СУРООГО ЖООП БОРБОРДУК АФРИКАДАГЫ КҮРӨШТҮН АКЫЙКАТЫ!

406
0

Суроо:

2014-жылы 20-февралда БУУ башкы секретары Пан Ги Мун коопсуздук абалынын дагы да жамандашуусуна жол бербөө үчүн Борбордук Африкага тездик менен кошумча аскерий күчтөрдү жиберүүнү талап кылды. Белгилүү болгондой, Коопсуздук Кеңеши 2013-жылы 5-декабрда Борбордук Африкага аскерий аралашуу жөнүндө резолюция чыгаргандан кийин Франция 5000ден ашуун Африка күчтөрү менен бирге өзүнүн 2000 аскерин да жиберген. Борбордук Африкада насранийлердин куралдуу топтору мусулмандарга каршы өлтүрүү, өрттөп жиберүү, өлтүрүлгөндөрдүн эттерин жеш, үйлөрүн ойрон кылуу, мал-мүлктөрүн талап-тоноо, көчүп кетүүгө мажбурлоо сыяктуу жырткыч жана жийиркеничтүү кылмыштарды жасады. Борбордук Африка республикасынын биринчи мусулман президенти Мишель Жотодия 2014-жылы 10-январда отставкага чыгып, Катрин Самба-Панза 2014-жылы 20-январда бул республиканын президенти деп жарыя кылынды. Америка Африка күчтөрүн колдоп-кубаттарын билдирип, 2015-жылдын февраль айынан мурун шайлоолорду өткөрүүгө чакырды. Бул мамлекеттеги күрөштүн акыйкаты кандай? Кырдаал кандай таризде курчуду? Бул кризистин себептери эмне? Ал кай тарапка багыт алууда?

Жооп:

Бул суроого жооп берүү үчүн Борбордук Африкадагы мусулмандардын абалын карап чыгуубуз, бул мамлекеттеги төңкөрүштөрдү, бул төңкөрүштөрдүн мамлекеттер ортосундагы күрөшкө карата алакасын жана мындан келип чыккан акыбеттерди баян кылышбыз зарыл:

1 –   Борбордук Африкадагы мусулмандардын саны өлкөнүн 5 миллионго жеткен калкынын 15-20%ын түзөт деп көрсөтүлгөн. Бирок, мусулмандардын мамлекет бойлоп чаржайыт жайылганы эсепке алына турган болсо бул сан шектүү эсептелет. Бул жааттагы статистикалык маалыматтар калыс жана таза эмес. Себеби, бир нече факторлорго ылайык мусулмандардын саны ар дайым атайын аз көрсөтүлөт. Ошондуктан, мусулмандардын саны ушул сандан көп экендигинин ыктымалы күчтүү. Ал эми, калктын калган бөлүгүн насранийлер жана бутпарастар түзөт… Мусулмандар борбор Бангиде көбүрөөк жайгашкан. Алар борбордо бир нече чоң мечиттерди жана Куръан таалими бериле турган медреселерди курушкан. Мусулмандар башка бир нече негизги шаарларда жана региондордо да, айрыкча мамлекеттин түндүгүндө да кеңири жайылган. Анткени, түндүктө миладий он жетинчи кылымдын аягында исламий салтанат пайда болгон. Бул султандык Чад түштүгүндөгү исламий Багирми салтанатынын султандарынын бир канчасы өз салтанаты кулагандан кийин Борбордук Африканын түндүгүнө көчүп келишкенде пайда болгон. Бул султандардын колу астында Чад түштүгүндөгү, Борбордук Африканын түштүгүндөгү көптөгөн бутпарастар Исламга кирген. Белгилүү болгондой, Ислам Борбордук Африка регионуна миладий он үчүнчү кылымда кирип келген жана түндүктүн борбору саналган Индли регионунда жашаган Ронга уруусу, түндүк-чыгыш борбору саналган Бирао шаарында жашаган Вакага уруусу сыяктуу кээ бир уруулар Исламга кирген. Бул региондор алтын, алмаз жана уранга бай, ал жерлерде мусулмандар жыш болуп жашашат. Бул мусулмандар он сегизинчи жана он тогузунчу кылымдарда түрдүү себептерге ылайык бул региондорго келип калышкан. Алар өз боордоштору менен бирге француз колонизаторлорду мамлекеттен кууп чыгарууга өз салымдарын кошушкан. Бул региондорго Африка батышынан Хауса жана Фулани урууларынын мусулмандары да келип орношкон. Алар Камерун менен чектешкен түштүк-батыш региондорундагы калктын эң көп бөлүгүн түзүшөт. Ошондуктан, режим жана анын артында турган Франция, айрыкча, Патассе режими бутпарастар арасында Исламдын жайылышынан коркуп мусулмандарды бутпарастардан бөлүүгө аракет кылды. Режим муну менен гана чектелген жок, мусулмандар бийликтен жана мамлекеттик кызматтардан да четтетилди. Натыйжада, мусулмандар соода менен алектенүүгө өтүштү. Ошондуктан, мусулман соодагерлери кыргын кылынгандан кийин соода токтоп калды, мунун акыбетинде борбор Банги калкы арасында азык-түлүк продукцияларынын үлкөн тансыктыгы байкалды.

