Палестина Өкмөт мечиттерге каршы согушка жана ал жерде акыйкат сөздү айтууга тыюу салууга катуу киришти

301
0

Өкмөттүн жана коопсуздук кызматынын кылмыштары күндөн-күнгө көбөйүп барууда. Өкмөт кафирлердин көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн мечиттерди бутага алышы ал канчалык даражада кордукка жеткенин көрсөтүп турат.

Өкмөт мечиттерге каршы согушка жана ал жерде акыйкат сөздү айтууга тыюу салууга катуу киришти. Ушул максатта «бирдиктүү хутба» деген нерсени ойлоп таап, имамдарга анын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүнү буйруду, коркутту. Имамдардын айрымдарын жазалады, аларды куугунтуктоодо коопсуздук кызматын ишке салды. Халил, Тулкарм, Жанин жана башка жайлардагы мечиттердеги мударристерди да камакка алды. Даъватчыларды амри маъруф жана нахий мункардан тыюу үчүн коркутуу ыкмаларын ишке салды. Мындай коркутуулар Халил жана Бирада жүз берди.

Коопсуздук кызматы Исламга каршы согушуп жатканын тастыктап, 2014-жылы 29-мартта Бирадагы чоң мечитти курчап алып, бастырып кирди, башкесерлерди жана бандиттерди ишке салып, намазкөйлөрдү таяктоо, аларга куралдарды буталап жаңсоо менен коркутуу аркылуу мечиттердин урматын тебелеп-тепседи. Ал тургай, коопсуздук кызматкерлеринин бири Илахий Затты акаарат кылууга да батынды. Бул болсо, бийлик жана коопсуздук кызматы Исламды таптакыр урматтабашын баса белгилеп турат. Бул карасанатайлар өз кылмыштарын улантып намазкөй Хизб-ут-Тахрир жигиттерин жана Куддуска таандык башка кишилерди уурдап кетти, зомбулук кылып кээ бирөөлөрүн уруп-сабады, суук түндө эң жөнөкөй муктаждыктарын да камсыздабастан 30 сааттан ашуун кармап турду. Аларды түндөсү коё берүүнүн алдынан үйлөрүнө кайтып кете албашы үчүн документтерин алып койду. Бийлик жана коопсуздук кызматынын чыныгы жүзү мына ушундай. Ошентип, бул бийлик жана коопсуздук кызматы баскынчы яхудийлердин ишин кылууда.

Бийлик адамдар арасында бузгунчулук таратып жаткан кимселерди тыйып коё албайт. Буга далил катары наркотик заттарды сатуучуларды көрсөтүүнүн өзү жетиштүү. Наркотик менен алектенген бул адамдар бийликтин көз алдында наркотиктерди сатууда. Качан гана маселе Исламга тийиштүү болгондо, жакшылыкка даъват кылып, яхудийлер дээрлик күн сайын бутага алган Акса мечитин коргоп жаткан даъватчыларга тийиштүү болгондо иш бүтүндөй башкача түс алат. Бул убакта яхудийлер коопсуздук боюнча аракеттерди тартиптештирүү деген нерсе аркылуу Ислам даъватчыларына жана Аллахтын досторуна зыян жеткирүү үчүн Палестина бийлигинен калкан катары пайдаланат. Баскынчынын аскерлери Акса мечитинде мусулмандарды куугунтуктаса, Палестина бийлигинин куралдуу тобу Рамаллахтагы мечиттерде мусулмандарды куугунтуктайт.

Эй мусулмандар!

Силер албетте бул мечиттерди Расулуллах Aдын хадисине моюн сунуп жана Аллах Таалага жакын болуу үчүн кургансыңар:

«مَنْ بَنَى لِلَّهِ مَسْجِدًا بَنَى اللهُ لَهُ مِثْلَهُ فِي الْجَنَّةِ»

«Кимде-ким Аллах үчүн бир мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ага окшошун курат». Силер мечиттер Ислам чырагы, жакшылык минбары, Аллах Субханахунун ыраазылыгы үчүн акыйкат сөз айтылган минбарлар болушун каалагансыңар.

«Албетте, (бардык) мечиттер Аллахка таандык. Ошондуктан, (мечиттерде) Аллах менен бирге дагы бирер кимсеге дуба кылып жалбарбагыла!»                [72:18]

Силер бул мечиттерди өкмөт үчүн жана коррупцияга малынган вакфтар министри үчүн вакф кылбагансыңар, Аллах үчүн вакф кылгансыңар. Ошондой болгон соң, өкмөттү жана анын «хаббашын» мечиттерден тыйып койгула, мечиттердин ишин өзүңөр башкаргыла. Себеби, силер Аллахтын ыраазылыгы үчүн мечиттерди жана вакф жерлерди вакф кылгансыңар. Өкмөт жана анын «хаббашы» мечиттерди өз кызыкчылыктары үчүн колдонмокчу жана аларды вакф кылынуудан көздөлгөн максаттан башка тарапка бурмакчы. Бул кимселер мечиттерге кожоюн болуп алышына мүмкүнчүлүк бербегиле жана мечиттердин башкаруусун таква кишилерге тапшыргыла.

Эй мубарек жер калкы!

Өкмөт, коопсуздук кызматы жана вакф иштери министри өз мансаптарын сактап калуу үчүн Американы ыраазы кылууга шашылууда.

