Мисирдин расмий маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, полиция имаратынын жанында бомба жардырылгандан бир нече сааттан кийин убактылуу премьер-министр Хазем Беблавий тарабынан “мусулман агайындар”, жамааты “террордук” уюм деп жарыя кылынды.
Премьер-министрдин орунбасары Хосам Иса өкмөттүн жыйынынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында “Мисир Министрлер Кеңеши “Мусулман агайындар уюмун мамлекеттин ичкериси жана тышкарысында “террордук” уюм” деп жарыя кылды” деп кабар берди. “Мусулман агайындар” ишке ашырган кылмыштан бүтүндөй Мисир силкинди “, – деп айтты ал.
Учурда бул токтомго каршы мамлекеттин бир нече вилаяттарынын борборлорунда массалык демонстрациялар башталганына карабастан, “Мусулман агайындар” кыймылына кысым күчөгөнү айтылууда. Эӊ эле бери дегенде анын 16 мүчөсү камакка алынган.
Президент Хусни Мубарак доорунда тыюу салып коюлган “Мусулман агайындар” кыймылы Мисир ынкылабынан кийин мамлекетте эркин дем ала баштаган эле. Ал Мисир өкмөтүн колго алууга аракет кылып жатканда Мисир калкында үмүт ойгонду. Анткени, ушул жамааттан Мисир президенттигине талапкерлигин койгон Мухаммад Мурси: «Куран биздин контитуциябыз. Биз шарияттан башкасына ыраазы болбойбуз», – деп катуу сүйлөгөн эле. Сафват Хижазий Мухаммад элге кайрылып: «Мурсинин шарапаты менен биз Халифалык арзуусу ишке ашуусунун күбөсү болуудабыз жана калк Аллахтын шарияты колдонулушун каалайт», – деди.
Ошентип, “Мусулман агайындар” кыймылы көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болуп, парламентте салмактуу орунду ээледи. Ал тургай, “Мусулман агайындар” кыймылынын атынан чыккан талапкер Мухаммад Мурси президенттик шайлоодо жеӊишке жетишти.
А бирок, Мурси шариятты тилге алганы менен, а бирок “Мусулман агайындар” кыймылы Халифалыкты эмес, демократияны алдыга койгон кыймыл болгондуктан АКШ жана Батыш мамлекеттери ага кеӊири жол ачып берди. “Мусулман агайындар” кыймылынын жетекчилери жарандык мамлекетине жана демократияга чакырууну бийликке келүүдөн мурда эле баштап жиберишкен болчу.
“Мусулман агайындар” кыймылына таандык болгон Мухаммад Мурси ачык эле: «Жамаат Мисирде Исламий шариятты мажбурлап киргизүүгө аракет кылбайт. Мекенчилдик пикири шарияттан үстөм, ал бардык мисирликтерди бириктирет», – деди.
Мурсиден бардыгына белгилүү болгон шаръий өкүм т.а. мас кылуучу ичимдиктин арамдыгы жөнүндө сурашканда, ал «бул нерсени парламент белгилейт» деп жооп берди. Бул билдирүүлөрдү Америка ошол замат мактоого алды. Американын Каирдеги элчиси Маргарет Скоби ачык эле: «АКШ Мисир калкы тандаган демократиялык өкмөттү – ырасында ал эркиндиктерди колдоп-кубаттап жаткан соӊ, эркек жана аял укуктарын бирдей урмат кылып жаткан соӊ – колдоп-кубаттайт», – деп айтты.
Түпкүлүгүндө, Мурсинин эмне кылып жатканын көрүп турган “Мусулман агайындар” жамааты да, мисирлик мусулмандар да аны мындан кайтарышы жана Исламды колдонбогону үчүн аны эсеп-китеп кылышы важиб эле. Аллах, Расулу жана момундарды дос тутуунун ордуна, Америка менен достошуп жатканы себептүү Мурсиден жүз үйрүшү жана мусулмандардын кудурет жана улуулугун кайрадан алып бере турган, бир халифа шайлоо үчүн аракет кылуусу шарт эле. Бирок, алар андай кылышпады.
Ошондой болсо да алар бул жаатта бирер утушка ээ болушпады. Ушул жылдын 3-июлунда президент Мурси президенттиктен кулатылды. Буга наараазы болгондор аёосуз кыргын кылынды. Мына бүгүнкү күнгө келип алар “террордук” уюм деп жарыя кылынды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри мисирдик кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү маалында 16 кишининин өлүмүнө жана 100дөн ашык кишинин жарадар болушуна себеп болгон жардырууну сынга алып, “Мусулман агайындар” кыймылынын “террордук” уюм деп жарыя кылынышына тынчсызданып жаткандыгын билдирди.
Ушул жерде бир суроо пайда болот: Хусни Мубарак кулагандан кийин “Мусулман агайындар” кыймылын ачык эле колдоп келген АКШ өкмөтү эмне үчүн генерал Ас-Сиси башчылыгындагы аскерий төӊкөрүшкө уруксат берди. Эмне үчүн “террордук” уюм деп жарыя кылынып, мүчөлөрү камакка алынып жаткан бир убакта болгону тынчсызданып жатканын билдирүү менен гана чектелүүдө?
Бул суроонун жообу сиздерге калды. Пикир жана комментарийлерди күтүп калабыз.
Киямуддин
27/12/2013