2 –   Француз колонизаторлугу Борбордук Африкага 1885-жылы кирип келген. Франция Бангиде өзүнүн аскерий басасын курду, акыбетте, бул регион 1894-жылы расмий француз колонияларынын бирине айланды. 1960-жылы болсо Франция бул регионго үстүртөн көз карандысыздык берип, насранийлерди мамлекет иштерине өкүмдар кылып койду. Натыйжада, бул мамлекетте Франция таасири жана колонизаторлугу мурункудай сакталып кала берди. Ушул максатта Франция акимдерди насранийлер арасынан тандап алып, төңкөрүш жолу менен же шайлоо деген айла-амал аркылуу бийликке алып келе турган болду. Мисалы, Франция Борбордук Африкага үстүртөн көз карандысыздык бергенде Давид Дакону биринчи президент кылып орнотту. Бирок, эки жыл да өтпөй анын башкаруусунда зулумдук көзгө уруна баштады жана ал өзүнүн атаандаштарына каршы репрессияларды өткөрө турган болду. Африкага карай бастырып кирип келе жаткан Америка бул абалдан пайдаланып калды. Ошол доордо Советтер Союзу эски колонизаторлукка каршы күрөшүү аракетин баштаган эле. Советтер Союзу бул жаатта 1961-жылы Америка менен келишип алган. Өз ара келишип саясат жүргүзүүнү жарыялаган бул эки мамлекет Африка калктарын эски  колонизаторлорго каршы козгоодо таасири болду. Натыйжада, Франция бул мамлекеттеги өзүнүн таасирин жоготуп коюу мүмкүндүгүнөн тынчсызданып калды. Ошондуктан, Франция 1966-жылда башкы штаб башчысы Жан Бедель Бокассаны төңкөрүш жасап бийликти өз колуна алууга тукурду. Мурунку президент Давид Дако кийинчерээк Бокассанын кеңешчиси болуп дайындалды. Бул болсо Франция бул төңкөрүштү Америка-Совет чабуулуна каршы уюштурганына далалат кылып турат. Франция муну менен бир диктатор аскерийди француз таасирине каршы турган ар кандай кимсени зомбулук менен жок кылуу үчүн дайындады. Бокасса өз диктаторлугун улантып, анын режими мамлекеттеги француз таасиринин коргоосуна таянды, 1976-жылга келип ал өзүн император деп жарыялады. Ал француздарды өтө улуулаган, а түгүл, француз президенти Де Голлду ата деп атаган, ал мамлекетти француздардын «эгин талаасына» айлантты. Бокасса жөнүндө ал адамдардын этин жейт, балдарды өлтүрөт деген көптөгөн айың-кептер тараган, акыбетте, коомдук пикир ага каршы болуп калды. Ошондуктан, Франция аны бийликтен алуу үчүн бул мамлекетте турган өзүнүн аскерий  күчтөрү менен дароо аралашты жана Давид Дакону 1979-жылы экинчи жолу мамлекеттин президенти кылып орнотту. 