Синд балдарынын азиз өмүрлөрүн Халифалык гана коргой алат!

270
0

Басма сөз баянаты

Синд балдарынын азиз өмүрлөрүн Халифалык гана коргой алат!

2014-жылы 10-март күнү «Рейтер» маалымат агенттиги, «Би-Би-Си» радиосу жана башка маалымат каражаттары Пакистандын Синд вилаятынын Тхарпаркар районунда акыркы айларда аз тамактануудан, ачарчылыкка себеп болгон катуу кургакчылыктан жана ар кандай оорулардан улам ондогон балдардын набыт болгону туурасында кабар таратты. О.э. жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына ылайык, ушул региондо акыркы үч айда балдардын өлүмү 140ка жеткен. Отчёттордо айтылышынча, бул кургакчылык 900 миң кишиге зыян жеткирген болсо, алардын он миңдегени аз тамактануудан азап тартып келет. Пакистан премьер-министри Наваз Шариф дүйшөмбү күнү ушул зыян көргөн регионго барып, регион калкына 10 миллион доллар көлөмүндө жардам беришин билдирди. Аларга курулай убадаларды берип: «Бул жердеги адамдар жакында өз үйлөрүнө кайта алышат жана бул регион албетте гүлдөп-өсөт», – деди.

Арты-артынан бийликке келип жаткан башкарууга жараксыз илманий жетекчилер табигый кырсыкты гуманитардык кризиске айлантып жиберишти. Түпкүлүгүндө, ийгиликсиз капиталисттик экономикалык саясат о.э. демократ болобу же диктатор болобу, айырмайыз, жеке кызыкчылыгыктарды көздөгөн коррупциячыл аким жана өкмөттөр ресурстардан натыйжалуу түрдө пайдалана билбеши, айыл чарбасына жетиштүү каражат бөлбөшү о.э. өлкө байлыктарын туура эмес бөлүштүрүшү Синддин Тхар районунда калктын турмушуна таасир кылган кургакчылыкты дагы да орчундатып жиберди. Региондо медицина мекемелеринин жетишпестиги жана өтө жогору жакырчылык проблеманы дагы да курчуткан абалды жүзөгө келтирди. Андан тышкары, зыян көргөн региондорго жардамдардын кечеңдеп жетип барышына ушул жардамдарды ташуучу транспорт компанияларынын иш акылары бир нече жылдан бери берилбей келе жатканы да себеп болууда. Регионалдык бийликтер транспорт компанияларына 60 миллион рупий карыз экенин моюнга алышты.

Маанилүүсү, эгер өлкөнү кыраакылык кылып, алысты көрө билген, өз калкына кам көргөн жетекчилер башкарганда, алдын ала иш-чаралар көрүлгөндө жана зарыл даярдыктар алып барылганда мындай гуманитардык кырсыктан аман калуу мүмкүн болмок. Ошондуктан, бул балдардын өлүмүнө мурунку жана азыркы өкмөттөр, илманий режимдер жоопкер. Акыйкатта болсо, бул өкмөттөр мындай табигый кырсыктарга иш-чара көрүү тажрыйбасына ээ. Мунун үстүнө, Пакистандагы өкүмдар элита кургакчылык башталганына бир нече айлар өткөнүнө жана ондогон адамдар жоголгонуна карабастан, ушул проблеманын кооптуулугун дагы эле түшүнүп жетишпеди, мындай кайдыгерлик кылмыш болуп эсептелет. Калкка жардам көрсөтүүгө жоопкер мамлекеттик мекемелер бул регионго дароо жетип келиши тийиштүү эмес беле?! Үммөт ушундай бир өкүмдарлардын кырсыгына кабылды, бул өкүмдарлар Үммөт перзенттери ачкалыктан өлүп жатканда эң кымбат жана эң мыкты тамактарды жеп, бай турмушту кечиришүүдө. Андан тышкары негизги табигый ресурстарды айыл чарба жерлери жана суулар түзгөн, буудай, шалы, сүт, шекер камыш, нокот өстүрүү боюнча дүйнөдө эң чоң мамлекеттердин бири эсептелген ушул өлкө калкы кыйынчылыктан, жакырчылыктан, аз тамактануудан азап тартып жатканы абдан чоң кырсык болуп эсептелет!

Шек-күмөнсүз, Халифалык мамлекети гана Синддеги жана бүткүл дүйнөдөгү балдардын азиз өмүрлөрүн коргой алат. Исламий башкаруу доорунда туура исламий экономикалык түзүм колдонулушу жана айыл чарба саясаты туура алып барылышынан улам Индия жарым аралы айыл чарба продукцияларынын кени эле, дүйнөлүк дүң продукциянын 25%ын иштеп чыгарчу. Халифалык мамлекетинин байлыктары мына ушундай даражага жетип барган жана калктарга табигый кырсыктар жеткенде аларга жардам көрсөтүүгө кудуреттүү болгон. Мисалы, оң тогузунчу кылымда усманий халифалыгы Ирландияда жүз берген белгилүү ачарчылык доорунда ал жерге азык-оокаттар жүктөлгөн үч ири кеме жиберген. Халифалык мамлекети гана исламий мыйзамдарды толук жана жалпы таризде колдонот, ушул мамлекет гана Үммөткө жыргал турмушту иш жүзүндө алып келет. Муну ишке ашыруу үчүн Халифалык жерлерди ар тараптуу өздөштүрөт, Ислам дүйнөсүндөгү үлкөн байлыктарды бүткүл Үммөттүн кызыкчылыгы үчүн иштетет о.э. бул байлыктар бир ууч олигархтар колунда топтолуп калышына жол бербейт. Халифалыкты калк астындагы жоопкерчиликти сезген калыс жетекчилер башкарат, алар экинчи халифа Умар ибн Хаттаб G мисалындагы жетекчилер. Умар ибн Хаттаб «Күл» жылы (жамгыр жаабай койгондон улам жер кара күлгө окшоп калган, башка бир риваятта айтылышынча, ачкачылыктан адамдардын түсү күлгө окшоп калган) Араб Жарым Аралын кургакчылык каптаганда чоң шаарлардан жардам сурайт. Умар ибн Хаттаб Мисирдеги валийи Амр ибн Аска: «Эгер, Мединадагы азык-оокат баалары Мисирдегидей болушун кааласаң канал казгын» деп, Нил дарыясы менен Кызыл деңиз ортосундагы канал аркылуу Мисирден Араб жарым аралына азык-түлүк өткөрүүнү буйруйт. Амр ибн Ас: «Мен муну ишке ашырамын жана тездетемин», деп жооп жазат. Бирок, Мисир калкы каршылык билдирип, бул Мисир экономикасын кыйратат дейт. Ошондо Умар кат жазып, мындай жооп кылат: «Муну батыраак ишке ашыргын, Аллах кааласа Мединанын амандыгы үчүн Мисирди кыйратып жибериши мүмкүн». Натыйжада, Мединадагы баа Мисирдеги баа менен бирдей болуп, Мисирге зыян жетпейт, тескерисинче, берешендик арбыйт. Күл жылынан кийин Медина калкы башка кургакчылыкты көрбөйт. Умар ибн Хаттаб ушул ачарчылыкта ден соолугун жоготот, адамдар андан ден соолугуна көңүл бурууну талап кылышканда: «Эгер, мен азаптын даамын татып көрбөсөм, адамдардын азаптарын кантип баамдап билемин», – деп жооп берет.

Синд балдары мына ушундай улуу жетекчиликке акылуу!!!

Доктор Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү

уюлдук телефон: 0096171724043

Факс: 009611307594

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here