«Сен дилдеринде кеги бар кимселер: «Бизге бирер балээ жетишинен коркобуз», деген абалдарында алар (кафирлер)тарапка шашып жатышканын көрөсүң. Мүмкүн Аллах(мусулмандарга) жеңищ берер же Өз алдынан (бул мунафыктарды шерменде кыла турган) бирер ишти келтирип, алар ичтеринде жашырган нерселерине өкүнүүчүлөргө айланып калышар»         [5:52]

Вакф иштери министри ал-Хаббаш америкалыктар менен – ыраазылыгына жетишүү үчүн – байма-бай жолугушууда, алардын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүдө. Ал кылмыштарын улантышы үчүн америкалыктар аны коргоп, колдошту. Ал тургай, Палестина премьер-министри да анын алдында кудуретсиз. Бийликтеги таасирдүү адамдар ал-Хаббаштын коррупцияга малынгандыгы коррупция боюнча иштердин эң чоңу экендигин айтышкан болсо да, бирок, бири да аны ачыктоого батынбады.

Биз Палестина бийлиги жана анын бардык адамдары Америка назарында кудум колдонулуп, иши бүткөндө четке ыргытыла турган куралдан башка нерсе эместигин билебиз. Мисалы, Америка Пакистандагы малайы Парвез Мушаррафты, Мисирдеги малайы Мубаракты жана башка көптөгөн жарабай калган малайларын кудум ушундай таризде тарых таштандысына ыргытты. Биз билебиз, ушул малайлар да бул акыйкатты жакшы билишет,  бирок, алар коркок жана кор болушкандыктан мындан чыга алышпайт. Алар – жакында Аллахтын уруксаты менен – сыр сактаган нерселерине өкүнүп калышат.

Эй Байтул Макдистеги жана анын тегерегиндегимуробиттер!

Мубарек жер Палестина – Ислам үйү, ыйман жана эң жакшы момундар ага кайтат. Биз бул мубарек жерде кордуктан жийиркенген, Ислам менен азиз болгон, акыйкат үчүн бекем турган чыныгы эр кишилер бар экенине толук ишенебиз. Аларды жардамсыз таштап койгон, аларга каршы чыккан кимселер аларга таптакыр зыян жеткире албайт. Мына ушул жакшылык адамдары бир жүрөк сыңары биригишет. Алар жана Хизб-ут-Тахрир мубарек жерди жок кылып, яхудий мамлекетин бекемдөө максатын көздөгөн ар кандай долбоорго каршы турушат. Акыйкат үнүн бастырган жана акыйкат даъватты Аллахтын байттарынан тыйып койгон ар кандай иш-аракеттер бул дүйнө жана Акыретте залимдерге кордук жана азап болуп кайтат.

Бийлик эсине түйүп алсын, биз аны биз үчүн кам көрүп жатат деп билбейбиз, себеби, ал өткүнчү арзыбаган вужуд. Тескерисинче, биз анын кожоюндары болгон залим режимдерди жок кылууга умтулабыз. Бул залим режимдер мусулман өлкөлөрүндө жана дүйнөдө зомбулук менен өкүм жүргүзүүдө, дүйнөгө кулдук жана ар түркүн кордуктарды алып келүүдө. Биз бүткүл адамзатты алардын жана капитализм түзүмүнүн бузгунчулугунан куткарабыз. Биз теңдешсиз улуу рисалат болгон Ислам жеткирүүчүлөрүбүз. Биз Аллахка жалбарып динди тикелешибизге,  бул динди – кафирлер каалашпаса да – бардык диндерден үстөм кылуубузга жеткиришин, жардам беришин сурайбыз.

Биз аны тикелөө үчүн өзүбүздү багыштаган Халифалыктын убагы келди. Кимде-ким мындан күмөндөнсө Аллах Тааланын ушул сөзүнө кулак салсын:

«Кимде-ким Аллах эч качан ага жардам кылбайт, деп ойлоочу болсо, анда бир аркан менен асманга-шыпка асылып, (өзүн жерден) үзсүн (т.а. өзү үчүн дар жасап, ага асылсын), кийин карасын – бул айла-амал анын ачуусун кетирер бекен»              [22:15]

Ошондуктан, бийлик жана анын коопсуздук кызматы Аллахтын байттарынан чеңгелин тыйса өзү үчүн жакшы болот. Анткени, Аллах Өзүнүн байттары Өзү буйругандай болушун каалайт.

«(Ал чырак) бир үйлөрдө (т.а. мечиттерде жагылат), Аллах аларды бийик көтөрүп (курулуш) салынышына жана аларда Өзүнүн аты зикр кылынышына уруксат берген(т.а. буйруган) эле. Ал (мечиттерде) эртели кеч Ал Затты аруулай турган кишилер бар, аларды соодагерлик да, алды-сатты да Аллахты зикр кылуудан, намазды толук аткаруудан жана зекетти (акылууларга) берүүдөн алек кыла албайт. Алар дилдер жана көздөр калтырап кала турган (Кыямат) Күнүнөн коркушат»            [24:36-37]

Эгер, бийлик жана коопсуздук кызматы Ислам душмандарынын сабында болууну тандаса, мындан башкасына көнбөсө, анда, ушуну жакшы билип алсын, Байтул Макдис жана анын тегерегинде жакшы эр кишилер бар, алар Исламды коргоо үчүн өлүмгө даяр экендиктери туурасында, бардык жайда, Аллахка эң сүйүктүү жай болгон мечиттерде акыйкат сөздү ар дайым ачык айтуу жөнүндө Аллахка убада беришкен.

«(Эй Мухаммад), сен эч качан: «Аллах залим кимселердин кылып жаткан амалдарынан капарсыз», деп ойлобогун! Бар болгону Аллах аларды(н жазаларын) көздөр(коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) күнүнө калтырууда»                      [14:42]

Хизб-ут-Тахрир Палестина   

2-жумадус-саний, 1435-х.

2-апрель, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here