1981-жылы сентябрда армия генерал Андре Колингба башчылыгында төңкөрүш жасап Дакону бийликтен алып таштады. Франция 1990-жылы Чадда Америка малайы Хабрени кулатып, анын ордуна өзүнүн малайы Идрис Дебини алып келген соң Борбордук Африкада Франциянын кубаты күчөдү. Себеби, Чад Борбордук Африкадагы француз таасирин бекемдөөнүн бир таянычы болуп эсептелген… Ошентип, Франция өзүнүн таасири негизинен Борбордук Африкада сакталып калганын көрдү. Бул мамлекеттеги бийликке демократия түсүн бермекчи болду. Ушул максатта Франция бул мамлекетте армияны бийликтен четтетип жаңы шайлоо өткөрүүгө чечим кылды. Ошондуктан, 1993-жылы президенттик шайлоо өткөрүлүп, оппозицияга башчылык кылып келе жаткан Франция малайы Феликс Патассе жеңип чыкканы жарыя кылынды. Франция Америка чүмбөт катары таянып жаткан демократия чакырыктарынын таасиринен оолак болуу үчүн буга мажбур болду. Америка Африкада эски колонизаторлукту кулатып, анын ордун өзү ээлөө максатында демократия деген чүмбөттөн пайдаланып жаткан! Ошентип, Франция шайлоо аркылуу бийликти жана Франсуа Бозизе башчылыгындагы оппозицияны пайда кылды. Бул оппозиция курамында түрдүү этникалык топтор, мусулмандар да бар эле. Бул оппозиция жана айрыкча мусулмандар Патассени коррупцияда жана оппозицияны куугунтуктоодо айыптады. Оппозиция куралдуу козголоң жолуна өттү… Ошондуктан, Франция Патассени алмаштыруу керек деген чечимге келип, 2003-жылы 15-мартта оппозиция жетекчиси Бозизени алып келип республика президенти кылып дайындады. Анын бийликке келишине мусулмандар жардам берди… Бирок, Бозизе аны колдогон мусулмандарга жана ага тарапкер болгон оппозицияга каршы туруп, аларды теңсинбей койду, тескерисинче, аларга душман катары карады! Ошондуктан, ал өзүн коргоо вазыйпасын отставкадагы француз генералы Жан-Пьер башчылыгындагы бир француз коопсуздук компаниясына тапшырды. Ал 2005,2011-жылдары шайлоо өткөрүп жеңип чыкканын жарыялады… Мына ушул доордо ага каршы дагы козголоң көтөрүлдү жана Селека кыймылы пайда болду (Селека деген аталыш мусулмандар башчы болгон беш уюм ортосунда түзүлгөн союз же коалиция деген маанини түшүндүрөт, бул уюмдардын эң чоңу Жотодия башчылыгындагы уюм). Бозизе ушунча «спектакль» шайлоолорду уюштурганына карабастан мамлекеттеги абал турукташпады жана Бозизенин диктаторлугу, айрыкча, мусулмандарга каршы зомбулугу дагы да күчөдү. Бозизе режими өзүнүн күчтөрүнө мусулмандардын мал-мүлктөрүнө кол салууну буюрду. Натыйжада, өз жанын жана мал-мүлктөрүн коргогон жүздөгөн мусулмандар курман болду…

