Суроо:
«Хаят» сайты 2014-жыл, 8-март күнү француз маалымат агенттиги «АФП»га таянып төмөндөгү кабарды таркатты: «Сирия азат армиясынын жогорку аскерий кеңеши генерал Салим Идристин ордуна генерал Абдулилах Башир Наимийди башкы штаб башчысы кылып дайындоого ыраазылык берди…». Бул нерсе «жогорку аскерий кеңештин курамын толук түзүүнүн» алкагында жүзөгө чыкты. Бул толук түзүүдөн башкы штабдагы башка дайындоолор да орун алды… Бул окуялар менен бир убакта коалиция офистерин Түркия жаап коюшу жана бул офистердин Каирге көчүрүлүшү ыктымалы туурасындагы кабарлар да сызылып чыкты. Эми мындай суроо пайда болот: бул өзгөрүштөрдүн жана сызылып чыккан кабарлардын Обаманын сапарына, айрыкча анын ушул айдын акырларында Саудияга кыла турган сапарына – Саудиянын Сириядагы согуштук фронттордо, айрыкча түштүк фронтто ролу бар болгондуктан – алакасы барбы? Офистерди жаап коюудан максат эмне? Аллах сизге жакшылыкты тартуу кылсын.
Жооп:
Обаманын ушул айдын аяк ченинде Саудияга кыла турган сапары о.э. генерал Салим Идристи кызматынан бошотуп анын ордуна генерал Абдулилах Баширдин дайындалышы, бул экөө Американын Сирия жаатындагы саясатына тиешелүү кеӊири көлөмдүү пландардагы туташ аракет багыттары болуп эсептелет. Бирок, бул эки багыт ортосунда тафсилаттар жагынан айырма бар. Анткени, экөөнүн ар бири белгилүү бир карасанатай максаттарды жүзөгө чыгарып бере турган өзүнчө бир багыт болуп эсептелет. Муну ачыктап берүү үчүн төмөнкүлөрдү баян кылабыз:
Биринчи: Обаманын ушул айдын аяк ченинде регионго, айрыкча Саудияга кыла турган сапары туурасында:
1 – Америка тышкы иштер министрлигинин сайты IIP Digital 2014-жыл, 21-январь күнү Ак үйдүн маалымат катчысы бюросу басып чыккан бир билдирүүгө таянып келтиришинче, маалымат катчысы ошол билдирүүдө президент Обаманын 24-25-мартта ядролук коопсуздук маселелерине арналган самитке катышуу үчүн Голландияда боло тургандыгын айткан. Самитте ядролук материалдар коопсуздугун камсыздоо жана ядролук терроризмге жол бербестик үчүн келечектеги кадамдарды таштоо боюнча чараларды көрүү маселелери талкуу кылынат… Обама Кошмо Штаттар менен Европа Союзу ортосундагы саммит жыйынында катышуу үчүн 26-мартта Брюсселге өтөт… Ал өз турнесин улантып 27-мартта Ватиканда папа Френсис менен жолугушат о.э. Италия президенти жана премьер-министри менен жолугушат. 2014-жыл, 3-февралда т.а. он күндөн ашыгыраак убакыттан кийин Ак үй маалымат катчысы бюросу дагы бир билдирүү чыгарып анда мындай деп билдирди: «Мамлекеттерибиз ортосундагы тынымсыз кеӊешүүлөрдүн бир бөлүгү катары президент Обама март айында Саудия королдугуна барат…». Билдирүүдө мындай деп кошумча кылынган: «Президент көптөн бери Саудия королу менен Кошмо Штаттар менен Саудия королдугу ортосундагы бекем алакаларды алакаларды талкуу кылууга умтулуп келет, мындан тышкары эки мамлекет ортосундагы Булуӊ коопсуздугуна тиешелүү ортоктош кызыкчылыктарды бекемдөө максатын көздөгөн учурдагы кызматташтык, регионалдык коопсуздук, Ортоӊку Чыгышта тынчтык, күчөп бара жаткан экстремизмге каршы күрөшүү, өсүп-өнүгүүгө жана коопсуздукка тиешелүү маселелер да талкуу кылынат. Президенттин Саудия королдугуна кыла турган сапары анын Голландия, Бельгия жана Италия бойлоп кылуучу Европа турнесинен кийин болот». (IIP Digital Америка тышкы иштер министрлигинин сайты 2014-жыл, 3-февраль).
Жогорудагылардан анык болгондой, Обаманын ушул айдын аягында Саудияга кыла турган сапары анын Италияга 2014-жыл, 27-мартта кыла турган сапарынан кийин болот.
