Нан жана жанылгы продукцияларынын тансыктыгы кайталанышы – бийлик проблемаларды чечүүдө кудуретсиз экенинен дарек берет

376
0

Бүгүн өлкөбүздүн чар тарабында нан жана жанылгынын (газ, бензин) күчтүү тансыктыгы байкалууда. Дүкөндөр алдында нан алуу үчүн адамдар тизилип, жанылгы куюу жайларында машиналардын катары турат… Бардык жарандар бул абалга нааразы… Мындай тансыктык маал-маалы менен кайталанып турган кризистерге айланып калды.

Нефтини кайра иштетүү ишканалары жана ун заводдорундагы тынымсыз кризистер негизинен ушул себептерге барып такалат:

Биринчи: Бийликтин өлкө бүтүндүгүн сактап калуудагы ийгиликсиздиги. Түштүктүн бөлүнүп чыгышы натыйжасында өлкө түштүк нефтисинен жана анын кирешелеринен куру жалак калды, акыбетте, мамлекет балансында дефицит пайда болуп, баалар көтөрүлүп адамдар азап тартышты.

Экинчи: Бийликтин адамдар иштерин камкордук менен башкарууда өлкө ресурстарынан жана байлыктарынан пайдалана албаганы. Адамдарга колдонулуп жаткан түзүм түпкүлүгүндө иштерди камкордук менен башкаруу фикратына негизделбеген, жада калса, кембагалдардан да салык алуу, өлкө ресурстарын жана байлыктарын чет элдик компанияларга жана ири капиталисттик уюмдарга тапшырып коюуга негизделген. Булардын баары кафир Батыш хазаратынын пикирлеринен болгон инвестиция тартуу, менчиктештирүү жана башка ушул сыяктуу ураандар астында ишке ашырылат.

Судан калкы буудай уну тансыктыгынан азап тартышы акылга сыябы?! Акыры, өлкөбүз чексиз өнүмдүү айыл чарба жерлерине бай, ондогон үлкөн өздөштүрүү долбоорлору бар. Бул долбоорлордун бири – Көк жана Ак Нил ортосунда жайгашкан өнүмдүү жерлердин 2,4 миллион фаддан (1 фаддан = 0,42 гектар) майданга тең жерин өздөштүрүү боюнча «ал-Жазира долбоору» (өздөштүрүү боюнча дүйнөдөгү эң чоң долбоор). Ушул долбоордун өзү өлкө калкын гана ун менен камсыздап калбастан, ашыкча буудайды экспорт кылууга да жетиштүү долбоор. Эгер, саясий кайдыгерлик жана саясатчылардын паракордугу болбогондо, Түштүк бөлүнүшүнөн мурун 500 миң баррель нефтини чыгарган өлкөдө мындай бензин тансыктыгы жүз бербейт эле.

Эй Судан калкы!

Силер бийликти Ислам негизинде тергеп-тескөөңөр жана рошид Халифалык мамлекети колдоно турган Ислам түзүмүн жүзөгө келтирүү үчүн аракет кылууңар важиб. Себеби, Халифалык  – Аллахтын уруксаты менен – өлкө бүтүндүгүн гана кайра тургузуп калбастан, аны башка исламий өлкөлөр менен бириктирүүгө да кудуреттүү, Үммөт потенциалын кайра тикелеп, байлыктарынан натыйжалуу пайдаланууга жана душманга көз каранды болуу арканын кесүүгө кудуреттүү. Халифалык муну ушул өкүмдөрдү колдонуу менен ишке ашырат:

  • Ислам мамлекетке жарандын иштерин камкордук менен башкарууну, алардын азык-түлүк жана башка негизги муктаждыктары кандырылышын кепилдөөнү фарз кылды, аларды кыйынчылыкка салуу же алдоону арам кылды:

«… مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ…»

«… (Аллахым) ким Үммөтүмдүн ишинен бирер нерсени башкарып, аларга кыйынчылык жеткирсе, Сен да ага кыйынчылык жеткиргин» (Сахихи Муслим);

  • Түштүк жерин исламий жер деп карап, тезинен мамлекеттин бийлиги астына кайтаруу. Мында акимдердин кыянатынын эч бир кыйматы жок;
  • Нефть жана нефть продукциялары жалпы мүлк катары каралып, ага жалпы мүлктүн өкүмдөрү колдонулат жана анын өзү же пайдасы мамлекет жарандарына бөлүштүрүлүп берилет;
  • Түрдүү айыл чарба долбоорлору боюнча иштеп чыгаруу мамилелерин кайра карап чыгуу, жерди аны иштеткен кишиге мүлк кылып берүү о.э. дыйкандарды суу жана мусулмандардын Байтулмалынан каражат менен камсыздоо;
  • Мамлекет жана анын мекемелери өнөр жай кирешелерин монополия кылынышына жол бербөө о.э. бардык мүлк жана бажкана салыктарын бекер кылуу;
  • Кафир Батыш мекемелери тарабынан зордоп тыгыштырылган программалар, мисалы, менчиктештирүү, айыл чарба жерлерин ири капиталисттик компанияларга жана айрым куфр мамлекеттерине мүлк кылып берүү сыяктууларды токтотуу. Анткени, бул жерлерден алына турган киреше катардагы инсандарга таптакыр тийбейт.

Булар Ислам өкүмдөрүнүн деңиздин бир тамчысы гана. Бул өкүмдөр Халифалык мамлекети саясында колдонулганда – Аллахтын уруксаты менен – адамдар иштерин камкордук менен башкарууга кудуреттүү. Ислам Үммөтү Расулуллах Aдын пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыктын кайра тикелениши жөнүндөгү куш кабарын жүзөгө чыгарып Ислам түзүмү жана өкүмдөрү астында жашоого карай кадам таштоодо.

«Албетте, мына ушул улуу бакыттын өзү. Мына ошондуктан амал кылуучулар амал кылып калышсын»                                                                                                             [37:60-61]

Хизбут-Тахрир                                                                                23робиул-аввал, 1435-х.

Судан вилаяты                                                                                          24январь, 2014м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here