3 –   Мына ошондон кийин 2013-жылы 1-ноябрда Габон борбору Либревильде бирер чечимге жетишүү үчүн Бозизе жана Селека кыймылы катышкан конференция өткөрүлдү… Конференция Борбордук Африкадагы мусулмандардын канчалык үлкөн зулумга дуушар болуп жатканын көрсөттү. Себеби, мусулмандардын жөнөкөй акы-укуктары да тебелеп-тепселген болчу… Конференцияда мусулмандар катардагы талаптарды алга сүрүштү: Исламды башка диндер сыяктуу моюнга алуу, рамазан айтын жана курман айтын расмий майрам катары белгилөө, мусулмандарды куугунтуктабоо… Бирок, Бозизе чебердик менен бул талаптарды аткарууну кечеңдетти. Ал мусулмандардын жана Селеканын кээ бир талаптарына – бул француз малайынын бийликте 2016-жылга чейин калуу шарты менен – ыраазылык бергенден кийин жана Бозизенин – ал ишке ашырган кыргындарга карабастан – бийликте калышын кепилдеген келишимге карабастан о.э. француз маалымат агенттиги кабар тараткандай Америка бул келишимди колдоп-кубаттаганына карабастан Франция жана Бозизе бул катардагы укуктар жөнүндөгү талаптарды аткаруну кечеңдетти. Жада калса, бул укуктарга каршы туруп, мусулмандарга каршы жырткычтыктарды дагы башташты. Натыйжада, Селека сарай карай аракеттенип, президентке айланган Мишель Жотодия башчылыгында 2013-жылы 24-мартта аны ээлеп алды… Ошондо Франция дүрбөлөң көтөрдү. Себеби, Жотодия мусулман эле. Акыйкатта болсо, Жотодия бийликти өз колуна алынгандан тартып Батышты ыраазы кылууга урунду. Анын билдирүүлөрү муну ырастап турат. Ал өзүн мамлекеттин убактылуу президенти деп жарыя кылганда мындай деди: «Борбордук Африка – илманий мамлекет, масихийлер жана мусулмандар илманий мамлекетте жашап жатат, туура, мен мусулманмын, бирок, менин вазыйпам мекениме жана Борбордук Африканын бардык жарандарына кызмат кылуу». (Халиж, 2013-жыл, 31-март). Булардын баары Батышты, айрыкча, Францияны ыраазы кылуу үчүн болгон эле. Ал тургай, Жотодия насранийлердин куралдуу топторун куралсыздантпай калтырды. Бирок, ушуга карабастан, Франция жаңы президентти моюнга албады, Франция малайлары да аны моюнга алышпады… Ал мусулман болгону үчүн Франция ага каршы жан үрөп аракет кыла баштады. Франция малайлары да Францияны ээрчиди. Мына ошондон кийин Франция Борбордук Африка жетекчилерин козгоп аларды 2013-жылы 3-апрелде Чад борбору Нжаменада конференция өткөрүүгө чакырды. Конференцияда Франциянын белгилүү малайы Идрис Дебе мындай деп кайрылуу жасады: «Астыбызда өзүн-өзү президент деп тикелеп алган кишини моюнга алуубуздан башка арга жок экени анык көрүнүп турат». (Васат, 2013-жыл, 5-апрель). Өткөөл кеңеш 2013-жылы 13-апрелде Мишель Жотодияны мамлекет президенти кылып шайлаганын жарыя кылган болсо  да, бирок, мунун эч бири актоочу нерсе болбоду. Себеби, Жотодия мусулман эле. Ошондуктан, Франция бул өкмөткө жардам көрсөтүүнү токтотуп койду. Негизи бул мамлекеттин уран, алтын, алмаз сыяктуу байлыктарын ушул Франция талап-тоноп жаткан. Франция бул байлыктарды өзүнүн жеке мүлкү деп эсептеп, Борбордук Африка өкмөтүнө жардам берип жатканын милдет кылып, каалаган убакта бул «жардамды» токтотуп коёт!