2 – Американын Си-Эн-Эн сайты 2014-жыл, 3-февралда басып чыгышынча, бул сайт төмөнкүдөй мазмундагы бир билдирүүнү алган: «Америка президенти март айында Саудия королу менен Иран ядролук программасы боюнча жакында жетишилген келишим туурасында Вашингтон менен Рияд ортосундагы келишпестиктер шартында бир катар маселелерди талкуу кылмакчы». Бул сайт Ак үйдүн өкүлү Жей Карнинин бул жаатта айткан төмөнкү сөздөрүн да келтирди: «Биздин ортобузда көз караштар канчалык ар түрдүү болбосун, бул нерсе өтө маанилүү жана өтө бекем шериктик абалынан эч нерсени өзгөртпөйт».
Вашингтон Пост 3-февралда кабар таркатышынча, Ак үй өкүлү Жей Карни өзү өткөргөн маалымат жыйынында мындай деди: «Саудия Кошмо Штаттарга жакын дос, ортобузда кеӊ көлөмдүү маселелерди камтып алган эки тараптуу тереӊ, кеӊири көлөмдүү алакалар бар, ошондуктан, президент бул сапарга чоӊ кызыгуу менен умтулууда. Анткени, ал өткөрө турган жолугушууларда мына ушул маселелердин бардыгы талкуу кылынат… Ортобузда болушу мүмкүн болгон келишпестиктер канчалык болбосун, бул нерсе мунун өтө маанилүү жана бекем шериктик деген акыйкатын өзгөртпөйт».
Американын «Wall Street Journal» гезити 2014-жыл, 1-февралда мындай деп жазды: Президент Обама кийинки айда Саудияга барып Саудия королу Абдуллах Абдулазиз менен жолугушмакчы. Ал эки мамлекет ортосундагы курчуп кеткен алакаларды жумшартмакчы. Бул алакалар Америка админстрациясы Ортоңку Чыгыш регионуна карата, аныгыраагы Ирандын ядролук программасына карата жүргүзгөн саясаттар себептүү о.э. бул мекеменин Сириядагы ички согушка аскерий аралашууга даяр эместиги себептүү курчуп кеткен эле. Гезит араб жооптууларынын биринин: Бул саммит өтө маанилүү болот жана андан максат Америка саясаты менен Саудия саясатын ылайыкташтырууга жетишүү, – деген сөздөрүн келтирди. Ошол жооптуу: Обаманын бул сапары өзгөчө «начарлаган алакага жана азайган ишенимге» тиешелүү, – деп кошумча кылды.
Бул болсо, бул жерде Американы Обаманын Европадагы үч регион бойлоп белгиленген сапары жөнүндөгү билдирүү чыккандан он күндөн көбүрөөк убакыттан кийин чыккан билдирүүдө бул сапар тартибине Саудияны да кошуп коюуга мажбур кылган иштер бар экендигин түшүндүрөт! Бул иштерди жана алардын факторлорун билүү үчүн төмөнкүлөрдү көрүп чыгабыз:
а) Америка Иран менен ядролук программа боюнча 2013-жыл, 24-ноябрдагы келишимден кийин жакындашты, бул келишим Ирандын региондогу колун дээрлик бошотуп жиберүү даражасына жетти. Кала берсе, Америка Сириядагы окуяларга карата ушундай бир позицияда турат дейсиӊ, бул позициядан Американын Башарды түздөн-түз жана кыйыр түрдө колдоп-кубаттап жатканы анык көрүнүп турат… Булардын бардыгы Саудияга таасирин тийгизди. Айрыкча, Ирандын региондогу колу бошотуп жиберилгендиги Саудияга таасирин тийгизди. Ирандын мазхаб тарабынан өзүнө алакасы бар ар бир мамлекетте мазхабчылык жагынан пайдаланышы белгилүү. Иран мына ушул мамлекетте башаламандыктарды келтирип чыгаруу үчүн мазхабчылыктан пайдаланат. Саудия Бахрейнде, Иракта, Сирияда, Ливанда жана Яманда… эмнелер болуп жатканын көрүп турат. Саудия Ирандын Саудиянын чыгыш регионундагы иш-аракеттеринен жана бул иш-аракеттердин башкаруу коопсуздугуна зыян жетишинде таасири болушунан тынчсызданууда… Булардын бардыгы Саудиянын тынчсыздануусуна жана эл аралык коомчулуктун иш жүргүзүшүнө нааразылык катары Коопсуздук Кеңешиндеги өзүнүн өкүлүн чакырып алышына алып барды. Мында Саудия табигый түрдө Кошмо Штаттарды бутага алды. Мындан тышкары, Саудиянын кээ бир жооптуулары Америка позицияларын сындаган билдирүүлөрдү да беришти.
