ПЕНТАГОН ӨЗБЕКСТАН, КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫ “КООПТУУ МАМЛЕКЕТТЕР” ТИЗМЕСИНЕН ЧЫГАРДЫ

278
0

CA-NEWS кабар беришинче, АКШ коргоо министрлиги Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанды кооптуу мамлекеттер тизмесинен чыгарып таштады. Мындай мамлекеттерде кызмат кылган америкалык аскерлер күнүнө 7,5 доллар, айына болсо 225 доллар кошумча акы алышат эле.

О.э. кооптуу мамлекеттер тизмесинен Чыгыш Тимор, Гаити, Либерия, Омман, Руанда, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Кувейт, Катар, Саудия, Сербия жана Черногория да чыгарып ташталган. Ушундай жол менен Пентагон 100 миллион долларды үнөмдөп калууну пландаштырган.

Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Стив Уоррендин айтымында, азыр 194 189 аскерге кооп-коркунуч үчүн кошумча акы төлөнөт, 2014-жылдын 1-июнунан болсо, бул цифра болжол менен 50 миӊге азаят.

Учурда АКШ Коргоо министрлигинин кооптуу мамлекеттер тизмесинде Ирак, Афганистан, Ливан, Иордания, Пакистан, Сирия, Яман жана Мисир калган.

Туркистон:  АКШ эл аралык саясаттагы  айрыкча, Шам өлкөлөрүндө бир нече пландары жокко чыгышынын  артынан кээ бир ыкмаларын өзгөртүүгө же башкадан түзүп чыгууга токтом кылган  окшойт. Аны  сарсанаага салып жаткан кырдаалдар негизинен мусулмандардын  пикир жана туйгуларынын биригип бара жатканына  байланыштуу. Хизбут -Тахрир көтөрүп чыгып жаткан  исламий пикирлер, азырынча Сирияда эл аралык куфр системасынын пикирий базасын  талкалап жиберди. Ал эми мусулмандар менен түздөн-түз идеологиялык күрөш алып баруу натыйжа беришинен үмүтүн үзүп, исламий саясийлешүүгө  жетишпеген жамааттардын исламий туйгуларынан пайдаланып, мусулмандар арасында мазхабчылык согуштарын тутантууга  токтом кылды. Ошондуктан аскерлердин кызматлтарына болгон муктаждыктары азайып барууда. Буга мисал: 4-декабрь күнү Жон Керри: “Бул ирактыктар алып барышы керек болгон согуш. Биз кайтып баруу жолдорун карап жатканыбыз жок. Биз аларга бул күрөштө жардам беребиз, а бирок алар өздөрү жеӊишке жетишүүсү керек. Алар  мунун өтөөсүнөн чыгат деп ишенемин”, – деди. Афганистандагы  аскерлерин да алып чыгып кетүү ниети жок, болгону аларды ал жерде туруу максаттарын өзгөртмөкчү т.а. регионду бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберип, Карзай, Достум жана Талибан ортосундагы өз ара согуштарда арбитрдик кылууну көздөп жатат. Ооба, АКШ согуштарда материалдык жактан жеӊилген жок, ал Исламга идеологиялык жактан жеӊилди. Ал мусулмандардын өлүмдү сыймык деп кабыл алган кубаты алдында ар кандай аскерий кубат пайдасыз экендигин түшүндү. Ошондуктан ал эми мусулмандардын ошол кубатын бири-бирине каршы багыттоо тууралуу ойлоно баштады.

Орто Азия регионун коопсуз мамлекет деп жарыя кылышы болсо, ал азырынча бул өлкөлөрдө тынчтык өкүм сүрүп турушун каалап жаткандыгына далалат кылат. Себеби, ар кандай коркунуч өзү же өзү сыяктуулар тарабынан болушу мүмкүн экендигин ал жакшы билет. Же ал тарабынан уюштурулуучу фитналарга жогоруда айтканыбыздай жарандык  согуштарды келтирип чыгарууга аракет кылышы, болгону өз аскерлерлерин бул согушка аралаштырбастыкты көздөп жаткан болушу да мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here