4 –   Франция аралашуу үчүн жана бул аралашууну актоо максатында проблемаларды жасалма түрдө келтирип чыгаруу үчүн абалды даярдоого киришти. Ошондуктан, Франция 2013-жылы 5-декабрда Коопсуздук Кеңеши тарабынан Францияга Борбордук Африкага аскерий аралашуу укугун берген резолюцияны чыгартууга жетишти. Натыйжада, 2013-жылы 8-декабрда аскерий аралашуу жүз берди. Француз президенти Франсуа Олланд Мишель Жотодияны отставкага чыгууга жана мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ушул максатта Франция 2014-жылы 10-январда Чад борбору Нжаменада Африка регионалдык саммитин өткөрдү жана Жотодияны отставкага чыгууга мажбур кылуу үчүн ушул саммит аркылуу өз басымдарын өткөрдү. Натыйжада, Жотодия ушул саммитте отставкага чыкканын жарыялады жана 2014-жылы 20-январда борбор Банги шаарынын башчысы Самба-Панза мамлекеттин убактылуу президенти деп жарыя кылынды. Мунун артынан насранийлердин куралдуу топтору француз күчтөрүнүн көзү алдында ишке ашырган жырткыч иштер башталды. Француз күчтөрү Селека кыймылынын 7000ден ашуун согушкерлерин тынчтыкты сактоо деген шылтоо менен куралсызданткан эле. Бирок, француз күчтөрү насранийлердин куралдуу топторун, айрыкча «Анти-балака» деген топту куралсыздантпады, тескерисинче, бул топторду колдоп-кубаттады! Президент Жотодия кулатылгандан кийин бул куралдуу топтор мусулмандарды өлтүрүү, өрттөө, эттерин жеш, үйлөрүн, мечиттерин, медреселерин, мекемелерин ойрон кылуу, мал-мүлктөрүн талап-тоноо сыяктуу жырткыч иш-аракеттерди алып барды. Бул жырткычтыктар француз жана Африка күчтөрүнүн көзү алдында ишке ашырылды. Ал тургай, БУУ отчёттору Францияны насраний куралдуу топторду куралсыз мусулмандарга каршы колдоп-кубаттагандыкта айыптады… Жаңы президент бул жырткыч кылмыштарды моюнга алып мындай дегенге мажбур болду: «Анти-балакадагылар өз вазыйпаларынын маанисин жоготуп коюшту, алар бүгүн канкорлорго айланышты». «Алар мен аял болгонум үчүн мени алсыз деп билишет, бирок, азыркы учурдан тартып адам өлтүрүүнү каалаган Анти-балака кыймылындагылар куугунтукталышат». (ВВС радиосу, 2014-жыл, 12-февраль). Бул радио минтип кошумчалады: «Он миңдеген мусулмандар Борбордук Африкадан Камерун жана Чадга качып өтүштү, алардан бир бөлүгү мамлекет ичиндеги лагерлерден башбаанек табышты, Эл аралык амнистия уюму куралдуу топтордун чабуулдары тарыхта болуп көрбөгөндөй мусулмандардын массалык түрдө көчүп кетишине алып келди деп билдирип Борбордук Африкадагы абалды тектик тазалоо деп баалады». Ушуга карабастан, мамлекет президенти муну четке какты, тескерисинче, ал «мамлекетте болуп жаткан окуялар коопсуздук проблемасынан турат» деди!