б) Саудия Сириянын түштүк аймагындагы козголоңчуларга Иордания аркылуу курал-жарак жеткирип берүүдө. Бул болсо, Американын тынчын алууда. Айрыкча, Сирия түштүгүндөгү козголоңчуларга жеткирип берилүүчү курал-жарактарды көзөмөлдөө үчүн Иорданияда уюштурулган Америка координациялык пунктун четтеп өтүп жаткан курал-жарактар Американы тынчсыздандырууда… Мисалы, француз гезити «Ле Фигаро» 2013-жыл, 28-октябрда журналист Жорж Мальбрюнонун бир отчётун басып чыкты. Анда айтылышынча, «Сирия азат армиясынын складдарына ар апта сайын 15 тонна курал-жарак келип түшүүдө». Отчётто «бул курал-жарактар Саудия самолётторунда Иордания түштүгүндөгү аэродромдорго жетип келишинен мурда Украина жана Болгариядагы “кара базарлардан” Саудия акчаларына сатып алынууда» деп көрсөтүп өтүлгөн. Отчётто «үстүбүздөгү жылдын биринчи алты айында Сирия президенти Асадга каршы чыгып жаткан оппозиционерлерге Иордания аркылуу алты жүз тонна курал-жарак жеткирип берилген» деп да көрсөтүп өтүлгөн… «Сафир» гезити болсо 2014-жыл, 21-февралда төмөнкү кабарды таркатты: «… Өткөн жылдын 29-январында Саудиянын курал-жарак жүктөлгөн үч аскерий самолёту Мифракка конду. Ошол курал-жарактар арасында «Лау» ракеталары, шифрдүү байланыш аппаратуралары, танктарга каршы ракеталар, жеңил курал-жарактар, бронетехникалар бар… Бир араб булагынын айтышынча, америкалыктар Кытайда иштеп чыгарылган ракеталар системасын Сирия куралдуу оппозициясына жеткирип берүү туурасында дагы деле экиленип жатышат..». Гезит дагы мындай деп жазды: «Айрым башка-башка Батыш жана араб коопсуздук булактарынын айтышынча, чыгыш Гутадагы согуштар маалында жана андан кийинки апталарда саудиялыктар Мифрак аэродрому аркылуу курал-жарак жүктөрүн жеткирип беришти, бул курал-жарактардын кээ бирлери Украинада сатып алынган. Ар апта 15 тонна курал-жарак жүктөлгөн кербендер чөл аркылуу өткөн жолдор менен Иордания-Сирия чегараларынан өтүп чыгыш Гутаны көздөй созулган региондогу саны 15тен ашкан борборлорго карай жолго түшүүдө». Курал-жарактардын жетип келгенине «Сафир» 2014-жыл, 6-февралда таркаткан кабар далалат кылып турат: «Дарадагы куралдуу отряддардын көпчүлүгү кечээ жыйын өткөрүп «Ярмук дивизиясы» байрагы астында биригүүгө токтом кылды, бул дивизия курамына 14 аскерий отряд жана полктор кирет. Алардын эӊ көрүнүктүүлөрү «Түштүк зирхи» «Баро ибн Малик» жана «Брондуу техникалар отряды». Гезит мындай деп кошумча кылды: «Куралдуу отряддардын биригүүсү алар Сирия түштүгүндө бүтүндөй Дара мухофазасы бойлоп чачылып кеткен беш аскерий операциялар пункттары командачылыгында «Женева хаврон» деген аталыш астында башташкан согуш менен бир мезгилге туура келди»…
Булардын бардыгы Американы тынчсыздандырууда, Америка түштүк фронттогу кээ бир козголоңчулар моюн сунуудан чыгып кетишинен чочулап жатат. Айрыкча, Саудияда англистерге көз каранды болгон жана алар сызган сызык боюнча жүрө турган күчтөр бар болгондуктан, Америка мындан тынчсызданууда. Анткени, мына ушул күчтөр англис саясатында белгилүү болгондой, Америка пландарына проблема жаратышат… Булардын бардыгы Американы Саудиянын Сириядагы түштүк фронттогу аракеттеринен тынчсызданышына алып келди… Америка 2013-жыл, 13-январда Сирия азат армиясына көз каранды Сирия козголоңчулар фронтун пайда кылды. Анын негизги тармактары түштүктө. Бул Саудиянын Сирия түштүгүндөгү иш-аракеттерине каршы жооп катары болду. Бирок ошого карабастан, Америка Саудиянын түштүктөгү иш-аракеттерин, айрыкча, Иорданиядагы Америка көзөмөл координациялык пунктун четтеп өтүп жаткан иш-аракеттерин олуттуу эсепке алууда.
