Суроо:
Мен диндеш карындашыңыз Мадина Юзиевамын, Хизбут-Тахрир амири улуу аалым Ато ибн Халил Абу Руштага –Аллах аны Өз коргоосунда сактасын – төмөнкүдөй суроо жолдоймун:
Менин улутум чечен, 14 жылдан бери Бельгияда жашаймын. Бул жерде чечендер көп. Акыркы кездерде балдарыбызды кызамык, полиомиелит, сарык, паротит ж.б. ооруларга каршы эмдөөнүн Исламдагы өкүмү туурасында сөздөр жана суроолор көбөйүп кетти. Эмдөөгө каршы аракеттер да күзөтүлүп, бул аракеттеги адамдар эмдөө акыбетинде бул оорулардын күчөп жатканын, дени сак балдарыбызды мындай зыянга дуушар кылбашыбыз керектигин айтышууда. Муну менен бирге, оорудан дарылануу фарз болбогон соң, оорунун алдын алууга каратылган эмдөө да милдеттүү эмес. Адамдар дагы: эмдөө ооруну балага жугуштурат, андыктан, бул – арам, эмдөөчү заттар болсо маймыл сыяктуу айбандардан алынат, деп жатышат.
Суроом мындай, эмдөө акыйкаты жана анын шаръий өкүмү кандай? Халифалык мамлекетинде түрдүү эмдөөлөр болобу? Белгилүү болгондой, Бельгияда жашап жаткан мусулмандардын жарымы перзенттерин эмдетишпейт, андайлардын саны көбөйүүдө жана мунун анык, жүйөлүү шаръий өкүмү зарыл болуп калды. Биз сизден мүмкүн болушунча ушуну кеңири ачыктап беришиңизди күтөбүз. Аллах сизди бизден жана бардык мусулмандардан жакшылык менен сыйласын! Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!
Эмдөө – дарылануу, дарылануу болсо фарз эмес, мандуб. Мунун далилдери төмөнкүдөй:
1 – Имам Бухарий Абу Хурайрадан риваят кылат: Расулуллах A мындай дейт:
«مَا أَنْزَلَ اللَّهُ دَاءً إِلاَّ أَنْزَلَ لَهُ شِفَاءً»
«Аллах бирер дартты түшүргөн болсо, албетте анын шыпаасын да түшүргөн».
Имам Муслим Жабир ибн Абдуллахтан риваят кылат: Набий A мындай деди:
«لِكُلِّ دَاءٍ دَوَاءٌ، فَإِذَا أُصِيبَ دَوَاءُ الدَّاءِ بَرَأَ بِإِذْنِ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ»
«Ар бир дарттын дабасы бар, анан, качан дарттын дабасы жетсе, Аллах Азза ва Жалланын изни менен айыгып кетет».Имам Ахмад өз Муснадында Абдуллах ибн Масъуддан риваят кылат:
«مَا أَنْزَلَ اللَّهُ دَاءً، إِلاَّ قَدْ أَنْزَلَ لَهُ شِفَاءً، عَلِمَهُ مَنْ عَلِمَهُ، وَجَهِلَهُ مَنْ جَهِلَهُ»
«Аллах бирер дартты түшүргөн болсо, албетте анын дабасын да түшүргөн, аны билген билет, билбеген билбейт».
Ушул хадистерде ар бир дарттын шыпаа боло турган дабаасы бар экенине көрсөтмө берилген. Бул жерде үндөө таризиндеги түрткү бар т.а. Аллах Субханахунун изни менен, дарттын шыпаасына алып бара турган дары-дармектерди табуу үчүн аракет кылууга үндөө. Бул үндөө андан башка нерсеге далалат кылбайт т.а. үндөө боюнча калат жана милдеттүү көрүнүшкө ээ эмес, важиб эмес.
2 – Имам Ахмад Анастан риваят кылат: Расулуллах A мындай деди:
«إِنَّ اللَّهَ حَيْثُ خَلَقَ الدَّاءَ، خَلَقَ الدَّوَاءَ، فَتَدَاوَوْا»
«Аллах дартты да, дабаасын да жаратты, ошондой болгон соң, дарылангыла». Абу Давуд Усама ибн Шариктен риваят кылат: Мен Набий Aдын жана сахабаларынын алдына бардым, алар кудум башына куш конуп алгандай унчукпай олтурушкан экен. Мен салам берип, отурдум. Ошондо ар тараптардан бадавийлер келип: Я Расулуллах, дарылансак болобу? – деп сурашты. Ал зат мындай деди:
«تَدَاوَوْا فَإِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ لَمْ يَضَعْ دَاءً إِلاَّ وَضَعَ لَهُ دَوَاءً، غَيْرَ دَاءٍ وَاحِدٍ الْهَرَمُ»
«Дарылангыла, себеби, Аллах Азза ва Жалла эч бир дартты дабаасыз калтырбаган. Бирок, бир дарттын – өлүмдүн дабаасы жок».