5 –   Америка француздар жана алардын Борбордук Африкадагы малайлары ишке ашырган кыргындардан пайдаланып калууга урунду. Ушул максатта Борбордук Африкадагы Африка күчтөрүн – бул күчтөр француз күчтөрүнө тең болушу үчүн – күчөтүүгө аракет кылды. Муну менен француз жеке өкүмдарлыгы жоголуп, аны бүтүндөй жок кылуу үчүн чөйрө даярдалат, анын ордун Америка чечимдери ээлейт же Америка ага шерик болот… Адамдар француз күчтөрүн кылмышкер насраний куралдуу топтор менен тил бириктиркендикте айыптай башташты. Ошондуктан, француз күчтөрүнүн эмес, Африка күчтөрүнүн келишин талап кылуулар күчөйт. Бул талаптарды Америка булактары о.э. Американын таасири үлкөн болгон БУУ булактарынын чакырыктары колдоп-кубаттады… Мисалы, Америка конгрессиндеги тышкы иштер комиссиясынын Африка иштери боюнча комиссиясынын төрагасы Кристофер Коон мындай деди: «Комиссия Африка Союзу күчтөрү тынчтыкты бекемдөө жана зомбулукту токтотуу үчүн зарыл болгон күчкө ээ болушун камсыздоо үчүн умтулуп жаткан тараптардын иш-аракеттерин колдоп-кубаттоо үчүн Кошмо Штаттар эмне кылууну аныктоо максатында угуу жыйынын өткөрдү». (Америка мамлекеттик департаментинин сайты IIP Digital, 2013-жыл 23-декабрь). Американын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Пауэр жана Америка мамлекеттик департаментинин Африка иштери боюнча жардамчысы Линда Томас-Гринфилд болсо 2013-жылы 19-декабрда Бангиге барып ал жерде өткөөл өкмөттүн жооптуулары менен менен жолугушту. Гринфилд мындай дейт: «Биз туруктуулукту орнотуу үчүн Африка бириккен күчтөрүнүн миссиясына күчтүү укук берүү учурда куралдуу топтор жана бөлүмдөргө каршы туруу жана аларды куралсыздантуу үчүн зарыл деп билебиз». (Жогорудагы булак). Буга карама-каршы түрдө Франция эл аралык күчтөрдү Европа мамлекеттеринен жибериле турган күчтөр менен бекемдөөгө аракет кылды. Максат, бул күчтөрдүн Африка күчтөрүнө каршы турушу эле. Себеби, Африка күчтөрүнүн саны 4400гө жеткен, аларга Руандадан дагы 850 аскер келип кошулат. Ушул себептен улам, француз президенти 2014-жылы 14-февралда Борбордук Африкага кошумча 400 аскерди жиберүүгө чечим кылды. Ошентип, француз аскерлеринин саны 2000ге жетти. Француз президенти мындай билдирүү берди: «Бул кошумча 400 аскер Европа Союзунун аскерий операцияларында катышат». Ал өзүнүн билдирүүсүндө мындай деп кошумчалады: «Франция Европа Союзунун курамында Европа полиция күчтөрү саналган EUFOR күчтөрүн тездик менен жайгаштырууга чакырат». Айрым дипломатиялык булактардын билдиришинче, Европа Союзунун катышуусу 900 аскерге жетиши мүмкүн т.а. жайгаштырылышы күтүлгөн 500 аскерден ашуун болот. (АФП, 2014-жыл, 14-февраль). Америка болсо Африка күчтөрүн каражат менен камсыздоого чечим кылды. Америка мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн орун басары Мари Харф мындай деди: «Биз Борбордук Африка республикасында зомбулуктар дагы да күчөп жатканынан тынчсызданып жатабыз. Бул зомбулуктар күчөп жаткан гуманитардык кризиске жана массалык түрдө жырткыч иштердин жүзөгө чыгуу коркунучу күчөшүнө алып келди. Ошондуктан, кече биз Коопсуздук Кеңешинде ортоктош күчтөр жөнүндөгү резолюцияны жактап добуш бердик, бул резолюция Африка Союзу күчтөрүнө жана бул күчтөрдү колдоп-кубаттаган күчтөргө абдан көп убактан бери азап тартып келе жаткан калкка тынчтыкты кайтаруу жана тынчтыкты орнотуу үчүн жетинчи берене астында толук көзөмөлдөө укугун берет. Биз Африка Союзу күчтөрүн жана зарылдык жаралса союздаштарыбыз француз күчтөрүн да керектүү жардамдар менен камсыздоо үчүн же техникалык жабдыктар жана машыгуулардан өткөрүү үчүн 40 миллион долларлык жардам көрсөтмөкчүбүз». (IIP Digital, 2013-жыл, 6-февраль). Америка таасири астындагы Африка мамлекеттеринин күчтөрү болобу же кийин келе турган Европа күчтөрү менен кубаттана турган француз күчтөрү болобу, эч айырмасыз, 8000ге жеткен бул күчтөр Африка республикасындагы тынчтыкты коргоо максатында жиберилбегени анык көрүнүп турат. Себеби, бул күчтөр мусулмандарга каршы ишке ашырылып жаткан жырткычтыктарды жана кыргындарды токтотуу үчүн эч нерсе кылбады. Негизи, бул күчтөр олуттуу аракет кылганда бул кыргынды албетте токтото алмак. Себеби, Борбордук Африка мамлекети калкы аз болгон бир кичине мамлекет, бирок, бул күчтөр кыргынды токтотуу үчүн эч нерсе кылбады. Тескерисинче, бул күчтөр француз таасири жана өз таасирин киргизүүгө жан үрөп аракет кылып жаткан Америка таасири ортосундагы күрөшкө кирет. Ошентип, Америка менен Франция ортосундагы бул күрөш майданында мусулмандардын каны беймарал төгүлүп, эттерин адамдар жей болуп калды. Америка менен Франция бул күрөш майданында бийге түшүүдө, бул колонизаторлордун буттары мусулмандардын канына малынууда.

6 –   Демек, Америка Африка күчтөрүн күчөтүү жана бул күчтөрдүн вазыйпасын күчөтүү аркылуу Борбордук Африкада өз таасирин бекемдөөгө аракет кылууда. Ушул себептен улам, Америка саясатынын жүгүртөгү БУУнун башкы секретары Пан Ги Мун Коопсуздук Кеңешинен «тынчтыкты орнотуу жана катардагы жарандарды коргоо үчүн кошумча 3000 аскерди шашылыш жайгаштырууну» талап кылды. (АФП, 2014-жыл, 20-февраль). Бул күчтөр Африка күчтөрүнөн түзүлүшү маалым. Америка саясий процессти кийин шайлоо өткөрүлүшүн каалап жатканы көрүнүп турат. Мында Америка Борбордук Африкада таасирди Франция менен өз ара бөлүшүп алуу үчүн мусулмандар канынан пайдаланууда! Франциянын да бардык нерсени колдон чыгарбоо үчүн саясий чечимдерде Америка менен бирге кадам ташташы күтүлөт. Себеби, бул жолу Францияга мурунку абалдардан да кыйын болот. Ошондуктан, Франция да өзүнүн малайларын шайлоо аркылуу бийликке алып келүүгө аракет кылат.

7 –   Сөзүбүздүн аягында ушуну айтабыз, мусулмандардын каны Америка менен Франция ортосундагы таасир талашуу күрөш майданына айланып калды. Бул колонизаторлорду мусулмандардын каны дайра болуп төгүлүшү, карылар, балдар жана аялдардын азапталышы, тирүү абалда эттери желиши таптакыр тынчсыздандырбайт. Тескерисинче, бул кафир колонизатор мамлекеттер үчүн ушул кескиленген адам мүчөлөрү үстүндө үстөмдүккө жетишүү маанилүү… Колонизатор кафирлер бир улут болуп, алар момун туурасында убадага да, милдетке да бапаа кылышпайт… Ошондуктан, эки тарап тең – ыкмалары түрдүү болбосун – мусулмандарды кыргын кылууга таянат. Ошондуктан, бул колонизаторлор насраний куралдуу топтор мусулмандар канын ичишине жана ашынып шүмшүңдөп жүрүшүнө жол ачып берди.

Бирок, өкүнүчтүүсү, мусулмандарга боор ооруп ыйлаган эч ким жок. Ошондуктан, мусулмандардын каны Палестина, Бирма, Кашмир, Чеченстан, Татарстан жана Сирияда үрөй учурган таризде беймарал төгүлүүдө. Мына эми бул кандар Борбордук Африкада да төгүлүүдө. Мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер болсо мусулмандардын кызыкчылыктарына эмес, Батыштын кызыкчылыктарына кызмат кылышууда. Ошондуктан, алар бул кыргындарга кудум бул кыргындар башка дүйнөдө болуп жаткандай унчукпай карап турушат. Акыйкатта болсо, бул кыргындар ушул акимдер өкүмдарлык кылып жаткан жерлерден бир аз гана алыс жерде жүз берип жатат. Бул акимдерге кыйроо болсун!

Корутундулап айтсак, мусулмандар кол салуучулардан коргоно калканды жоготушкан, коргоочу халифаны жоготушкан.

«وَإِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан». Бул хадисти Бухарий Абу Хурайра Gдан чыгарган.

«Али алар: Ал (күн) качан болот? деп (сурашат). Балким, жакында болоор, деп айткын!»          [17:51]

23-робиус-саний, 1435-х.         

23-февраль, 2014-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here