в) Кала берсе, бул жерде башка бир фактор да бар. Анткени, сауддар үй-бүлөсүнө учурда англистердин адамдарынын бири болгон падыша Абдуллах жана анын жардамчылары башчылык кылып жаткан болсо да, бирок, Саудияда Американын «эркетай» адамдары да бар. Америка өзүнүн ал жердеги адамдарын өстүрүп чыгаруу үчүн жана бийликти падыша Фахд заманында болгондой өз таасирине кайтаруу үчүн өзүнүн Саудияга душмандыгын ачык көрсөтпөй турууга мажбур. Ошол эле убакта Американын падыша үй-бүлөсүндөгү адамдары да Америка менен жакшы алакалар орнотулушуна кызыкдар…
3 – Ошентип, демек эки тарап теӊ келишпестиктерди жок кылууну каалап жатат! Жана бул каалоо эки тараптан болуп жаткан амалий иш-чараларга айланды. Бул иш-чаралар Обаманын ушул айдын акырларында кыла турган сапарына даярдык көрүү кадамдары түркүмүндөгү иштерден. Эки тарап көргөн иш-чаралар төмөнкүдөй болду:
а) Саудия жөнүндө айта турган болсок, ал «чет өлкөдө согушуп жаткандарды жана экстремистик агымдарга таандык кишилерди жазалоо» жөнүндө мыйзам чыгарды. (Иктисодийя, 2014-жыл, 3-февраль). Бул аркылуу Сириядагы согуш назарда тутулганы белгилүү. Бул мыйзам 2014-жыл, 3-февралда чыкты т.а. азыр гана айтып өткөнүбүздөй, Саудияны өз сапарынын катарына кошуп коюу жөнүндөгү Обаманын токтому менен бир убакытка туура келди! Булардын бардыгы Американы ыраазы кылуу үчүн болгон аракеттер болуп эсептелет… Мындан тышкары, амир Мухаммад ибн Найиф (ички иштер министри) Вашингтондо Америка Борбордук разведка башкармасы (ЦРУ) менен жана разведканын башка башчылары менен жолугушуп бир катар маселелерди, ошону менен бирге Сирия маселесин да талкуулашты… Мисалы, «Роъя» маалымат тармагы 2014-жыл, 24-февралда төмөнкү кабарды таркатты: «Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Сьюзан Райс жана ички коопсуздук боюнча кеңешчи Лиза Монако өткөн шаршемби күнү Саудия ички иштер министри Мухаммад ибн Найиф менен жолугушту, мына ошол жолугушуудан кийин Америка улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Хайден тарабынан бир билдирүү чыкты, анда Хайден үч жооптуунун регионалдык маселелер боюнча өз ара пикир алмашкандыгын, бир топ маанилүү ортоктош маселелерде эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүгө олуттуу маани берүү керектигин баса белгилешкендигин билдирди».
Б) Америка болсо Керрини акыркы убакта: 2013-жыл, 3-ноябрда жана 2014-жылы январда Саудияга эки жолу жиберди. Бул сапарлар саудиялык жооптууларды Американын Иран жана Сирияга тиешелүү саясатынан тынчтандыруу үчүн болду. Керри Ирандын ядролук куралга ээ болушуна Америка жол койбостугун кайра-кайра баса белгиледи. Керри бул жолугушуудан бир аз мурда Саудия араб регионунда негизги ролду ойношун айткан эле. (Би-Би-Си түрк кызматы 2013-жыл, 6-ноябрь).
