ОТОРБАЕВ ӨЗБЕКСТАН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНЕ КАТ ЖОЛДОДУ

308
0

Кыргызстан парламентиндеги көпчүлүк коалициянын жыйынында катышкан премьер-министр Жоомарт Оторбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Ошко газ жеткирип берүү маселесин чечүү өкмөттүн негизги милдеттеринин бири”, – деди.

Оторбаев ушул маселе боюнча Өзбекстан премьер-министрине кат жөнөткөндүгүн белгилеп өттү.

“Өзбекстан эскертүүсүз эле Ошко газ жеткирип берүүнү токтотуп койду. Премьер-министрдин орунбасары Тайырбек Сарпашев Өзбекстан премьер-министринин биринчи орунбасары Рустам Азимовго кат жөнөттү. Тышкы иштер министрлиги да өз багыты боюнча проблеманы чечүүгө аракет кылууда. Мен Өзбекстан премьер-министрине кат жолдодум. А бирок, өкүнүчтүүсү, биз жооп албадык. Миллердин өзү да жогорудагы маселе боюнча иш алып барууда. Жакынкы күндөрдө проблема чечилет деп үмүттөнүп жатабыз”, – деди Оторбаев.

Туркистон:

14-апрелден бери Ош шаарынын калкы газсыз күн өткөрүүдө. Кыргызстан расмийлери муну Өзбекстан менен газ жеткирип берүү боюнча келишим мөөнөтүнүн аяктаганы менен түшүндүрүшүүдө жана буга кошумча түрдө Өзбекстан менен түзүлгөн келишимде, эгерде “Кыргызгаз” компаниясынын ээси алмаша турган болсо Өзбекстан Кыргызстанга газ жеткирип берүүнү токтотушу жазып коюлгандыгын да айтышууда.  

Түпкүлүгүндө болсо, Өзбекстандын Кыргызстанга газ жеткирип берүүнү токтотушуна жана газ жеткирип берүүнү кайрадан калыбына келтирүүнү создуктуруп жатышына о.э. кыргыз расмийлеринин суроо жана каттарына кайдыгер карашына Америка менен Россия ортосунда жүрүп жаткан саясий күрөштөр себеп болууда.

Россиянын дүйнөдө колдонулуп жаткан жана негизинен Америка тарабынан коюлган бардык укук жана өлчөөлөрдү копол көрүнүштө бузуп Крым жарым аралын басып алышына жооп иретинде Америка өзүнүн кадамын таштоодо жана алардын өз ара атаандаштыгында Борбор Азия республикалары таасир талашуучу майданга айланып барууда. Жалаӊ гана жеке кызыкчылыгын жана бийлигин гана ойлой турган “эгемендүү” мамлекет жетекчилери болсо алар сызып берген багыттар боюнча аракеттенип жатышат. Эки ортодо болсо карапайым калкка кыйын болууда. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here