Россия Кыргызстан аэропортторун узак мөөнөттүү келишим негизинде колго алып, аларга инвестиция жаткыруу ниетинде. Бул тууралуу 17-декабрда Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн орус – кыргыз мамлекеттер аралык кеңеши жыйынында белгилүү болду.
Кеңеште Россия “Манас” аба базасын жана Ош аэропортун узак мөөнөттүү ишенимдүү башкарууга берүүнү Кыргызстандан сурагандыгы белгилүү болду. Ушуга ылайык, эки өлкөнүн транспорт жана байланыш министрликтерине Россиянын “Новапорт” компаниясы о.э. “Экспорттук кредиттер жана инвестициялар менен камсыздоо агенттиги” менен бирге “Манас” аба базасы жана Ош аэропортуна инвестиция жаткыруу шарттарын текшерип чыгуу милдети тапшырылды. “Новапорт” компаниясына болсо 300 миллион долларлык инвестиция жаткыруу планын түзүү жүктөлдү.
Россиянын сунушу макулдана турган болсо, “Новапорт” компаниясы жогоруда айтып өтүлгөн аэропортторго логистика борборун куруп, инфраструктурасын өнүктүрүү ниетинде.
Кыргызстан Россиянын сунушу акысына мамлекетте курулган нефтини кайра иштетүүчү заводдор үчүн Россиядан сырьё сурады. Ушуга ылайык, эки мамлекеттин энергетика министрликтерине Россиянын “Роснефть” нефть компаниясынынын филиалы болгон “РН-Борбор Азия” ишканасын Кыргызстанда ачуу милдети жүктөлдү.
Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттер аралык келишим тууралуу сөз кылып, “Манас” авиабазасындагы транзиттик борбор 2014-жылы чыгып кетишин айтып өттү.
“Афганистандагы коалициялык күчтөргө кызмат кылып келген “Манас”тагы транзиттик борбор 2014-жылдын жайында ишин токтотушу эч кимге сыр эмес. Биз аэропортторубузду Россия ишканалары менен биргеликте өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Бул маселеде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Натыйжасы жемиштүү болот деп үмүттөнөмүн”, – деди премьер-министр.
О.э. кеңеште Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштери үчүн эң ыӊгайлуу шарттарды иштеп чыгуу маселеси да көтөрүлдү.
Туркистон:
Кыргызстан аэропортунун Россияга берилиши, мындан бир аз мурда “Кыргызгаздын” “Газпромго” өтүп кетиши, кезекте гидро энергетика тармагынын да сунуш кылынышы мамлекеттин талкаланып бара жаткандыгы эмеспи?!
Бул албетте, Кыргыз өкмөтүнүн мажбурий келишимдери. Бирок, алар мамлекетти ошол кардарлары менен бирге ушундай абалга алып келишти. Бул иштер, кудум мафия же мамлекеттик коррупционерлер тарабынан бирер ишкананы сатып алуу максатында жасалма түрдө банкрот кылууга окшойт.
Эми ушул иштердин акыбетин көрүп чыксак. “Газпром” Кыргызстандагы Көгарт жана Майлысуудан жер астындагы запастарды казып алуу иштерине олуттуу даярданып жатканы тууралуу “Кыргызгаз”дын генералдык директорунун орунбасары Наскеев айтты. Жаман жери, Кыргызстандын жер астындагы газ байлыктары табылып, Россиянын иштетүүсү аркылуу өзүбүзгө сатыла баштады. Андан түшүүчү киреше да Россиянын казынасына түшөт. Стратегиялык жактан болсо, бардык ижарага алынган жер астындагы жана жер бетиндеги обьектилер, ижарачылар тарабынан Кыргызстандын карыздары эсебине алынган күрөө милдетин аткарат. Кийинчерээк кырдаалга карай, өздөштүрүп алуу максат кылынат. Мындан тышкары, АКШ менен Кытай да карыздардын эсебине Кыргызстандын улуттук байлыктарын тартып алууга умтула баштайт. Же болбосо, ушундай максатта басым өткөрүп, башка саясий максаттарын ишке ашырууга аракет кылышат.
Абдураззак.
18/12/2013