4 – Мына ушундан кийин өз ара мамилелерди жакшыртуу, эки тарап ортосундагы кескиндикти жумшартуу жана өз режимдеринин тагдырынан гана тынчсызданып жаткан сауддар үй-бүлөсүн тынчтандыруу үчүн Обаманын Саудияга кыла турган жана жогорку даражада болуп өтө турган сапары жүзөгө чыкты. Сауддарды, азыр айтып өткөнүбүздөй, жалаӊ гана таажы-тактыларынын тагдыры гана тынчын алууда, аларды Сирияда болуп жаткан окуялардын өздөрүнүн режимдерине таасирин тийгизе тургандары гана тынчсыздандырат, андан башкасы тынчсыздандырбайт. Ошондуктан да алар Сирия калкына жардам беришпеди, алар Американын Сирия режими темасын «Женева-1» жана «Женева-2» конференциясында чечишин каалашты. Сауддар бул эки конференцияны колдоп-кубатташты жана Сирия козголоңу коркунучтарынан ошону менен кутулмакчы болушту. Демек, сауддардын бүтүндөй кайгысы мусулмандардын канын сактап калуу жана Сириядагы мусулмандарга жардам берүү эмес, балким өз таажы-тактыларын сактап калуу…
Демек, Обаманын сапарынан максат Саудия менен курчуп кеткен абалды жумшартуу жана Саудияны Американын Иран менен жакындашуусу сауддар башкаруусуна зыян жеткиришине каратылбагандыгына ишендирүү. Америка сауддардын негизги кайгысы өздөрүнүн башкаруусуна зыян жетпестик жана өздөрүнүн таажы-тактылары бошоп калбастыгы экендигин жакшы билет. Сауддардын бүтүндөй кайгысы мына ушул. Аларды Сирияда ушунча адамдын кыргын кылынып жатканы жана ушунча адамдардын жарадар болуп жатканы аз болсо да тынчсыздандырбайт… Алар үчүн таажы-такты бардык нерседен бийик турат.
Обама өзүнүн бул регионго кыла турган сапары маалында башка жерлерге кирип өтүшүнүн да ыктымалы бар болсо да, бирок, анын Саудияга кыла турган сапары негизги сапар болушу күтүлүүдө… Обама сауддардын таажы-тактылары сакталып калышын, өзүнүн Иран, Ирак менен болгон алакасы, Сирия, Ливан, Ямандагы алакасы сауддар башкаруусуна каршы каратылбаганын, балким «терроризм»ге каршы каратылганын айтып, Саудия акимдерин тынчтандырууга аракет кылып көрмөкчү. Ал «терроризм»ге каршы күрөш тармагында саудиялыктарды Сириядагы согушка баруудан тыюу туурасындагы Саудиянын токтомдорун мактап көккө көтөрөт…
Экинчи: Эми Салим Идристин мансабынан четтетилгени о.э. кээ бир офистер жаап коюлуп аларды Каирге көчүрүүгө токтоло турган болсок, бул иш көбүрөөк төмөнкүдөй:
1 – 2012-жылы 7-декабрда 260 менен 550 ортосундагы аскерий командачылар жана Сирия куралдуу оппозициясынын өкүлдөрү Түркияда чогулушкан. Жыйында Батыш жана араб мамлекеттеринин коопсуздук кызматкерлери да катышты. Анда АКШ активдүү ролду ойноду, Азат армиянын отуз командачысынан түзүлгөн жаңы аскерий кеңеш шайланды, генерал Салим Идрис Азат армиянын жаңы башчысы болуп шайланды жана ал жогорку аскерий кеңештин төрагасына да айланды. (SMC). (Ассошиэйтед Пресс, 2012-жыл, 12-июль).
2 – Вашингтон Пост 2013-жыл, 7-майда: «Барак Обама башчылыгындагы Америка админстрациясы Салим Идристен үмүттөнүүдө», – деп жазды. Гезит дагы: «Салим Идрис Америка админстрациясынын жаңы стратегиясындагы тараза ташы болду, анткени анын жоопкерчиликтүү жана муътадил позициялары админстрациянын андан үмүттөнүшүнө алып келген фактор болду», – деп жазды. Гезит дагы: «Салим Идрис президент Обамага кат жиберип, Американын Сирияга аралашуудан эскертүүдөн турган өзүнүн позициясын түшүнгөндүгүн билдирди жана Америкадан финансылык жактан, керектүү жарак-жабдыктар менен камсыздоо жана машыгуудан өткөрүү жагынан колдоп-кубаттоону талап кылды о.э. өзүнүн жихадий жамааттарга каршы күрөшүүгө даяр экендигин билдирди», – деп жазды. Демек, мындай абалда Идристи Америкага маалымдабастан т.а. Американын буйругусуз отставкага чыгаруу мүмкүн эмес. Анткени, Идристи мансапка дайындаган жана анын Америкага кызмат кылышынан үмүттөнгөн ушул Америка болчу. Куурчак коалицияны пайда кылганы сыяктуу эле, куурчак аскерий кеңешти пайда кылган да ушул Америка.
