйнө жана Акыретте аны азиз кыла турган берекелүү жакшы байлык берет. Аллах Субханаху ва Таала пендесинин туура, калыс тообосун жакшы көрөт жана аны эң татыктуу сыйлык менен сыйлайт.
Аллах Субханаху ва Тааладан бул адамды эң туура жолго хидаятташын жана анын калыс тообо кылышын сурап каламын. Аллах кечирими кең Зат.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта
26-шаъбан, 1434-х.
5-июль, 2013-м.