РАХМОН: НЕГИЗГИ ПРОБЛЕМА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ТАӉКЫСТЫГЫ

638
0

Душанбе ТЭЦ-2нин биринчи блогунун ачылышында президент Эмомали Рахмон: Тажикстан үчүн кышкысын электр энергиясы жетишпестиги негизги проблема болуп эсептелет жана өкмөт бул проблеманы чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөгү болгон аракетин кылууда, – деди.

Ал: “Мамлекетте энергетикалык, ошону менен бирге гидроэнергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Биз кичине ГЭСтерди куруп жатабыз, бирок ошону менен бирге бизге өтө зарыл болгон Рогун ГЭСи курулушун да улантып жатабыз”, – деп белгилеп өттү.

О.э. ал: “Биз Душанбе ТЭЦ-2нин кубатын 400 МВт ка чейин көбөйтүү үчүн кытайлык шериктерибиз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырып жатабыз, буга азыркы 100 МВткошумча болот. Эгерде биз баалар боюнча келише алсак, келечекте борбордогу ТЭЦ 500МВт электр энергиясын иштеп чыгат, бул болсо борбордун муктаждыгы үчүн жетиштүү болот. Мына ошондо учурда гидроэлектростанциялардан Душанбе алып жаткан электр энергиясы областтарга жөнөтүлөт”, – деп кошумчалады.

Туркистон: Бешинчи жолу президенттикке шайланган Эмомали Рахмон да өзүнүн Орто Азиядагы диктатор кесиптештери сыяктуу эле карапайым адамдарды көптөгөн жылдардан бери куру убадалар менен алдап келүүдө.

 Орто Азиянын башка республикаларына салыштырмалуу кышы суук жана аяздуу болгон бул республикада мамлекет жетекчиси өз калкын катуу чектөө алкгында кармап, суткасына 4-5 сааттан свет беришине, мектеп окуучулары класстарды жылытуу үчүн үйлөрүнөн отун жана тезек ташып келип билим алып жатканына карабастан, расмий бийлик чет өлкө менен түзгөн келишим негизинде кыш айларында да электр энергиясын сатууну токтотпой келет.

 Расмий отчётко ылайык, Тажикстан кошуна Афганистанга 2013-жылдын ноябрь айында эле 45 миллион кВт/саат электр энергиясын саткан. Бул болсо 2012-жылдын дал ушул убагына салыштырганда 3,3 млн.кВт/саатка көптүк кылат. Жалпы эсепте Тажикстан 2013-жылы Афганистанга 1 миллиард киловатт сааттан көбүрөөк электр энергиясын саткан.

 Бул мамлекет жетекчилеринин бирден-бир проблемасы кандай кылып болсо да карапайым калктын эсебинен өзүнүн байлыктарын көбөйтүүдөн турат. Өзбекстанда ар жылы 65-70 миллиард метр.куб газ казып алынышына карабастан карапайым калк газ жана светсиз жашап жатканы сыяктуу эле, Тажикстан да канчалык көп электр энергиясын иштеп чыкса да карапайым калк кудум азыркыдай эле светсиз кала берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here