3 – Салим Идрис козголоңчулар фронтторунун эч бирин өзү тарапка тарта албады, жан-үрөп аракет кылгандыгына карабастан ичкериде өзүнүн фронтун да түзө албады, буларга жетишүү бул жакта турсун, ал Азат армия согушкерлеринин жана кээ бир аскерий отряддардын исламий согушкерлер саптарына кошулуп кетишине да тоскоолдук кыла албады. Мисалы, Рейтер 2013-жыл, 30-сентябрда бул кошулуу жөнүндө мындай деп жазды: «Исламчылар сабына кошулуу жалаӊ жеке адамдар көрүнүшүндө гана болбоду, тескерисинче кичине, бирок күчтүү топтордон турган бүтүндөй аскерий отряддар да алардын саптарына коушлду». Кала берсе, 2013-жылы декабрда чегарадагы өткөрмө жолу үстүнөн жана Батыш тарабынан колдоп-кубатталып жаткан Сирия азат армиясы складдарындагы курал-жарактар үстүнөн исламий фронттун көзөмөл орнотушу Америкага карата ишти дагы да чиелештирген нерсе болду… Американын «Тайм» журналы Америка жооптуулары Сирия азат армиясынын командачысы Салим Идристин Сириядан качып кеткенин тастыкташты деп жазды. Бул Америка журналы – өзүнүн электрондук сайтында 2013-жыл, 12-декабрда өзү келтирген отчёт агымында – америкалык жооптуулардын «Идрис Сириядан Түркияга качып кетти, андан кийин Катарга сапар кылды» деген сөздөрүн келтирди. Салим Идристин иш жүргүзүүсү америкалыктарга жакпай калган окшойт. Америкалыктарды өздөрү Идриске беришкен жардамдары складдарына болгон чабуул окуясы тынчсыздандырып койгону көрүнүп турат. Америка бул куралдардын Америка менен бирге аракет кылууну жарыя кылбаган, коалицияны тан албаган жана Америка долбоорун кабыл алышын жарыя кылбаган козголоңчулар колуна жетип барбастыгын шарт кылып койгон эле.
4 – Салим Идриске келсек, аны – азыр гана айтып өткөнүбүздөй – Американын өзү дайындады, Америка Идристин Азат армияны Сирия ичкерисинде көӊүлдү бура турган иш чаралар менен кадыр-баркка жеткиришине, мына ушул иш-чаралар аркылуу кээ бир топторду Азат армия сабына кошуусунан үмүттөндү… Бирок, Американын үмүтү жокко чыкты. Анткени, Идрис ичкеридеги топторду Азат армия сабына кошо албады, тескерисинче, бул армияны сактап калуу да анын колунан келбеди, анткени бир нече согушкерлер бул армияны таштап аскерий отряддарга кошулуп кетишти! Кала берсе, анын бул армиянын Америка камсыздаган курал-жарагын коргой албаганы маселени ого бетер чиелештирди. Анткени, курал-жарак складдарын башка отряддар ээлеп алды. Салим Идристин Катарга качкандыгы жөнүндө имиштер таркады. Бул болсо, Американы дагы да көбүрөөк тынчсыздандырды. Ошентип, демек Американын Салим Идрис аркылуу Азат армияны ичкериде бир маанилүү, этибардуу тамырларга ээ кылуу туурасындагы аракети жокко чыкты. Америка бул иштен үмүттөнгөн эле. Анткени, анын коалициядагы куурчактары чет өлкөдө. Америка Азат армия өзү ишке ашыра турган таасирдүү иш-чаралар жардамында ичкериде бекем орношо алат деп ойлогон эле. Бирок, анын үмүтү – азыр гана айтып өткөнүбүздөй – жокко чыкты. Ошондуктан, Америка урук же уруу сыяктуу тек жагынан ичкериде тамырларга ээ болгон о.э. согуштук иш-чаралар жагынан да ичкериде тамырларга ээ болгон башка командачыны издөөгө токтом кылды. Ошондо Американын назары Абдулилах Баширге түшүп аны 2014-жыл, 16-февралда Салим Идристин ордуна дайындады жана аскерий кеңеш бул тууралуу бир токтом да чыгарды. О.э. түндүктөгү Идлиб мухофазасынан полковник Хайсам Асифа Абдулилах Баширдин орунбасары болуп дайындалды. Вашингтон Баширдин түштүктө, Хайсамдын болсо түндүктө эки фронттун ичкеридеги базаларын пайда кылып эки фронт аракеттерин ылайыкташтырууну жакшырта алышынан үмүттөндү. Дайындалган мына ушул командачылар Жамал Маъруф башчылыгындагы Сирия козголоңчулары фронту менен биргеликте катуу аракет кылууга жаңыдан даярданышты. Вашингтон Баширдин түштүктөгү алакаларынан пайдалануудан да үмүттөндү. Америка ушул алакалар жардамында чет өлкөдөгү коалициянын ичкеридеги бекем таянычы боло турган жана ошол эле убакта Саудия тарабынан колдоп-кубатталып жаткан түштүктөгү козголоңчуларды кармап тура турган бир күчтү пайда кылмакчы болду.
