РОССИЯЧА САЯСАТ

 2013-жылдын ноябрь айында Украина президенти Виктор Янукович Россия карыз катары бөлгөн 15 миллиард доллардын акысына Европа союзуна жакындашуудан баш тарткандан кийин башталган Киевдеги нааразылыктар күчөп отуруп куралдуу кагышууларга айланды. Натыйжада жүзгө жакын демонстрант курман болду. Кырдаалды көзөмөлдөй албай калгандан кийин Украина президенти Виктор Янукович бийлигин таштап качып кетүүгө мажбур болду.

 Мунун артынан Украина Борбордук шайлоо комиссиясы 25-февраль күнү президенттик шайлоонун алдындагы кампания башталгандыгын жана талапкерлерди катоодон өткөрүү 4-апрелге чейин улана тургандыгын жарыя кылды.

Украинаны эле эмес, мурдагы Советтер союзунун колониясы болгон бардык республикаларды өзүнүн эгинзары катары көрүүчү Россия Батыш мамлекеттери менен Украина үчүн болгон күрөштө жеӊилгендиги себептүү о.э. Украина кол астынан чыгып кетишине жол бербестик максатында Россия өзүнүн эски ыкмасы болгон бузукчулук, улуттар аралык жана аймактар аралык жаӊжал козгоого аракет кыла баштады.

Россия үчүн өзүнүн мындай жийиркеничтүү ишин ишке ашыруу үчүн эң ыӊгайлуу аймак, негизинен россиячылдардын таасири үстөм болгон о.э. калкынын көпчүлүгү орус тилдүү болгон Крым автономиялуу республикасы болчу.

Шаршемби күнү Симферополдогу Крым парламентинин имараты алдында өткөн митингде батышчыл жана россиячыл митингчилер ортосунда жүз берген кагышуу маалында кеминде 30 адам жарадар болуп, эки адам курман болду. Бейшемби күнү автомат жана пулемёттор менен куралданып өкмөттүк имараттарды ээлеп алган топ имараттын үстүнө Россиянын байрагын көтөрдү.

Парламент тарабынан президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган Рада спикери Александар Турчинов бейшемби күнү парламентте сүйлөгөн сөзүндө: “Мен Россиянын Кара деӊиз флоту өкүлдөрүнө кайрыламын, келишимде көздөлгөн аймактан башка жерде ар кандай аракеттенүүнү, айрыкча курал менен болгон аракетти, биз аскердик кол салуу деп эсептейбиз”, – деди.

Украина Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков өзүнүн Facebookтагы баракчасы аркылуу, “Ички иштер кошуундары жана милициянын бардык курамы тревога боюнча бутка тургузулду”, – деп кабар берди.

Кийинчерээк маалымат булактары, Крым бийлигинин имаратын жана парламенттин имаратын “Крымдагы орус тилдүү калктын өзүн өзү коргоо кыймылынын өкүлдөрү тарабынан ээлеп алынганын” кабар беришти. Өкмөттүн өкүлдөрүнүн имаратты басып алгандар менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү эч кандай натыйжа бербеди.

Кийинчерээк пайда болгон кабарларда, Симферополго жакын жерде жайгашкан Россия аскерий базасынын алдында жети БТР турганы айтылды.

Крым татар межлисинин башчысы Рефат Чубаровдун кабар беришинче, Симферополдун түрдүү аймактарында жалпысынан элүү чакты БТР бар экендиги байкалган. Анын айтымында, алар Симферополдун борборун көздөй аракеттенишкен.

Мурдагы коммунисттердин мураскору болгон Россия кудум ошол мурунку коммунисттер сыяктуу эле бирер мамлекетти колония кылмакчы болсо же колониясы таасиринен чыгып кетишине жол бербестикке аракет кыла турган болсо, жогоруда айтканыбыздай, өзүнүн жийиркеничтүү ыкмаларын ишке салат.

Коммунисттер алгач башында да Орто Азияга кирип келүүдө ынкылап жана бузукчулуктар аркылуу, элди бай-кедейге бөлүп ортосуна ажырым жана душмандык салуу аркылуу о.э. бир үммөт өкүлдөрүн өзбек, кыргыз, тажик улуттарына бөлүп, ортосуна жасалма чегараларды тартуу аркылуу басып алышкан эле.

Кийинчерээк, өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын акырына келип күнү бүтө баштаганын билгенден кийин, бул республикалар эгемендүү болуп бөлүнүп кетишине жана биригүүсүнө жол бербестик үчүн 1989-жылы Өзбекстанда өзбектерди месхети түрктөргө каршы, 1990-жылы Кыргызстанда кыргыздарды өзбектерге каршы тукуруп, боордоштор аралык согушун тутанткан эле. Бүгүнкү күндө болсо Россия өзүнүн “сыноодон өткөн ыкмасын” Украинада да ишке ашырууда.

Эгерде Россия Украинадан толук айрыла турган болсо бул үчүн негизги “айыптуу” Орто Азия республикалары болот жана бул республикаларды өзүнүн таасири астында кармап калуу үчүн бар болгон мүмкүнчүлүк жана күч-кубатын ишке салат.

Абдурахман Адилов

27-феврал, 2014-жыл.

turkistonkg

Recent Posts

Айт намазы аянтта окулбайт

Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…

12 minutes ago

Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…

16 minutes ago

Рамазан айында итикаф

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

20 minutes ago

Кадыр түн

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Кадыр түн Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

23 minutes ago

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы?

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…

23 hours ago

Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

23 hours ago