Nayef Shoshariнин: Мен азыр аракетсиз отургандардын катарына кошуламынбы? – деген суроосуна жооп

Суроо:

Урматтуу амир,

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух

Мен сиздин Хизб уюмунда саясий иш алып барууну таштаган боордоштордун бирине берген жообуӊузду окудум. Сиз «сен аракетсиз отуруучулар менен болууга ыраазы болуптурсун» деп айткан мына ошол сөздөр мага катуу таасирин тийгизди. Мен Хизбдин бардык пикирлерин кабыл аламын, кайда болсом да жана ким менен жолугушсам да адамдар мени Хизб пикирлери менен таанышат, ал тургай атым да Хизб менен байланышып калган. Ошого карабастан, мен азыр эркимден тышкары мага мажбурий жүктөлгөн кырдаал себептүү Хизб уюму менен байланыша албай жатам. Менин оюмча ушундай.

Ушундан кийин мен да азыр аракетсиз отуруучулардын катарына кошуламынбы?

Боордошуӊуз Абу Мухаммад Навфал.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!

Эй боордош, туура жолду тутуучу Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу дүйнө жүзүндө исламий турмушту кайрадан баштоону көздөй Ислам үчүн аракет кылуу жеке адам көрүнүшүндө болбойт, тескерисинче, бир топ т.а. жамаат көрүнүшүндө болот жана бул жамааттын иштери Робби Субханаху ва Тааланын шарияты менен тартиптештирилген болот.

Буга Аллах Субанаху ва Тааланын төмөнкү сөзү далил болот:

«Араӊардан жакшылыкка чакыруучу, маъруфка буюруп, мункардан кайтаруучу бир үммөт-жамаат болсун, мына ошолор ийгиликке жетишүүчүлөр»                                          [3:104]

Ушул аяттагы үммөт сөзү жамаат деген мааниде.

Кийин, андагы жакшылыкка дегени, бүтүндөй Исламга, дегени.الخير сөзү махаллан алиф ламдуу. Алиф ламдуу Ислам болсо толук Ислам болуп, ага жаза-чараларды колдонуу үчүн жана даъват, жихад аркылуу Исламды жаюу үчүн мамлекет тикелөө да кирет. Булардын бардыгы болсо жеке адам көрүнүшүндөгү аракет менен болбойт.

Расулуллах Aдын тарыхы да ошону айтып турат. Чындыгында, Расулуллах Aдын айланасында сахабалар өз ара тартиптүү көрүнүштө, бир арканды бекем кармашып, уюшкан жамаат болушту, ар тарапка жайылышкан жеке адамдар болушпады.

Жамааттын күч-кубаты туурасында өтө көп хадистер бар, алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

Имам Термизий өзүнүн «Сунан»ында Ибн Аббастан төмөнкүнү иштеп чыккан, Ибн Аббас айтат, Расулуллах A:

«يَدُ اللهِ مَعَ الْجَمَاعَةِ»

«Аллахтын колу жамаат үстүндө», – деген.

Насаий өзүнүн «Сунан»ында Арфажа ибн Шурайх Ашжаийден мындай хадис иштеп чыккан. Арфажа айтат, мен Набий Aдын минбарда адамдарга мындай деп хутба кылып жатканын көргөн элем:

«…فَإِنَّ يَدَ اللهِ عَلَى الْجَمَاعَةِ، فَإِنَّ الشَّيْطَانَ مَعَ مَنْ فَارَقَ الْجَمَاعَةَ يَرْكُضُ»

«… Шек-күмөнсүз, Аллахтын колу жамааттын үстүндө, шек-күмөнсүз, Шайтан жамааттан качкан кимсе менен».

Ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде бул хадисти Арфажадан төмөнкүдөй текстте иштеп чыккан:

«…فَإِنَّ يَدَ اللهِ مَعَ الْجَمَاعَةِ، وَإِنَّ الشَّيْطَانَ مَعَ مَنْ فَارَقَ الْجَمَاعَةَ يَرْتَكِضُ»

«… Шек-күмөнсүз, Аллахтын колу жамаат менен бирге, Шайтан болсо жамааттан качкан кимсе менен».

Хаким «Мустадрак ала сахихайн»да Ибн Умардан төмөнкү хадисти иштеп чыккан, Ибн Умар айтат, Расулуллах A:

«يَدُ اللهِ عَلَى الْجَمَاعَةِ فَاتَّبِعُوا السَّوَادَ الأَعْظَمَ، فَإِنَّهُ مَنْ شَذَّ شَذَّ فِي النَّارِ»

«Аллахтын колу жамаат үстүндө, демек, улуу заттарды ээрчигиле, себеби ким ажырасатозокко ажырайт», – деген.

Ушул талап кылынып жаткан жамаат Аллах Субханахунун Китеби жана Расулу Aдын Сүннөтү менен тартиптүү абалда болгон жамаат экендиги анык. Муну жогорудагы аят да айтып турат.

Булардын бардыгы аракет жеке адам көрүнүшүндө эмес, жамаат көрүнүшүндө болушуна, бул жамаат шарият менен тартиптештирилген болушуна далалат кылууда.

Урматтуу боордош, ырасында, Хизбут-Тахрир идеологиясын көтөрүп чыгып, ага амал кылып, ал тууралуу сүйлөп жаткан экенсиз, демек бир соо-саламат жамаатта болууга даярсыз. Демек ушундай болгон соӊ, ушул көтөрүп чыгып жаткан жакшылыкты чала кылбаӊыз, жамаатта болуу менен аны толук кылыӊыз. Мына ошондо дүйнө жана акырет азиздигине жетишесиз, инша Аллах.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта                                         

  2робиус-саний, 1435х.

  2февраль,2014м.

 

turkistonkg

Recent Posts

Айт намазы аянтта окулбайт

Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…

3 hours ago

Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…

3 hours ago

Рамазан айында итикаф

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 hours ago

Кадыр түн

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Кадыр түн Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

3 hours ago

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы?

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…

1 day ago

Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago