СИСИ ОТСТАВКАГА КЕТТИ

305
0

Мисир куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Абдулфаттах Ас-Сиси кызматынан кетти. Ал отставкадан кийин Мисир президенттигине талапкердигин койгондугун билдирди.

Ас-Сиси  мамлекеттик телевидение аркылуу чыгып: “Биз мисирдиктердин алдыбызда калктын кааалоосу жана көздөгөн нерселерин ишке ашыруу сыяктуу жогору даражалуу кыйын бир кызмат турат. Мамлекеттин ичинде да, тышкарысында да, ар кимге колубузду созобуз”, – деди.

59 жаштагы Ас-Сиси Мисирдин мааниге ээ жана таасирдүү мамлекет экендигине басым жасап, мурдагы эки президент Хусни Мубарак жана Мухаммад Мурси бийлигин кулаткандар саясатчылар же аскерийлер эмес, тескерисинче калктын каалоосу экендигин баса белгиледи.

Ал: “Акыркы эки режим аскерийлер же саясий күчтөр тарабынан кулатылган эмес. Муну силер ишке ашырдыӊар, Мисир калкы ишке ашырды. Мен сиздерге Мисир президенттигине өз талапкерлигимди койгондугумду билдирмекчимин”, – деди.

Мурдагы коргоо министри Мисирдин табигый байлыктарына ишара кылып, мамлекетти башкаруу үчүн өзүнүн программасы бар экендигин билдирди.

“Улуттук жана табигый байлыктары себептүү бай болгон Мисир башка бирөөлөрдүн жардамына муктаж болушу кабыл алууга болбой турган абал,  мен алдыдагы шайлоо кампаниясы үчүн өз программасына ээ болгон жана алысты көрө ала турган талапкермин. Шайлоо кеӊеши уруксат бериши менен тезинен программамды бүтүндөй элге тааныштыра баштаймын”, – деди Ас-Сиси.

Мурдагы башкы командачы эгерде өзүнө мүмкүнчүлүк бериле турган болсо, мамлекетте коопсуздук жана бейпилдикти камсыздай тургандыгын билдирип “Мисирге кызмат кылуу үчүн ар дайым бар болгон күчүмдү жумшаймын” деп кошумчалады.

Туркистон:

АКШ Мисир режиминин башкаруу системасын өзгөртмөкчү.

Мурдагы Мисир Шайхтары жана “Ихванул муслим” жамааты жардамында мусулмандарды тизгиндеп, бузукчулукту күчөтөт эле. Уурдалган ынкылап, аскерийлер тарабынан мамлекеттик төӊкөрүшкө алмаштырылды. Мурсинин катасы, өз жамааты менен мусулмандарды башкаруу үчүн аскерийлерге жардам берүүгө ыраазы болушунан башталды. Бул нерсе ислам жана мусулмандар астында алардын кадыр-баркын кетирген болсо, АКШ жана Батыш үчүн мусулмандардын ынкылаптык болуп баштаган акцияларын, бийликти кулатуу менен чектелүүчү, аныгыраагы мамлекет жетекчисинин ордун алмаштыруу менен чектелүүчү арзыбаган тополоӊго айландырып берди. Ал тургай, мусулмандар туйгуларын басаӊдатуу үчүн башкарууну өз колдорунда кармап туруп беришти. Мындай абал Ислам дүйнөсү үчүн өрнөк болот деп үмүттөнөбүз. Кафирлер өз динин таштамайынча мусулмандан ыраазы болушпайт. Жогорудагы боордошторубузга чын дилден ачынабыз. Бирок, алардын үстүндөгү сыноо али бүтө элек. Куфр дүйнөсү аларды дароо өлтүрбөстөн, дагы жаӊы кыянаттарды сунуш кылышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here