Салим Идрис башында ачууланган мамиле билдирди. Ал коалиция төрагасы Жарбаны диктаторлукта айыптады жана фронттор командачылары о.э. аскерий кеңештер атынан бир билдирүү чыгарып, жогорку аскерий кеңеш токтому туурасындагы жоопкерчиликти Жарбанын мойнуна жүктөдү. Ал мындай деди: «Уюмдардын командачылары Жарбага ишенишпейт, алар аны финансылык коррупцияда жана токтомго кол койгондорго пара бергендикте айыпташат». (АФП 2014-жыл, 17-февраль). Белгилүү болгондой, Жарба жана анын табакташтары Американын ыраазылыгысыз же буйругусуз эч кандай токтомду кабыл ала алышпайт!
Кандай болгондо да Идрис мына ушундан кийин тынчып калды. Ал айрыкча 2014-жыл, 6-мартта таркаган төмөнкү кабардан кийин тынчып калды: «Сирия коалициясынын төрагасы Ахмад Жарба, башкы штабдагы беш аскерий командачы, түштүк фронт козголоңчу командачысы жана Дарадагы аскерий козголоң кеңешинин төрагасы коргоо министри Асъад Мустафанын өз отставкасын коалиция төрагасына тапшырышын жана анын орунбасарларынын отставкага чыгарылган деп эсептөөнү бир добуштан макулдашты… Бул командачылар генерал Салим Идристин башкы штаб башчылыгынан отставкага чыгышына жана коалиция башчысынын аскерий иштер боюнча кеңешчиси болуп дайындалышына о.э. жогорку аскерий кеңеш курамын кеӊейтип анын мүчөлөрүнүн санын көбөйтүүгө да келишип алышты».
2014-жыл, 6-марттагы бул кабар 2014-жыл, 8-мартта тастыкталды. Анткени, «Хаят» сайты 2014-жыл, 8-мартта француз маалымат агенттиги «АФП»га таянып төмөнкү кабарды таркатты: «Сирия азат армиясынын жогорку аскерий кеңеши генерал Абдулилах Башир Наимийдин генерал Салим Идрис ордуна башкы штаб башчысы болуп дайындалышын тастыктады…».
5 – «Сирия азат армия»сынын башкы штаб башчысы, парашютчулар дивизиясынын генералы Абдулилах Башир Наимий (Израиль) басып алган Жолон дөӊсөөлөрү менен чектеш Кунайтира мухофазасындагы Рафид кыштагынан болуп, ал Сириядагы эң чоӊ уруулардын бири болуп эсептелген Наимий уруусунун кадыр-барктуу адамдарынан. Башир Сирия күчтөрүнөн 2012-жылдын июлунда бөлүнүп чыккан. Ал мына ошол убактан баштап Кунайтира мухофазасында «Азат армия» ядросун түзүүгө аракет кылып келди. Кийинчерээк ал бул мухофазадагы иш-чараларга башчылык кылуу, арийне ал жердеги аскерий кеңешке башчы болуу милдетин мойнуна алды. Ал иш-чаралар пунктун жеке өзү башкарды жана аскерий пландарды түздү. Бул пландар анын командачылыгы астында мухофазанын түштүк четинен 90 %дан көбүрөөгү үстүнөн көзөмөл орнотууга салымын кошту. Ошондуктан, коалиция төрагасы Ахмад Жарбанын аскерий кеңеш токтомуна комментарий берген билдирүүсүндө төмөнкүлөр келди: «Жогорку аскерий кеңештин генерал Абдулилах Баширди Сирия азат армиясы башкы штабы башчысы кызматына дайындоо жана полковник Хайсам Афисаны башкы штаб башчысынын орунбасары кылып дайындоо туурасындагы токтомун коалиция кубануу менен тосуп алды». (Ал-Жазира + агенттиктер).
Баширдин сыпаттары мына ушулар. Ал түштүктөгү уруунун өкүлү жана майдан командачысы. Американы аны ушул кызматка дайындоосуна мына ушул сыпаттар үндөдү. Америка ушул сыпаттар жардамында өзүнүн чет өлкөдөгү куурчактары үчүн ичкериде таяныч пайда кылууну үмүттөнүүдө… Инша Аллах, анын бул үмүтү да мурунку үмүттөрү сыяктуу, албетте жокко чыгат. Анткени Аллах Азиз, Хаким Зат.
