СИРИЯ ӨКМӨТҮ ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР

Сирия өкмөтү Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн оппозиция менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Сирия тышкы иштер министри Валид Муаллим бүгүн россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен Москвада жолугушкан убакта маалымдады.

Муаллим 22-январга белгиленген Женева-2 конференциясына катышуу туурасындагы Асад режиминин позициясын билдирип, Сирия өкмөтүнүн негизги милдети – анын сөзү менен айтканда – “Терроризм”ге каршы күрөшүү экендигин маалымдады. Ал бул жаатта Сирия оппозициясы менен кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сириялык кесиптеши Валид Муаллим менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында Сирия оппозициясы т.а. Сирия улуттук коалициясы Женева-2 конференциясына катыша тургандыгын ачык айтпай жаткандыгына тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Ал: “Биз Сирия улуттук коалициясы Женева-2 конференциясына катышуусун тастыктабай жатканына тынчсызданып жатабыз”, – деди.

Лавров бүгүн т.а. 17-январь күнү Москвада Сирия мамлекетинин өкүлү Валид Муаллим менен сүйлөшүүнү дароо эле Женева-2 конференциясына катышууга тоскоолдуктар тууралуу сүйлөшүүдөн баштады. Ал: “Бул жерде тоскоолдуктарды пайда кылуу жана конференцияны жокко чыгаруу үчүн аракеттер болууда”, – деди.

О.э. ал сөзүн улантып: “Маанилүүсү, бул баскычта пикир алмашуубуз жана Женева-2 конференциясына каршы  аракеттер ийгиликке жетишпестиги үчүн бар болгон күчүбүз менен аракет кылышыбыз керек. Бул болсо, саясий эрк жана күч-кубат талап кылат. Сирия өкмөтү дал ушул негизге таянат деп үмүттөнөбүз”, – деди.

Туркистон: Бул улуттук коалиция оппозициялык бирикмеси, түпкүлүгүндө оппозициялык же ынкылаптык кубат болгон эмес. Аларды Батыш, Асаддын ордуна же азыркыдай анын жанында жардамчы болуп калышы мүмкүн деген ниетте уюштурган. Азыр дүйнөлүк система Асад режиминин жеӊип чыгышынан, же өздөрү уюштурган оппозициялык улуттук коалициянын бийликке келишинен үмүтүн үздү. Алар айла-амал кылууда Аллахтан жеӊилгендерин моюнга алып, өздөрүнө көз каранды болгон күчтөрдүн бардыгын майданга тартып, ачык күрөшкө чыгышмакчы. Себеби, Асадды тышкы күчтөр көпкө кармап тура алышпайт. АКШ булардын бардыгын Сирияга алып кирип, мужахиддерге каршы коюп, кудум Афганистандагы Карзай сыяктуу граждандык согушту уюштуруп, өзү жалаӊ жашыруун же ашкере камсыздоо менен алектенмекчи болууда.

turkistonkg

Recent Posts

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы?

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…

22 hours ago

Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

22 hours ago

Орозо кармоо жана түнү намазга туруу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо кармоо жана түнү намазга туруу Урматтуу бир туугандар…

22 hours ago

Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы ачылат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы ачылат Урматтуу бир туугандар…

22 hours ago

Орозо жана бейиштин эшиктери

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо жана бейиштин эшиктери Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

22 hours ago

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи Муфтият Орозо айт күнүн 30-мартка белгиледи. Бул тууралуу билдирүү…

2 days ago