Мурунку хадисте ал зат дарыланууга буюрду, бул хадисте болсо, бадавийлердин суроосуна жооп берип, Аллах дартты берген болсо, албетте анын дабаасын да жаратканын айтуу менен пенделерге дарыланууга хитаб кылды. Эки хадисте тең хитаб буйрук түрүндө келип, буйрук мутлак талапты түшүндүрөт, бирок, важибдикти билдирбейт. Важибдикти билдириши үчүн буйрук катъий болушу керек, ал эми, катъийлик үчүн ага далалат кылган карина керек жана эки хадисте тең важибдикке далалат кылган карина жок. Мындан тышкары, жогорудагы эки хадистен важибдик маанисин алып салган дарыланууну калтыруу жайиздигин туюнткан хадистер да келген. Мисалы, имам Муслим Имран ибн Хусайндан риваят кылат, Набий A мындай деди:
«يَدْخُلُ الْجَنَّةَ مِنْ أُمَّتِي سَبْعُونَ أَلْفًا بِغَيْرِ حِسَابٍ، قَالُوا: وَمَنْ هُمْ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: هُمُ الَّذِينَ لاَ يَكْتَوُونَ وَلاَ يَسْتَرْقُونَ، وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ»
«Бейишке Үммөтүмдүн жетимиш миңи эсеп-китепсиз кирет.Алар кимдер, я Расулуллах? – деп сурашты. Алар күйдүрмө да, рукя да кылбай, Роббисине тобокел кылган кишилер, деп жооп берди».
Күйдүрмө жана рукя кылуу дарыланууга кирет. Имам Бухарий Ибн Аббастан риваят кылат: «… Бул кара түстүү аял Набий Aдын алдына келип: Менин талмам бар, талмам тутканда ачылып калам, менин акыма Аллахка дуба кылыңыз, деди. Набий A:
«إِنْ شِئْتِ صَبَرْتِ وَلَكِ الجَنَّةُ، وَإِنْ شِئْتِ دَعَوْتُ اللَّهَ أَنْ يُعَافِيَكِ»
«Эгер, кааласаңыз сабыр кылыңыз жана сизге бейиш болот, эгер кааласаңыз мен Аллахка сизге шыпаа беришин сурап дуба кыламын», деди. Ошондо ал аял: Сабыр кыламын, болгону мен талмам тутканда ачылып калам, Аллахка ачылып калбашымды сурап дуба кылыңыз, деди жана Набий A ал аялга дуба кылды». Ушул эки хадис дарыланууну калтыруу жайиздигине далалат кылат.
Жогорудагылардын баары «дарылангыла» деген сөз важибдик үчүн эместигине далалат кылат. Демек, бул жердеги буйрук мубахтыкка же мандубдукка далалат кылат. Расулуллах Aдын дарыланууга үндөөсү катуу болгону үчүн хадистерде келген дарыланууга буйрук мандубдукту билдирет.
Ушуга ылайык, эмдөөнүн өкүмү мандуб, себеби, эмдөө – дабаа, дарылануу болсо мандуб. Бирок, эмдөөнүн белгилүү бир түрү зыяндуу экени далилденсе, Расулуллах Aдын ушул хадисинен алынган зыян туурасындагы коидага ылайык, мындай эмдөө арам болот: Имам Ахмад өз Муснадында Ибн Аббастан риваят кылат, Расулуллах A айтты:
«لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ»
«Зыян көрүү да, зыян жеткирүү да жок». Бирок, эмдөөнүн зыяндуу болушу сейрек кездешет.
Халифалык мамлекетине келсек, эмдөө эпидемиялык, жугуштуу ооруларга гана каршы колдонулат жана дары да ар түрдүү аралашмалардан таза, сапаттуу болот, анткени, Аллах Субханахунун Өзү шыпаа берүүчү:
«Кесел болгон чагымда (Аллахтын) Өзү шыпаа берет» [26:80]
Шаръий түрдө белгилүү болгондой, ден соолукту сактоо халифанын вазыйпаларына кирип, мында Расулуллах Aдын:
«الإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ وَمَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Имам-халифа – башкаруучу жана ал өз кол астындагылардан жоопкер» (Имам Бухарий Абдуллах ибн Умардан риваят кылды), деген хадисине амал кылынат. Ушул нусус умумий болуп, саламаттык жана дарылоо мамлекеттин вазыйпаларына киргени үчүн мамлекеттин жоопкерчилигине таандык.
Андан тышкары, жалаң гана медицинага жана дарыланууга хос далилдер да бар: Имам Муслим Жабирден риваят кылат: «Расулуллах A Убай ибн Каъбга табиб жиберди, табиб анын тамырын кесип, күйдүрдү». Хаким Мустадракта Зайд ибн Асламдан, ал атасынан риваят кылат: «Мен Умар ибн Хаттабдын халифалыгы убагында катуу ооруп калдым, ошондо мага Умар табиб чакыртты, ал мени күйдүрдү, ал тургай, күйдүрүү ызаасынан данекти тиштеп турдум».
Бул жерде Расулуллах A мамлекет акими катары Убайга табиб жиберди, экинчи рошид халифа Умар да Асламды дарылоо үчүн табиб жиберди. Бул эки риваят медицина жана дарылоо жарандын негизги муктаждыктарынан экенине далалат кылып, мамлекет жарандардын бул муктаждыгын акысыз камсыздайт.
Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рушта
15-мухаррам, 1435–х.
18–ноябрь,2013–м.