Үчүнчү: Эми Түркиядагы кээ бир офистердин жабылышы жана аларды Каирге көчүрүүнүн талкуу кылынышына келсек:
Туура, бул тууралуу 2014-жыл, 12-февралда «Бардыгыбыз шерикпиз» сайтында кабарлар таркады. «Ортоңку Чыгыш панорамасы» сайтында да 2014-жыл, 5-февралда буга ишара кылынды.
Бирок, бул кабарлар көпкө созулбады, тескерисинче бул кабарлар дагы жок болду. Мисалы, Ортоңку Чыгыш гезитинде 2014-жыл, 25-февралда төмөнкүлөр келди: «… Түркиядагы «Сирия коалициясынын» өкүлү Холид Хавха «Түрк өкмөтү коалициядан өз штабын Каирге көчүрүүнү талап кылгандыгы» жөнүндө «Ортоңку Чыгыш» таркаткан кабарды четке кагып «Кечээ ал Түркия тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушкандыгын, алар Түркия Сирия калкынын диктатурага каршы күрөшүн колдоп-кубаттоого байланыштуу принципиалдуу позициядан келип чыгып коалиция мүчөлөрүн алкыштай тургандыгын баса белгилешкенин» маалымдады».
Росна – Париж сайтында да 2014-жыл, 24-февралда төмөнкүлөр келди: «Сирия оппозициялык коалициясынын маалымат кеңешчиси Бахийя Мардини айымдын айтышынча, түрк өкмөтү коалициянын Түркиядагы офистерин жаап койгон жок. Мардининин Росна радиосу менен болгон атайын маекте баса белгилешинче, бул кабар Сирия режими Женева-2 өткөрүлүшүнөн мурда коалицияга каршы башталган кампаниянын алкагында пайда болгон, Сирия режимине караштуу сайттар бул кампанияны күчөтүшкөн. Мардини комментарий берип, коалиция өзүнүн офистерин Түркиянын Баржали регионунан Түркиянын Флоря регионуна көчүрдү, Сирия режими тарабынан жана Доиш тарабынан кол салуулар болушу туурасында түрк өкмөтүнөн алынган маалыматтардын натыйжасында ушундай болду, коопсуздук себептерине ылайык коалиция өз офистерин тынчыраак орундарга көчүрүүгө мажбур болду, мындан мурда офистер адамдар ызы-чуу боло турган региондо эле, – деди».
Көрүнүп тургандай, бул тема туурасындагы имиштердин таркалышына чындап эле негиз бар болгон. Бирок, офистер Түркиядагы бир орундан башкасына көчүрүлгөн. Мына ошондон кийин коалициянын Түркиядан бүтүндөй көчүп кетишине атайылап басым жасалган. Мындан максат коалиция менен улуттук кеңештин дагы биригүүсү керектиги туурасында, болбосо алардын Түркиядан Каирге көчүп кетишине туура келиши туурасында эскертүү болгон. Көчүп кетүү коалициядагылар үчүн коркунучтуу иш. Анткени, көчүп кетүү аларды Сириядан алыстатат. Бул болсо, алар үчүн өлүм дегени. Анткени, бул эски малайларды Каирге айдап, алардын ордуна Түркияда дагы бир коалицияны пайда кылуу дегени! Ошондуктан, бул кабарлар өз «түшүмүн» берди. Анткени, улуттук кеңеш коалиция менен дагы бириге тургандыгын жарыя кылды! Франс Пресс агенттиги 2014-жыл, 1-мартта: «Сирия улуттук кеңешинин башкы секретариаты өзүнүн 27-28-февралда Стамбулда болуп өткөн жыйынында улуттук кеңеш уюму өзүнүн бардык түзүмдөрү менен дагы кайрадан Сирия оппозициялык козголоңчу күчтөрү улуттук коалициясынын сабына кошулууга токтом кылды», – деген кабарды таркатты.
Төртүнчү: Сиздин сурооӊуздагы үч чекитке жооп менимче ушундай. Биз бул теманы күзөтүп бара жатабыз. Эгерде кошумча түшүндүрүүнү жана айкындык киргизүүнү талап кыла турган нерсени тапсак, инша Аллах, баян кылабыз. Аллах Субханаху туура жолго хидаяттоочу Зат.
7-жумадул-аввал, 1435-х.
8-март, 2014-м.